Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үстүнөн көзөмөлүнүн алкактары же ЖӨБ органдарын системасыз текшерүүлөргө ЖОК дейли!

2015-03-16 / Көңүл чордонунда
Мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үстүнөн көзөмөлүнүн алкактары же ЖӨБ органдарын системасыз текшерүүлөргө ЖОК дейли!

Текшерүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн кадимки эле балээге айланды. Жылдан жылга, жыйындан жыйынга, улам алмашып жаткан өкмөткө жана өзгөрүлбөс саясатчыларга текшерүүлөрдөн жүдөгөн элеттик муниципалитеттердин башчылары бул процессти кандай болсо да тартипке салып берүүнү суранып келатышат. Мамлекет бизнес чөйрөсүн текшерүүлөрдөн жана контролдук органдардан арылтып бергенден тарта мамлекеттин контролдук системасынын болгон күч-кубаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башына түштү. Анткени алардан башка текшере тургандай ким калды? ЖӨБ органдары чыгарып жаткан актыларды жана жазма эскертүүлөрдү контролдук органдар миңдеген,атүгүл он миңдеген жолу текшерүүдө. Мындай иштин экономикалык таасирин эч ким деле талдаган жок. Бирок бир караган кишиге келтирилген зыяндын реалдуу ордун толуктоого караганда мамлекеттин ушундай активдүү иш-аракетине көбүрөөк каражат кетип жаткандай көрүнөт.

Акыры жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үнүн эмес, оңтоосун уккан Жогорку Кеңеш бул көйгөйдү мыйзамдык жолдор менен чечүүгө бел байлады. 2015-жылдын 10-мартында эки парламенттик комитет – Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети биргелешкен отурум өткөрүштү. Отурум жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү оптималдаштыруу боюнча чараларга арналды. “Муниципалитет” журналы депутат К.БОКОЕВдин баяндамасынын текстин сунуштайт. Ошондой эле эки комитеттин биргелешкен отурумунда кабыл алынган чечимди жарыялайт. Анын аткарылышы тууралуу биз сиздерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине үзгүлтүксүз кабарлап турабыз. Бизди текшерсеңиз да болот.
 
“М” журналынын редакциясы
 
Дээрлик ар бир жолугушуубузда ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү контролдук-көзөмөл мамлекеттик органдары тарабынан системага салынбаган,башаламан, көп учурда эч жүйөсүз текшерүү процесси жүргүзүлөрүн айтып, даттанып келишет. Текшерүүлөр өтө көп болуп, бирин бири кайталарын,так жол-жоболордун жана регламенттердин жоктугун,текшерүүлөрдүн мөөнөтү аныкталбаганын, ошондой эле ак ниет эмес текшерүүчүлөр тарабынан кыянат пайдалануу болуп жатканын белгилешет.Бул маселе актуалдуу экени шексиз. Бүгүн мен биздин өлкөдө ушундай көйгөйдүн пайда болуусунун негизги себептерине токтолуп, аны чечүү боюнча өз сунуштарым менен бөлүшкүм келип турат.ЖӨБ органдарын текшерүүдө башаламан системага бүгүнкү күндө өзгөчө көңүл буруу керектиги талашсыз. ЖӨБ органдарын текшерүүнү өркүндөтүү,тартипке салуу жана мыйзамдар менен жөнгө салуу зарылчылыгы бышып жетилди. Болбосо бул башаламан системанын кесепеттери барган сайын курч терс мүнөзгө айланып баратат.Менин баамымда, ЖӨБ органдарын текшерүүнү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү көкөйгө тийген көйгөйлөрдүн негизги себеби төмөнкү факторлор менен шартталган:
 
  • ЖӨБ органдарында текшерүү жүргүзүүнүн мыйзамдар менен регламенттештирилген бирдиктүү тартиптин жоктугу;
  • ЖӨБ органдарынын функциялар жана ыйгарым укуктар чөйрөсүнүн жүйөсүз кеңейтилиши;
  • мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ортосунда мыйзамдарды бузууну болтурбоо боюнча алдын алуу чараларын көрүүгө багытталган тыгыз өз ара аракеттин жоктугу;
  • ЖӨБ органдарынын кадрдык курамынын дараметинин чабалдыгы. Бул факторлорго кененирээк токтололу.
ЖӨБ органдарында текшерүү  жргүзүүнүн мыйзамдар менен регламенттештирилген бирдиктүү тартиптин жоктугу
 
ЖӨБ органдарында текшерүү жүргүзүүнүн мыйзамдар менен регламенттештирилген бирдиктүү тартиптин жоктугу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу контролдук көзөмөл органдарынын административдик басымынан азап тартпаш керек. Кээ бир учурларда “кожо көрсүн үчүн” дегендей формалдуу өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жана суроо-талаптардын ашыкча көп болушу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин бир кыйла кыйындатууда. Өзүнүн түз милдеттерин аткаргандын ордуна муниципалитеттердин кызматкерлери убактысынын басымдуу бөлүгүн текшерүүчү органдарга, кайрылууларга жана суроо-талаптарга жооп даярдоого, анын ичинде маморгандардын райондук жана облустук мекемелерине барып келүүгө коротуп жатышат.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине ашкере көңүлдү төмөнкү мамлекеттик органдар бурууда:
 
  • прокуратура;
  • КР Эсептөө палатасы;
  • Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррпуцияга каршы кызматы;
  • ички иштер органдарыКР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы);
  • КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
  • КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;райондук мамлекеттик администрация жана башкалар.
Албетте контролдук-көзөмөл органдары өтө маанилүү функцияны аткарып жатканын жана өзгөчө сөз жарандардын өмүрү, саламаттыгы жана коопсуздугу тууралуу жүрсө, алар өзүнүн функцияларын туруктуу жана сапаттуу аткарууга милдеттүү болгонун унутпашыбыз керек. Бирок контролдук ишмердик ЖӨБ органдарынын ишин токтотпош керек. Далай ирет сандык көрсөткүчтөргө жана айып санкцияларын колдонууга багытталган формалдуу мамиле дайыма эле натыйжалуу ыкма болуп эсептелбейт жана негизгиси муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга алып келе бербейт.
 
Иш жүзүндө мамлекеттик органдардын бир катар өкүлдөрү ЖӨБ органдарын бир маалда же ортодо бир аз тыныгуудан соң кезек-кезеги менен текшерген учурлар да болуп келет. Албетте мындай кырдаалдын түзүлгөнү текшерүүчү органдар менен ЖӨБ органдарынын, ошондой эле контролдук-көзөмөл органдарынын өздөрүнүн ортосунда өз ара аракеттин бирдиктүү жана түшүнүктүү эрежелеринин болбогонунан кабар берет. Бул нерсе муниципалитеттерге карата текшерүүлөр түрдүү тармактык мыйзамдар жана ведомстволук актылар менен жөнгө салынганынан, алар өз ара бири-бири менен эч координацияланбаганынан болуп жатат.Тез болуп турчу текшерүүлөр атүгүл кадр маселелерине да таасирин тийгизип, муниципалитеттин башчыларын отставкага кетүүгө мажбурлоодо.Мындай кырдаал муниципалитеттердеги кадрлардын бир орунда кармалбай жатышына себеп болгонун айтпасак да түшүнүктүү.
 
ЖӨБ органдарын текшерүүлөр канчалык майнаптуу, алардан кийин оң өзгөрүүлөр болуп жатабы, алдын алуу чараларын караштырабы, мыйзамдарды бузууну болтурбайбы, же бул текшерүүлөр мамлекеттик органдар “баш көтөрбөй иштеп жатат”деген элести калыптандырыш үчүн гана жүргүзүлүп жатабы – мына ушуга терең анализ жасалып, кырдаалды жакшылап түшүнүү керек. Коррупцияга карата дүйнө жүзүндө “алтын эреже” бар – коррупция менен күрөшкө кеткен чыгашалардын баасы ал келтирген экономикалык зыяндан ашпаганда гана коррупция менен күрөшүүгө болот. Бул эреже текшерүүлөргө да тиешелүү. Текшерүүлөрдөн кийинки экономикалык эффект ошол текшерүүлөргө кеткен чыгашалардан жогору болсо гана аларды жүргүзүү максатка ылайыктуу болот. Эч ким мамлекеттин ЖӨБ органдарына жүргүзгөн контролдук-көзөмөл ишинен кийинки экономикалык эффектти санап көргөн эмес. Бирок өлкө боюнча күн сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын “казып” жаткан жүздөгөн текшерүүчүлөргө мамлекеттик каражатты куру бекер коротуп жатабызбы же жокпу – муну түшүнүү үчүн эсептеп чыгуу керек. Бул маселе КР Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга КРны Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 2,5-пунктунда ачык чагылдырылган: “Бүгүнкү күндө укук коргоо жана укук колдонуу системасынын абалы коррупцияга каршы турууга жөндөмсүз экендигин айгинелейт, анткени өзүлөрү дагы эле болсо коррупциянын субъектиси болуп саналат.
 
Ошону менен укук коргоо органдарынын жана атайын органдардын ыкмалары жана каражаттары менен гана коррупцияга каршы күрөшүү – бул мындай социалдык илдетти пайда кылуучу себептер менен эмес, анын кесепеттери менен гана күрөшүүнү билдирип калат”.Иш жүзүндө акыркы жылдары ишкерчилик субъекттери системага салынбаган текшерүүлөрдөн мыйзамдар менен корголгондон кийин ЖӨБ органдарын текшерүүлөрдүн саны эки эсе өстү.Айталы, 2007-жылдын 25-майындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы күчүнө киргенден кийин ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдүн саны бир кыйла азайган. Анткени жогоруда аталган мыйзам ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн так эрежелерин белгилеп, атүгүл ишкердиктин субъекттерин текшерүүгө ыйгарым укуктуу маморгандардын толук тизмегин аныктаган.
 
Мындан тышкары ишкердиктин субъекттерин текшерүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу маморгандардын чөйрөсү КР Конституциясынын 2010-жылдын 27-июнундагы жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен да кыскартылган. Эгерде мурда прокуратура органдары менчик формасына карабастан бардык субъекттердин мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бир түрдүү аткаруусуна көзөмөлдү жүзөгө ашырып келсе, КР Конституциясынын жаңы редакциясы прокуратура органдарына төмөнкүлөрдүн гана мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарып жатышын көзөмөлдөөгө уруксат берет:
 
  •  аткаруу бийлигинин органдарынын,
  • ЖӨБ органдарынын,
  •  жана алардын кызмат адамдарынын.

КР Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык, ишкердиктин субъекттери көзөмөл органдарынын контролунан чыгарылды. Анткен менен иш жүзүндө башка “буталар” пайда болду, контролдук-көзөмөлдөөчү органдар назарын башка тарапка буруп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын дагы да жигердүү текшере башташты, б.а., болгон күчүн ЖӨБ органдарына ташташты. Мисалы, райондук прокурорлордун көңүл чордонунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар гана кала берүүдө. Тагыраак айтканда, акимиат аппараты, мамлекеттик органдардын 5-6 аймактык бөлүмчөлөрү жана негизинен ошол райондо жайгашкан 8ден 15ке чейинки ЖӨБ органы.

Мен ЖӨБ органдарынын ишине көзөмөлдү алып салууну сунуштаган жокмун. Анткен менен ошол көзөмөлдүн ыкмаларын так системага салып, тартипке келтирүүнү сунуштайм. Менин баамымда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу базалык мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү керек, же “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы сымал ЖӨБ органдарына текшерүүлөрдү жүргүзүүнү тартипке салган өзүнчө мыйзам иштеп чыгуу зарыл.Жаңы мыйзамда ЖӨБ органдарына текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу контролдуккөзөмөл органдарынын толук тизмегин аныктап алуу менен, текшерүүлөрдүн жыйынтыгына даттануу механизмдери менен пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүнө жана тартибине талаптар так белгилениш керек.
 
ЖӨБ органдарынын функциялар жана ыйгарым укуктар чөйрөсүнүн жүйөсүз кеӊейиши
 
Сиздердин көңүлүңүздөрдү башка, дагы бир маанилүү маселеге бургум келип турат. Бул – ушул тапта ЖӨБ органдары аткарып жаткан функциялардын жана ыйгарым укуктардын саны. Аларды төрт негизги топко бөлсө болот. Алар:
 
  • ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктары;
  • ЖӨБ органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктары;
  • ЖӨБ органдарынын мамлекеттик программаларды ишке ашырууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктары;
  • ЖӨБ органдарынын тармактык мыйзамдарды аткарууда мамлекеттик органдардын айрым буйруктарын аткаруу боюнча ыйгарым укуктары.Эгерде каалаган министрлик өзүнүн гана тармагына тиешелүү тармактык мыйзамдар менен так белгиленген ишин жүзөгө ашырып келсе, ЖӨБ органдары ар бир министрликтин, мамлекеттик агенттиктин же кызматтын иши менен байланышта болуп, өзүнүн да, тармактык мыйзамдарда ЖӨБ органдарына да бекитилген мамлекеттик органдардын да функцияларын жүзөгө ашырууга мажбур.
Мына ушинтип ЖӨБ органдарынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын чөйрөсүнүн мыйзамдар менен жүйөсүз кеңейтилиши албетте ЖӨБ органдары башынан өткөрүп жаткан көптөгөн текшерүүлөрдүн негизги себеби болуп калууда.Ошондуктан өз функцияларын да, көп сандагы мамлекеттик ыйгарым укуктарды да аткаргандын айынан ЖӨБ органдары түрдүү контролдук-көзөмөл органдары тарабынан дайыма текшерүүнүн объектиси болуп келатат.
 
Ушундан улам мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүү процессин тездетүү зарыл деп эсептейм. Ошондой эле мүмкүнчүлүк болоор замат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ЖӨБ органдарына текшерүүнү жүзөгө ашыра турган негизги жоболордун тизмегин мыйзамдарга киргизүү зарыл.Мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ортосунда мыйзамдарды болтурбоо боюнча алдын алуу чараларын көрүүгө багытталган тыгыз өз ара аракеттин жоктугу;
 
ЖӨБ чөйрөсүндө мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүү резервдеринин бири болуп, ЖӨБ органдарынын контролдук-көзөмөл мамлекеттик органдары менен алдын алуу чараларын колдонууга багытталган тыгыз өз ара мамилеси эсептелет.ЖӨБ органдарынын контролдук-көзөмөл органдары менен биргелешкен алдын алуу ишчараларына багытталган тыгыз өз ара мамилеси ЖӨБ органдарынын иш чөйрөсүндө бузууларды гана аныктабастан, аларды келечекте болтурбоо үчүн шарттарды да түзөт.
 
Акыркы 20 жылда ЖӨБ чөйрөсүндө мыйзамдуулукту сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу чараларын колдонууга багытталган ЖӨБ органдары менен конструктивдүү өз ара аракетти ишке ашыруу боюнча контролдук-көзөмөл органдары демилге көтөргөнүн бир да жолу көргөн жокмун деп толук жоопкерчилик менен айта алам. Бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн текшерүүлөр жергиликтүү бюджетте каражаттын жетишсиздиги, же квалификациялуу муниципалдык кадрлардын жоктугу өңдүү эле олуттуу маселелердин бири болуп калды. ЖӨБ органдарында өз шаарынын жана айылынын өнүгүүсүн камсыздоого, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга чын дилинен умтулган тажрыйбалуу жетекчилер жана муниципалдык кызматчылар аз эмес. Бирок, тилекке каршы, алар көзөмөлдөөчү жана текшерүү органдардан түшүнгөн мамилени жана колдоону таба албай келишет.
 
Контролдук-көзөмөл органдарынын ЖӨБ органдары менен өз ара аракетинин негизги максаты мыйзамдарды бузууну болтурбоо жана текшерүүчү менен текшерилип жаткан органдар ортосунда конструктивдүү диалогду орнотуу болуш керек. Мындай мамиле түзүлгөн учурда ЖӨБ органдары ачык, конструктивдүү жана эки тараптуу диалог форматында мыйзамдарда бузуулардын пайда болуусуна көмөктөшкөн бардык тараптарды жана факторлорду талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок, ишенимге негизделген мамилелер калыптанмак, мыйзамдардын айрым нормалары боюнча кеп-кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү пайда болмок.
 
Өз ара аракеттин мындай формалары текшерүүчү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн да пайда алып келмек. Алар мыйзамдардагы кемчиликтер, тигил же бул нормалардын эки башка чечмелениши тууралуу, мыйзамдарды бузуунун себептерине байланыштуу башка маалыматка ээ болмок. Эң негизгиси контролдук-көзөмөлдөөчү органдардан “жазалоочу орган” деген ярлык алынмак.Албетте, идеалында мамлекеттик органдардын алдын алуу чараларын колдонуу, конструктивдүү өнөктөштүк мамилелерди куруу зарылчылыгын түшүнүүсү ЖӨБ органдарынын мыйзамдарды сактоосуна жардам берип, мыйзам бузуулардын санын азайтмак. Тилекке каршы чындыгында контролдоочу-көзөмөл органдары ЖӨБ органдары менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө умтулбайт. Балким алар башка максатты көздөп, же
жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен ишти мыйзам бузуулардын саны үчүн жарышка айландырып, сандык көрсөткүчкө гана умтулуп калышы мүмкүн.
 
Менин ишенимимде, мындай учурда мамлекеттик саясат биринчи кезекте ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды болтурбоого, алдын алууга багытталыш керек. Тескерисинче болбоого тийиш. Жөн гана контролдук-көзөмөл ишин тартипке келтирип койбостон, эң негизгиси текшерүүчү органдарды алдын алуу чараларын колдонууга жана жеринде кырдаалды жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашырууга багытташ керек. Контролдуккөзөмөл органдарынын ишин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн, берилген жазма эскертүүлөрдүн эжана укук бузууларга, кылмыштарга байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин сандык көрсөткүчү боюнча баалоо практикасынан кетишибиз керек.ЖЁБ органдарынын кадрдык курамынын дараметинин чабалдыгы ЖӨБ органдары өз дараметинин чабалдыгынан мыйзамдарды бузган болушу мүмкүн экенин танбайм. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү текшерүүчүлөрдүн укуктарын жана милдеттенмелерин толук өлчөмдө биле бербейт, бирок буга умтулбайт дагы. Текшерүү жүргүзүүгө укукту тастыктаган зарыл документтерди көрсөтүү тууралуу мыйзамдуу талаптар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүндө негизсиз терс реакцияны пайда кылат.
 
Атүгүл текшерүү процесси бир тараптуу өтүп жаткандай көрүнөт. Мында текшерүүчү тарап текшерилип жаткан кызмат адамына же органга карата көбүрөөк укукка ээ. Текшерүүчүлөр муниципалдык кызматчыны моралдык жана психологиялык жактан кысымга алгандай өңдүү туруктуу тенденция бар. Укуктарды жана милдеттенмелерди, ченемдик укуктук актыларды билүү үстөмдүк кылуучу фактор болуп эсептелбейт, ал эми кээ бир учурларда текшерилип жаткан адамдын абалын кыйындатып, этиканы бузуу, документтерди жасап коюу,коррупция, сатып алуу өңдүү өз ара аракеттин терс өнүмдөрүн да пайда кылат.Текшерүү жүргүзүү маалында мүнөздүү болгон кыйынчылыктарга муниципалдык кызматчылар төмөнкүдөй эки олуттуу факторду кошушат:
 
  • айрым текшерүүчүлөрдүн мамлекеттик кызматчынын этикалык нормаларын бузушу. Бул болсо мыйзамсыз талаптар менен билинет: текшерүүчү муниципалитетте жүргөндө транспорт, тамактануу менен камсыздоону, башка чыгашаларды талап кылат. Ошондой эле мыйзамдык укуктарынан аша чаап, кыянаттык менен пайдалангысы келет – басым жасоо жана опузалоо аракеттери;
  • текшерүүлөргө мөөнөттүн жана убакыттын рационалдуу эмес, натыйжасыз бөлүнүшү, бул болсо муниципалдык кызматчынын иш убактысын негизсиз коротууга алып келет.
Өз кезегинде текшерүүчү органдын өкүлдөрү да текшерүү жүргүзгөн учурда төмөнкүдөй кыйынчылыктарга кабыларын белгилешет:
 
  • ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин аларга жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды түшүнбөгөнү жана аткарбаганы;
  • мыйзамдарды, КРнын башка ченемдик укуктук актыларды билбегени;
  • ЖӨБ органдарында квалификациялуу адистердин жетишсиздини;
  • текшерүүчү органдар менен кызматташууга көңүл жоктугу (жетекчилердин жолугушуудан качышы, ЖӨБ орган кызматкеринин бош эместиги);
  • мисалы, текшерилип жаткандын чакыруу кагазын көрмөксөнгө салышы ж.б.
Текшерүүлөрдү жүргүзүү маалында жана жыйынтыктарды макулдашкан чакта талаштардын жана жаңжалдардын чечилиши булардын көбү мыйзамдык укуктарды жана мыйзамдарда бекитилген нормаларды колдонбостон жеринде эле
чечилип жатканын ырастайт. Бул болсо өзүн-өзү сактоо, текшерүүчү орган менен мамилени бузбоо принциби иштеп жатканынан кабар берет. Анткени бул келечекте терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Текшерүүнүн натыйжаларын жокко чыгарган же ага макул болбогон мисалдар иш жүзүндө өтө аз.
 
Муниципалдык кызматчынын төмөн квалификациясы жана ченемдик укуктук актыны начар билгени, муниципалдык кызматчынын жана ЖӨБ орган жетекчисинин дараметин жогорулатуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жетиштүү көңүл бурулбаганы бул кырдаалды тереңдетип жатат. Жөнгө салуучу укуктардын жана милдеттенмелердин нормаларын билбестик жана колдоно албоо натыйжада айрым бир мамлекеттик кызматчылардын текшерүүлөр маалында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана өз кызыкчылыктарын издей башташына, мамлекеттик кызыкчылыктарды өзүнүкүнө алмаштырып коюушуна алып келет. Чындыкты айтууга жана түзүлгөн кырдаалды өзгөртүүгө убакыт жетти. М

 

Окшош материалы: