Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү бюджеттин долбоорун гендердик өңүтүнө өзгөчө көңүл буруп талкуулоо

2022-04-23 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Жергиликтүү бюджеттин долбоорун гендердик өңүтүнө өзгөчө көңүл буруп талкуулоо

МУНИЦИПАЛИТЕТ ТУУРАЛУУ. ЖӨБдүн калкы жөнүндө маалымат: Жерге-Тал айыл аймагы 1996-жылы 6-майда түзүлгөн. Жерге-Тал, Капчыгай жана Боспиек деген үч айылдан турат. Жалпы аянты 5320 чарчы метрди түзөт. Учурда 8547 адам жашайт, анын ичинен 48% - аялдар.

Нурзат БАГЫШБЕКОВА, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары, электрондук дареги: nbagyshbekova@inbox.ru

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

2021-жылы Жерге-Тал айыл өкмөтүндө маанилүү иш-чара – гендердик теңчиликти жана калктын аялуу катмарынын муктаждыктарын эске алуу менен 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу өттү. Коомдук угуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүлдү. Мындан тышкары, “2022-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкусуна катышуу да кошумча стимул болду. Бул конкурс Экономика жана Финансы министрлиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу менен кызматташтыкта ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында уюштурулган. Бирок коомдук угуулардын негизги уюштуруучусу болгон ЖӨБ органдарынын алдында оңой эмес милдет турган: алар бюджеттин долбоорун талкуулоого жергиликтүү тургундарды тартуу жана алардан сунуштар менен пикирлерди алуу, алардын пикирин угуу максатын көздөшкөн. Себеби, аялдардын катышуусун айтпаганда да, жарандардын, өзгөчө жергиликтүү калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусу чоң көйгөй болуп келген. Алар үнүн жеткире алаарына такыр ишенишчү эмес, “Биз чогулушка катышпасак да биз үчүн баарын чечип коюшат”, “Биздин үнүбүздү ким укмак эле?”, “Жол узак, биз ал жакка кантип жетмек элек?” сыяктуу жалпы сөздөр менен чектелишчү.

Эмнелер жасалды?

Жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы Зулайка КОПОЕВА жетектеген иш-чара айыл элинин бардык катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен, аялуу топтордун муктаждыктарын эске алып, көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөн ачык талкуу аркылуу коомдук угууларды өткөрүүгө багытталган. Биринчи кадам катары жумушчу топ түзүлүп, анын курамына жигердүү жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кирди. Бул топ айыл өкмөттүн буйругу менен бекитилген. Жумушчу топ “2022-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун критерийлерин карап чыгып, аларды өзүнүн иш-аракеттер планына интеграциялады. Маалыматтык өнөктүктү уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү жергиликтүү тургундардын терс билдирүүлөрүнө жана жүрүм-турумдарына туш болушкан. Бирок, мындай тоскоолдуктарга карабастан, жумушчу топ бул чоң мааниге ээ иш-чара экендигин бардыгына айтып, мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуу менен элди мобилизациялоону улантышты: кулактандырууларды элге таратып, адамдар көп чогулган жерлерге баннерлерди илип, чакыруу баракчаларын таркатып чыгышты. Мындан тышкары, айыл өкмөт башчысынын демилгеси менен калктын аялуу катмары менен жолугушуулар уюштурулуп, алардын көйгөйлөрүн угуп чыгышты. Алар бул көйгөйлөрүн коомдук угууларда элге жеткирүүнү өтүнүштү. Коомдук угуулар 2021-жылдын 17-августунда өтүп, ага 200дөн ашуун адам, анын ичинде 84 аял катышты. Угуулардын уюштуруучуларды аймактын көчөлөрүн кыдырып, үн күчөткүч аркылуу элди коомдук иш-чарага катышууга чакырганынын натыйжасында иш-чарага келгендердин саны көп болду. Иш-чарага жергиликтүү этностук топтун өкүлдөрү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да катышты.

Коомдук угууларды өткөргөндөн кийин уюштуруучулар өтүнмөнү толтуруп, тиешелүү документтерди жана фотосүрөттөрдү даярдап, “2022-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсуна жөнөтүштү. Конкурс Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту КР Экономика жана финансы министрлиги жана ЖӨБ союзу менен биргеликте ишке ашырып жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында жарыяланган. Жыйынтыгында алардын өтүнмөсү “Гендердик сезимталдыкка өзгөчө мамиле жасагандыгы үчүн” атайын номинациясында утуп алып, 270 000 сомго1 чейинки суммада байгеге ээ болду. Бул жеңиш ишти ушундай деңгээлде уланта берүүгө шыктандырды.

Экономикалык натыйжалуулугу

Эл коомдук угууларга жигердүү катышып, жергиликтүү бюджеттин ар бир беренесин кеңири талкуулап, сунуштарын берип, алар кабыл алынды. Жыйынтыгында айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн салыктын наркын эки эсе көбөйтүү, аны 296,7 миң сомго чейин жогорулатуу, машинелерге кеткен чыгымды 90 миң сомго азайтуу чечими кабыл алынып, “Башка чыгашалар” беренесин карап чыккандан кийин чыгымдарды 288,1 миң сомго азайтышты. Ошону менен бирге айыл өкмөттөрүнүн тез сарптоо иштерине байланыштуу операциялык чыгашалардын суммасы 100,0 миң сомго, социалдык жардамдар 20,0 миң сомго, капиталдык салымдар 554,8 миң сомго көбөйтүлгөн.

Социалдык натыйжалуулугу

Коомдук угуулардын жүрүшүндө жарандар ЖӨБ органдарынын иши менен кеңири таанышып чыгып, жигердүү боло башташты. Таштанды чыгарууну уюштуруу тууралуу аялдардын сунушуна 50,0 миң сом, Боспу көчөсүн асфальттоого жеке салым катары 174,8 миң сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджетке киргизилди. Алардын пикири угулуп, сунуштары эске алынгандан кийин угуунун катышуучулары шыктанышып, коомдук угуу механизми жакшы иштеп, өз үнүн жеткирүүгө мүмкүн болгонуна ынанып калышты.

Административдик натыйжалуулугу

Башкарууда ачык-айкындуулук камсыз кылынды. Элет жергесинде артыкчылыктар аныкталып, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү менен талкуулангандан кийин жергиликтүү бюджет натыйжалуу бөлүштүрүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындыгынын жана отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатуу жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө иш жүзүндө катышкан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшүнө алып келди. ЖӨБ органдары да жергиликтүү бюджеттерди пландаштырууда жана түзүүдө гендердик теңдикти эске алган иш-чараларды иштеп чыгууга жетишти.

Катышуучулардын пикирлери

Көпчүлүк жарандар аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн мындай иш-чараларды тез-тез өткөрүп туруу керектигин, өзгөчө калктын бардык катмарынын катышуусун камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти.

Дүйшөн БАЕТОВ, Жерге-Тал айылынын тургуну, 1-топтогу майып: “Мен коомдук угууга биринчи жолу катышып, абдан кубанып жатам. Мындан ары да биргелешип, калктын бардык катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда иш алып барсак, сөзсүз ийгиликке жетебиз деп ишенем”.

Каталар жана алынган сабактар

Зулайка КОПОЕВА, АӨ башчысы: “Ооба, биз коомдук бюджеттик угууларды өткөрүп, КР Бюджеттик кодексинин талаптарын аткардык. Иш-чарабыз жогорку деңгээлде өттү, бирок биз өзүбүз үчүн жыйынтык чыгардык: пандемиянын шартында кийинки ушул өңдүү коомдук иш-чаралар да ачык асман алдында, калктын басымдуу бөлүгүнүн катышуусу менен, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын пикирин эске алуу менен өткөрүлөт, ал эми алыскы айылдар үчүн онлайн режиминде өтөт” . 

___________ 

1  https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=ky&id=215

 

Окшош материалы: