Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары жарандардын пикирине көбүрөөк кулак төшөй башташты, буга жооп катары жарандардын бюджеттик процесске катышуусунан алган канааттануусу да көбөйүүдө

2022-02-10 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
ЖӨБ органдары жарандардын пикирине көбүрөөк кулак төшөй башташты, буга жооп катары жарандардын бюджеттик процесске катышуусунан алган канааттануусу да көбөйүүдө

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өтө көп күч-аракети максаттуу ЖӨБ органдары жарандардын көйгөйлөрүнө жана каалоолоруна тез-тез жана кылдаттык менен мамиле кылуусун камсыздоого багытталган.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун таасири астында жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жарандардын катышуусунун салттуу формалары мыйзамдарда бекитилген жарандык катышуунун заманбап механизмдерине айланды. Долбоордун көмөгү менен мыйзамдарда (КР Бюджеттик кодекси, Өкмөт, Финансы министрлиги жана ЖӨБЭММА бекиткен типтүү документтердин жана жоболордун жыйындысы) жарандардын ЖӨБгө катышуусу үчүн логикалык жактан бири-бири менен байланышкан механизмдердин топтому бекитилген: жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо, муктаждыктардын ичинен артыкчылыктуусун тандап алуу жана биргелешип пландаштыруу, бюджеттик процесске катышуу, биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жарандардын демилгелерин колдоо.

Долбоордун тикелей таасири астында ЖӨБ органдарынын отчеттуулугу жана ачыктыгы олуттуу түрдө күчөдү, мында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору бюджеттик маалыматтын жаңы форматтарын колдонуу практикасын жайылтты: инфографикалар, бюджеттин кыскача баяндамасы жана онлайн жарандык бюджет - буларды 2020-жылы Кыргыз Республикасы боюнча ЖӨБ органдарынын 71% колдонгон. Жарандарды бюджеттик процесске тартып, пландаштырууда алардын муктаждыктарын эске алуу боюнча милдеттүү талап биринчи жолу КРнын Бюджеттик кодексинде белгиленген. Натыйжада бюджеттик угууларды өткөргөн ЖӨБ органдарынын саны 19 эсе өстү: эгерде 2016-жылы 17 ЖӨБ органы, же жалпы сандан 4 пайызга жакыны гана угууларды өткөрсө, 2021-жылы 396 ЖӨБ органы, же дээрлик 90% угууларды өткөргөн. Жамааттын муктаждыктарын аныктоо жана аларды жергиликтүү өнүктүрүү программаларына киргизүү талаптары КР Экономика министрлиги бекиткен программаларды иштеп чыгуунун методикасына киргизилген. Натыйжада, жарандардын жалпысынан бюджеттик процесске жана анын ичинде бюджет боюнча коомдук угууларга катышуусунун сапатына канааттануу деңгээли өсүп жатат (1-диаграмманы караңыз).

1-диаграмма. Жарандардын бюджет боюнча коомдук угууларга катышууга канааттануу деңгээлинин динамикасы, 2012-2021-жылдар.

 

Окшош материалы: