Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунда тажрыйба алмашуу боюнча сапар: Кеңештер бекемдөөдө, ЖӨБнын жумуштары жана кызмат көрсөтүүлөрү ачык- айкын болууда

2014-12-22 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Ысык-Көл облусунда тажрыйба алмашуу боюнча сапар: Кеңештер бекемдөөдө, ЖӨБнын жумуштары жана кызмат көрсөтүүлөрү ачык- айкын болууда

2014-жылдын соңунда ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Ысык-Көл облусунун 24 айылдык аймагынын жооптуу катчылары жана айылдык кеңештеринин төрагалары үчүн окуу сапарын уюштурду. Сапардын максаты – жарандарды бюджеттик процесскежана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу практикасын үйрөнүү, Ысык-Көл облусунун айылдык аймактарында айылдык кеңештин, айыл өкмөттүн жана жергиликтүү жамааттын өз ара аракеттенүү системасын өздөштүрүү. Жөнөкөй тил менен айтканда, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жергиликтүү маанидеги татаал маселелерди чечүүдө, мисалы, инвестицияларды тартуу, таштанды чыгаруу жана жыйноо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда аткаруучу орган, жергиликтүү кеңеш жана калк кантип өз ара аракеттене алаарын жана аны ишке ашырыш керектигин көрсөтүүгө аракет жасады. Баары болуп сапарга 60тан ашуун адам катышты: айылдык кеңештердин төрагалары жана айыл өкмөттүн жооптуу катчылары, облустук жана райондук ММКнын өкүлдөрү, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери.

Кара-Жал айылдык аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

Айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердиги тажрыйба алмашуунун өзөктүк темасы болуп калды. Тагыраак айтканда, Кара-Жал айылдык кеңешинин регламентинин жаңы редакциясы боюнча ачык сессияны өткөрүүгө карата, ал туруктуу комиссиялардын бүтүмдөрүн даярдоо жана берүү.

Кара-Жал айылдык кеңешинин сессиясына он бир депутатынын тогузу, жергиликтүү жамааттын 25 өкүлү, айыл өкмөт аппаратынын 8 кызматкери катышты. Сессияда төмөнкүдөй маселелер каралды: башчынын 2014-жыл ичинде инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча маалыматы; айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча программасы. Биринчи маселе боюнча сөз сүйлөп жатып, айыл өкмөт башчысы Өмүрбек ТАМАЕВ жалпы суммасы 17 миллион сомду түзгөн инвестициялыкжана гранттык алты долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары тууралуу айтып берди:

  •  Тегизчил айылындагы узундугу 1,7 км болгон ички жолдор оңдолду;
  •  Тегизчил айылында ФАПтын имаратынын капиталдык ремонту жүрүп жатат;
  •  Тегизчил айылында бала бакчанын курулушу башталды;
  •  Жаңы-Арык айылында “Айбанаттар фермасы” насос станциясы тартипке келтирилип, оңдолду;
  •  көчөттөр отургузулду;
  •  Тегизчил айылында жаштар борбору ачылды.

Бюджет, социалдык маселелер жана муниципалдык менчик; жер маселелери, мал чарбачылыгы жана экология боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын баяндамалары сессиянын маанилүү учуру болуп калды. Бул баяндамалар жөн гана курулай сөз болгон жок, объекттерди изилдеп чыккандын негизинде даярдалган бүтүмдөр болду. Ошондуктан ал бүтүмдөр долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжаларын так чагылдырган жана конкреттүү кемчиликтерди көрсөтө алган.

Мисалы, жолдордун айрым бир бөлүгүнө асфальт сапаттуу төшөлбөй калган; насос станциясында эски насостор орнотулган; ФАПтын ремонту толук өлчөмдө жүрбөй жатат. Башчы депутаттардын суроолоруна жооп берип, ошол кемчиликтерди жоюунун жолдорун биргелешип издешкен. Мисалы, насос станциясы жазгы талаа иштерине сугат сууну камсыздай алабы деген суроого айыл өкмөт башчысы насосторду алмаштыруунун мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатканын айткан; жолдорго асфальт төшөөгө жана ФАПтын ремонтуна байланыштуу суроого кемчиликтер жоюлбаса, жумуштар аткарылды деп кабыл албай турганын айткан. Депутаттардын көңүлүн инвестициялардын булактары бурду.

Көрсө долбоорлордун көбү Ысык-Көлдү Өнүктүрүү фонду (мындан ары – ЫКӨФ) тарабынан каржыланган экен. Бирок Аталган фондго гана үмүт арта берүү туура эмес, инвестициялык долбоорлорду каржылоонун жаңы булактарын издеш керек. Мындан тышкары депутаттар жана жамааттын өкүлдөрү дээрлик бардык долбоорлор Тегизчил айылында ишке ашырылып жатканына, Жаңы-Арык айылында көптөгөн көйгөйлөр чечилбеген бойдон калып жатканына, аны менен бирге капиталдык ремонтко ири каражатты талап кылган эски мектеп бар экенине башчынын көңүлүн бурушту. 

Эки туруктуу комиссиянын бүтүмүн добуш берүүгө коюп, айылдык кеңештин депутаттары сессияда айтылган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эсепке алуу менен аларды бир добуштан бекитишти. Жалпысынан айыл өкмөт башчынын 2014-жыл үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча иштердин жыйынтыктары тууралуу маалыматы кабыл алынып, аталган кемчиликтерди четтетүү сунушу берилди.

Сессиянын экинчи бөлүгү – 2015-2017-жылдарга инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча программанын долбоорун талкуулоо жемиштүү болду. Муниципалитет Р-3 каналдарын тазалоого, көчөлөрдү жарыктандырууга, жасалма жол менен уруктандыруу пунктун ачууга, жер семирткичтер фондун түзүүгө, балык чарбачылыгын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартууну пландады. Бюджет, социалдык маселелер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссия пландын долбоорун окуп чыгып, маанилүү жана маңыздуу сунуштарды берди:

  • Жасалма уруктандыруу пункттарын ачуу боюнча: мындай пунктту кайрадан ачуудан
  • Мурда буга чейин ПРООНдун долбоорунун алкагында сатып алынган колдогу жабдуу эмне үчүн иштебей калганын аныктоо керек;
  • Планга Жаңы-Арык айылындагы жаңы мектептин курулушун кошуу;
  • Планга Тегизчил айылындагы гана эмес, аймактагы башка айылдардын да объекттерин кошуу;
  • Жаңы-Арык айылындагы коомдук транспорттун маршрутунун жол жүрүү узактыгын көбөйтүү ж.б..

Депутаттар бир добуш менен туруктуу комиссиянын бүтүмүн жактырышты жана туруктуу комиссиядан түшкөн сунуштарды эсепке алуу менен 2015-2017-жылдарга айылдык аймакка инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча Программанын долбоорун бекитишти.Кара-Жал кеңешинин сессиясына конок катары катышкан Ак-Суу районунун акими Ж.А.БАЙСЕИТОВ сессиянын ишин жогору баалады: “Жергиликтүү кеңештердин ролу өсүп жатат, депутаттар кырдаалдан жакшы кабардар экенин көрсөтүүдө жана сапаттуу чечимдерди сунушташууда. Бирок биз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары ортосунда дагы да конструктивдүү мамилелерди орнотууга аракеттенишибиз керек. Ошондо гана ийгиликке жетип, айылдагы турмуш шартты жакшыртуу мүмкүн болот”.

Окуу сапарынын катышуучулары финансы каражаттары такыр жетпей турган шарттарда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын ишин күчтөндүрүү зарыл экенин белгилешти. Ошону менен бирге айылдык кеңештердин ыйгарым укуктары тартылган инвестицияларды колдонуу сапатына таасир этүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Тилекке каршы айыл өкмөтүнүн жетекчилиги көптөгөн каалгаларды кагып чыгууга туура келет – бизнеске, мамлекетке, эл аралык уюмдарга кайрылат. Дайыма эле сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап калбайт. Көп учурда өтүнүчтөр жоопсуз кала берет, анын үстүнө суранган адамдын позициясы ЖӨБ органдарын инвестициялык долбоорлордун багытына жана ишке ашыруу сапатына толук өлчөмдө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Бул жерде депутаттык корпустун ролу өтө маанилүү. Дал ошол депутаттар долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу сапатына таасир эте алат жана кемчиликтерди көрсөтүп берет.

Таштандыга тариф – Жети-Өгүз АА коомдук угуулардын предмети

Жети-Өгүз айылдык аймагында катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү процессине жарандарды тартуу боюнча тажрыйбаны үйрөнүү окуу сапарынын экинчи максаты болуп калды. Кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо, анын ичинде бюджеттик каржылоо жана тарифтерди эсептөө маселелери боюнча коомдук угууларды өткөрүү маанилүү баскыч болду. Муниципалитетте маселе курч турат – Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоонун (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен) жүрүшүндө калк таштандыны чукул арада чечилиш керек болгон көйгөй катары көрсөткөн. Биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшүндө демилгелүү топ тарабынан “Таза айыл өз колубузда” долбоору иштелип чыккан.

Аталган долбоор айылдын чогулушунда артыкчылыктуу катары тандалып алынган жана ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун гранттык сынагынын алкагында бир миллион сомдук грант утуп алган. Ошондой эле айыл өкмөтү ушундай эле сумманы кошо каржылоого Ысык-Көлдү Өнүктүрүү фондун тарта алган, дагы жарым миллионду “Кумтөр Голд Компани” компаниясы бөлгөн. Натыйжада атайын техника – жалпы суммасы 2 млн. 500 миң сомго экскаватор сатып алынды жана аны натыйжалуу колдонуу үчүн таштандыны жыйноо,чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн финансылык аспекттерин чукул арада чечип алыш керек болчу.

Бул маселени милдеттүү тартипте калк менен талкуулап алуу зарыл эле. Анткени тарифтик саясат – айылдын ар бир тур-гунуна тиешелүү маселе. Айыл өкмөттүн жетекчилиги коомдук угууларда келечекте көрсөтүлө турган кызматтын кеңири схемасын, графиктерин жана эсептөөлөрдү көрсөтүп, кийинки аракеттердин планын сунуштады. Анын ичинде жакынкы келечекте муниципалдык мекемени түзүү маселеси көтөрүлдү. Коомдук угууларга жергиликтүү жашоочулардын ичинен 160тан ашык киши чогулду, анын ичинде 48 аял, айылдык кеңештин алты депутаты жана айыл өкмөт аппараты толук курамда – 22 киши катышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкүдөй планды сунуштады:

  • таштанды жыйноо жана чыгаруу кызмат көрсөтүүсү үчүн жыйымды жыл сайын бир короого 97 сом өлчөмүндө орнотуу (буга чейин аталган жыйым “айылдын өзүнчө салыгы” деп аталып келген, 1 сотик үчүн акы 1 сомду түзгөн), ошондой эле калк үчүн атайын техниканын башка кызмат көрсөтүүлөрүнө баалардын прейскурантын бекитүү.
  1.  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын таштанды жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн толугу менен бошотуу;
  2.  
  • таштанды чыгаруу графигин жана таштанды аянтчаларын жайгаштыруу планын бекитүү;
  1. жашоочулардын каалоолорун эсепке алуу менен КТК жыйноо үчүн аянтчаларды жайгаштыруу жана калк үчүн атайын техниканын кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын эсептөө тууралуу жарандарга маалымат берүү үчүн кварталдык көчө чогулуштарын өткөрүү.Коомдук угууларда таштандыны өрттөө сунушу кайрадан жаңырды, бирок өз саламаттыгы үчүн кооптонгон элеттиктер бул сунушту четке кагышты. Ошону менен бирге мектептин директору тазалык үчүн да, таштандыны өрттөөгө каршы да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. Айыл өкмөттүн кызматкерлери тарифтер тууралуу маалыматты өтө жеткиликтүү жана түшүнүктүүдаярдап, коомдук угууларга сапаттуу даярданганынан улам талкуу конструктивдүү маанайда өттү. 
  2.  

Жалпы пикир боюнча, коомдук угуулардын натыйжасында жергиликтүү бийлик да, калк да утушта калды. Биринчиден, жашоочулар үчүн актуалдуу кызмат көрсөтүү түзулдү, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү бир нече эсеге өсөт. Экинчиден, тариф 8 айдын ичинде (марттан ноябрга чейин) үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыздап турат. Бир аз гана иштер калды – айыл өкмөтү калк тарабынан узатылган сунуштарды эсепке алуу менен документтердин пакетин даярдайт жана аны айылдык кеңештин кароосуна жиберет. Коноктор – окуу сапарынын катышуучулары да талкууга өз салымын кошушту. Алар аймактын көчөлөрүндө таштанды үчүн идиштерди орнотууну, ошондой эле юридикалык жактардан таштанды жыйноо жана чыгаруу үчүн жыйымды жергиликтүү бюджеттин кирешесине кошууну сунушташты. Кошуна аймактарга бириге калып, КТК боюнча чакан кайра иштетүүчү завод ачуу сунушу актуалдуу болуп калды. “Чогулган таштандыны дайыма эле жердин астына көмө берүүгө болбойт. Бул эртеби-кечпи бардык аймакта экологиялык кырсыкка алып келет”, - деп эсептешет башка айылдык аймактардан келген кесиптештер.

Окуу сапарынын жүрүшүндө өздөштүрүлгөн тажрыйба кантип колдонулат?

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары өздөрү үчүн бир топ тыянактарды жана пайдалуу байкоолорду жасашты. Ал эми жалпылоочу сессиянын жүрүшүндө алынган тажрыйбаны өз муниципалитеттеринде кантип колдоно турганын айтып беришти. Мисалы, жаңы регламентке ылайык жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын иш планын түзүү, инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча планды иштеп чыгуу. Руханий адабиятта биздин аракеттерибиздин себептиги – адам кантип алынган тажрыйбаны колдонору, өзү үчүн кандай тыянак чыгарганы жана бул анын жашоосуна келечекте кандай таасир тийгизгени тууралуу көп айтылат. Ар бир тажрыйбаны баамдоо маанилүүлүгү тууралуу тезис кандайдыр бир деңгээлде ушул кырдаалга да туура келчүдөй. Ошондуктан сапардан кийин эле катышуучулар тараптан аракеттер да башталды.

Мындан тышкары ӨСИ жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнө кайрадан эскертет: алар ушул өңдүү иш-чараларга катышууга бүтүндөй айылдык аймактын атынан, өз муниципалитетинин өкүлү катары чакырылат. Ошондуктан алынган билим жеке тажрыйба бойдон кала бербеш керек, аларды сөзсүз андан ары жайылтуу жана практикада колдонуу зарыл. Мына ушинтип жалпы жамааттын өнүгүүсүнө чакан, бирок маанилүү салым кошулган болот.

 

Окшош материалы: