Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2014-жылдын жыйынтыктары. Муниципалитеттер жакшы жагына өзгөргүсү келет

2015-01-19 / Көңүл чордонунда
2014-жылдын жыйынтыктары. Муниципалитеттер жакшы жагына өзгөргүсү келет

КР Улуттук стратегиялык изилдөөлөр инсти- тутунун (УСИИ) маалыматы боюнча, өткөн жыл Кыргызстан үчүн жеңил болбосо да, окуялар жана жыйынтыктар боюнча алып караганда туруктуу жана позитивдүү болду. Муну бир топ эл ара- лык рейтингдер боюнча жакшы жагына өзгөргөн көрсөткүчтөр ырастап турат. Экономикадагы оң өзгөрүүлөр Базар рефор- маларынын натыйжалуулук индексинде, финансы базарынын өнүгүүсү боюнча глобалдык атаан- даштыкка жөндөмдүүлүктө (Doing business) чагылдырылды.

 
КР Улуттук стратегиялык изилдөөлөр инсти-тутунун (УСИИ) маалыматы боюнча, өткөн жыл Кыргызстан үчүн жеңил болбосо да, окуялар жана жыйынтыктар боюнча алып караганда туруктуу жана позитивдүү болду. Муну бир топ эл ара-
лык рейтингдер боюнча жакшы жагына өзгөргөн көрсөткүчтөр ырастап турат. Экономикадагы оң өзгөрүүлөр Базар реформаларынын натыйжалуулук индексинде, финансы базарынын өнүгүүсү боюнча глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктө (Doing business) чагылдырылды. Бул жерде өлкөнүн позициясы ондогон баллдарга жакшырган. Белгилей кетчү жагдай, бул дүйнө жүзү боюнча ыктымал инвесторлор ишеним арткан көз карандысыз, чет элдик эксперттик уюмдардын баасы. Ошондуктан мында кандайдыр бир субъектизм жөнүндө сөз да болбойт. Өлкөнүн өнүгүүсүндөгү оң динамика көбүнесе мамлекеттик секторду реформалоо боюнча Жол картасын кадам-кадамы менен ишке ашыруунун натыйжасында мүмкүн болду. Бул документте алдыга коюлган милдеттерди аткаруу кайсы бир деңгээлинде 2014-жылы өкмөттүн жана анын бардык структураларынын көз көрүнгөн көрсөткүчү болуп эсептелет. Мамсекторду реформалоонун стратегиялык компоненттери коомдун турмушундагы маанилүү делген чөйрөлөрүнө тиешелүү. Алар: коррупция менен күрөш, кыргызстандыктар көптөн бери та-лап кылып келген адилеттүү сот акыйкаттыгын орнотуу, мамлекеттик финансыны жана энергетика, пайдалуу кендерди казып алуу өңдүү өтө маанилүү тармактарды натыйжалуу башкаруу. Албетте министрликтерде жана ведомстволордо, ошондой эле аймактык органдарда башкаруу стилин өзгөртпөстөн бул көйгөйлөрдүн баарын чечүүмүмкүн эмес. Ошондуктан стратегиялык документтин маанилүү компоненттери болуп мамлекеттик башкарууда жана мамкызматта жүргүзүлгөн реформалар эсептелет. Бул болсо муниципалитеттерди да кыйгап өтпөгөнүн белгилей кетүү зарыл.
 
Бул жумуш башталды. Биринчи баскычы – кыска мөөнөттүү чаралар – декабрдын соңунда жыйынтыкталды. Өкмөт Жол картасына камтылган 66 иш чаранын 28и аткарылганын маалымдады. Бул убакыт аралыгында жогорку аткаруу бийлиги республиканын экономикалык жана социалдык жашоосуна тиешелүү ондогон маанилүү документтерди демилгелеп чыкты. Алардын ичинен 18 ченемдик укуктук акт кабыл алынды. Финансы министрлиги түзгөн атайын порталды жана мамлекеттик сатып алууларды электрондук форматка өткөрүүнү өкмөттүн жетишкендиги катары белгилей кетсе болот. Маалым болгондой,буга чейин мамлекеттик сатып алууларды жайгаштыруу боюнча тендерлер жабык мүнөзгө ээ болуп келген. Курамына аткаминерлерден тышкары коммерциялык эмес уюмдардын жана ММКнын өкүлдөрү кирген комиссиялар бүтүмдөрдүн ачык-айкындуулугунун тегерегинде жүргөн ушак-айыңдарды жана күмөн саноолорду алып сала алган жок. Соода аянтчасына кызыкдар адамдардын гана эмес, ошону менен бирге бардык каалоочулардын да эркин кирип-чыгуусу, ошондой эле тооруктардын ачыктыгы жана айкындуулугу бул чөйрөдөгү күңүрт коррупциялык схемаларды көмүскөдөн чыгара алды. ӨСИ долбоорлору боюнча менеджер, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы адис Султан МАЙРАМБЕКОВдун баамында, порталдын пайда болушу менен сатып алуучу уюмдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн иши бир кыйла жеңилдеди. Сайттын бөлүмдөрүнөн жана түрмөктөрүнөн өтө көп пайдалуу маалыматтарды табууга болот. Бирок ошол эле кезде адис Финансы министрлиги тапшырма аткарылды деп отуруп калбашы керектигин, порталдын мындан ары да иши көп болорун айтат.
 
Республиканын бир топ муниципалитеттеринде интернетке жеткиликтүүлүккө байланыштуу көйгөйлөр бардык жол-жоболорду өз маалында аткаруу ишине бут тосууда, - дейт Султан МАЙРАМБЕКОВ.
 
Анын үстүнө портал менен иш алып бара турган тийиштүү адистер да жетишсиз. Айыл өкмөттүн кызматкерлери район борборуна барып, интернет-кафелердин кызматкерлеринен Финансы министрлигинин сайтына кирип, зарыл операцияларды жүргүзүп берүүнү өтүнүүгө мажбур болууда. Порталдын администратору материалдардын туура толтурулуп-толтурулбаганына көз салбай турганын белгилей кетким келет. Анткени айрым маалыматтар же документтер туура эмес чыгууда. Эксперт кеп-кеңеш алуу үчүн муниципалитеттердин IT-адистери менен байланышуусу да бир кыйла түйшүк жаратып жатканын белгилейт. Жеткирүүчүлөрдө да порталдын ишине байланыштуу дооматтар көп. Бул кемчиликтердин баары түшүнүктүү. Реформалар эч качан оңой ишке ашкан эмес. Анын кесиптеши, Өнүктүрүү саясат институтунун юридикалык маселелер боюнча эксперти Нурдин КҮМҮШБЕКОВ да ушундай эле пикирде.
 
Ошол эле кезде “Мамлекеттик сатып алуулар порталы” ар бир жаранга өткөрүлүп жаткан сынактар, тоорукка катышуу үчүн сатып алынчу товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.
Мисалы, сатып алуулардын ыктымал катышуучулары порталдан керектүү документтерди, ишмердиктин тийиштүү чөйрөлөрүндө өткөрүлүп жаткан тендерлер тууралуу маалымдаманы жеке электрондук дарегине алып, тооруктардын жүрүшүнө көз сала алат.
 
Порталда кезектеги финансы жылына карата мамлекеттик сатып алуулардын планы жана жол-жоболордун жыйынтыктары тууралуу отчеттор, табыштамаларды ачуу маалында түзүлгөнпротоколдордун көчүрмөлөрү жана бизнес үчүн маанилүү болгон башка маалыматтар жарыяланып турат. Нурдин КҮМҮШБЕКОВдун айтымында, электрондук тооруктар товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга кеткен бюджеттик чыгашаларды азайтууга, тооруктар боюнча бардык жол-жоболорду өткөрүүнүн өзүнө сарпталган чыгымдарды кыскартууга көмөктөшүп, адилеттүү атаандаштык үчүн шарттарды түзүүдө. Жогоруда айтылгандай, өткөн жылы өкмөт бир катар маанилүү ченемдик укуктук актыларды чыгарды. Республикадагы бюджеттик чөйрө боюнча алдыңкы эксперттердин бири Асылбек ЧЕКИРОВдун баамында, ошол документтердин ичинен эң керектүүсүнүн бири – Өкмөттүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги “КР аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн баалоо тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому эсептелет. Бул документ коом кайсы критерийлер боюнча аткаминерлердин ишине баа бериши керектигине тактык киргизет. Премьер-министр Жоомарт ОТОРБАЕВдин Дүйнөлүк банктын тобунун өкүлдөрү менен жолугушууда да бул тууралуу сөз козгогону кокустан болбосо керек. Ал инвесторлорго ар бир жетекчи, министр, район жана облус башчысы
жеке аракеттер планына ээ болгонун, анын кийин аткарылышына дыкаат анализ жүргүзүш керектигин айтты. Бул жылга ошондой эле тийиштүү пландар түзүлдү. Ага ылайык, жетекчилерге 776 конкреттүү тапшырма берилди. Ар бир министр же аким өз кезегинде кызматкерлери үчүн тапшырма берүүнүн ушул өңдүү системасын түзөт. Жоопкерчиликтин мына ушинтип түзүлгөн схемасы ар бир мамкатчынын ишин баалоого жол ачат. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдын жарык көрүүсүн бир топ эксперттер зарыл жана маанилүү деп баалашты. Өнүктүрүү саясат институтунун башчысы Надежда ДОБРЕЦОВАнын ишениминде, бул маселеде алга карай чоң кадам таштал-
ды.
 
- Реестрди жана стандарттарды киргизүү менен кызматтарды көрсөтүүгө буйрутмачы катары жаран менен аткаруучу катары мамлекеттин ортосундагы өз ара мамилелер жөнгө салынат. Салыштырмалуу кыска убакыт аралыгында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулап, алардын керектөөчүсү – жарандардын укуктарын коргоо күчтөндүрүлөт деп күтсө болот, - деди ДОБРЕЦОВА. – Буга стандартташтыруу көмөкчү болот. Бирок муну менен катар бир эле учурда укуктарды көзөмөлдөө жана коргоо институттарынын түптөлүшүнө карата аракеттер көрүлүш керек. Бирок жалпысынан кадам, болгондо да алга карай чоң кадам жасалганын кайталап өтөйүн. Анткен менен Надежда Николаевнанын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө карата мындай оптимисттик маанайы байкалбайт. Анын баамында, натыйжада реестрге кирген кызмат көрсөтүүлөрдү ушундай деп атоо оор. “Күнүмдүк турмушту алып караганда, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр – бул коммуналдык маселелер: суу, жолдор, таштанды ж.б. Бирок бул маселелердин баары реестрге кирбей калды! Ага маалыматтык-маалымдама кызмат көрсөтүүлөр, кызмат көрсөтүү деп айтууга ооз барбай турган жер маселелери жана көрүстөндөр кирди. Булар көбүрөөк жарандык-укуктук мамилелерге жакын”.
-
Менин жеке пикирим: мамлекет кайрадан эле оор темадан “секирип түшүп”, бул өтө татаал, финансылык жактан оор маселени жарандарга жана жарым-жартылай муниципалитеттерге таштап койду. Бирок чынында адамдар үчүн маалымдамаларга караганда дал ушул коммуналдык маселелер маанилүү! Дал ошолор жашоо шартын калыптандырат эмеспи! Жеке баамымда, керектөөчүлөрдүн стандарттары жана укуктары үчүн өзүнө жоопкерчилик албаш үчүн бул маселелердин мыйзам тарабынан жөнгө салынуусунан атайын алып салышты. Бул кымбат, жооптуу жана техникалык жактан татаал. Бирок муну баары бир жасаш керек да! – деп көкөйгө тийген, бирок бул жолу да бийликтин көңүл сыртында кала берген көйгөй тууралуу өз көз карашын ачык жана эмоционалдуу түрдө билдирди Надежда ДОБРЕЦОВА.
Анын пикирине коомдук уюмдардын эксперттери гана эмес, ЖӨБ органдары да кошулат. Реестрде коммуналдык чөйрө үчүн орун табылбай калганы укуктарга толук кандуу стандарттардын, көзөмөлдүн жана коргоонун болбой калышына алып келет деп кооптонушат алар.Түрдүү тармактардагы адистердин, эксперттик жамааттын, жарандык сектордун өкүлдөрүнүн өкмөттүн аракеттерине жана кадамдарына кылдаат жана чоң кызыгуу менен байкоо салышы, аларга сын
пикирлери, сунуштары менен жардам берип жатышы өлкөдө реформалар ордунан жылганынан жана аларга ишеним артканынан кабар берет. 2015-жылы Жол картасында орто тездиктеги чараларды ишке ашыруу жылы катары белгиленген экинчи баскыч башталды. 

Окшош материалы: