Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Шаар тургундарына караганда элеттиктер коомдук бюджеттик угууларга көбүрөөк катышат, бирок экөөндө тең бюджеттик маалыматты аралыктан алууга мүмкүнчүлүгү бар

2023-12-10 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Шаар тургундарына караганда элеттиктер коомдук бюджеттик угууларга көбүрөөк катышат, бирок экөөндө тең бюджеттик маалыматты аралыктан алууга мүмкүнчүлүгү бар

Жылдыз КЕРИМОВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун консультанты Азамат МАМЫТОВ, ӨСИнин муниципалдык финансы боюнча адиси

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесинде жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалып жаткан каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу болгону айтылат. КР Конституциясынан тышкары, жарандардын бюджеттик процесске катышуу укугу КР Бюджеттик кодексинде, ошондой эле КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги №44-Б буйругу менен бекитилген КР жергиликтүү бюджеттери боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмодо бекитилген[1]. Коомдук бюджеттик угуулар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттерин түзүүгө жарандардын катышуусунун формаларынын бири болуп эсептелет[2]. Угууларды ар бир жарандын конституциялык укуктарын камсыз кылууга милдеттүү болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюштурат.

Кыргыз Республикасында 2024-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча угуулардын өнөктүгү: айылдар алдыда, ал эми шаарлар үлгүрбөй жатышат

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин райондук бөлүмдөрүнөн алынган маалыматтар боюнча, 2024-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөргөн элеттик муниципалитеттердин (айылдык аймактардын) үлүшү 2022-жылы 88% болсо, 2023-жылы 96% түздү. Иш жүзүндө бюджеттердин долбоору боюнча коомдук угуулар бардык жерде өтүп жатат, өлкөдө жарандар мындай мүмкүнчүлүктөн ажыраган аймактар саналуу гана (1-диаграмманы караңыз). Өткөн жылы бул багытта бир аз артта калып жаткан Талас, Ош жана Жалал-Абад облустары угууларды өткөрүп, 2023-жылы мындай муниципалитеттердин үлүшү өстү. Нарын облусунун аймактары административдик-аймактык реформа абалында болгону бул көрсөткүчкө да таасирин тийгизди, бирок кийинки жылы 100% жетет деп күтүүгө болот[3].

 

1-диаграмма. Аймактардын жалпы санына карата бюджет боюнча коомдук угууларды өткөргөн айылдык аймактардын үлүшү, 2022-2023-ж.ж.

 

Бирок, абсолюттук мааниден алганда, статистика угуулардын саны кыскаргандыгын көрсөтүүдө – 2022-жылы 403 угуу өтсө, 2023-жылы 383 болгон, ошондой эле угууларга катышкандардын саны 36 миң адамдан 30 миңге чейин азайган. Мындай көрсөткүч административдик-аймактык реформанын алкагында аймактарды ирилештирүүнүн натыйжасында аймактардын санынын кыскарышы менен шартталды. Угуулардын катышуучуларынын арасында аялдардын үлүшү 2023-жылы болжол менен ошол эле деңгээлде калды – 44%, бул өткөн жылдагыдай эле көрсөткүч (43,3%), 0,7% болгон анча-мынча өсүш бар.

Жалпы өлкө боюнча бир угууга катышкандардын орточо саны да азайды: 2022-жылы бир угууга 89 адам катышса, 2023-жылы 78 адам болду. Бирок бул фактыны терс мааниде кароого ашыкпаш керек, себеби санариптик аспаптар, атап айтканда, веб-багытындагы “Жарандык бюджет” тиркемеси, социалдык тармактар жана мессенжерлер көбүрөөк адамдардын бюджеттик маалыматты алуусуна мүмкүнчүлүк берүүдө. Мындан тышкары, облустар боюнча алып караганда да кырдаал бир кылка эмес: айтсак, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери, тескерисинче, өткөн жылга салыштырмалуу бир угууга катышкандардын санын көбөйтө алышты (3-диаграмманы караңыз).

Бир угуунун катышуучуларынын орточо саны, аймактар боюнча, 2022-2023-жылдар

Шаарларда угууларга байланышкан кырдаал алда канча начар. 2022-жылы алты шаардын мэриялары шаардык бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды өткөрүшкөн, бирок 2023-жылы бир дагы угуу өткөн эмес. Албетте, шаарлардын угууларды уюштуруу процессине байланыштуу өз өзгөчөлүктөрү, кыйынчылыктары бар – биринчи кезекте калктын саны көп, бул болсо иш-чараларга бардык каалоочуларды эле чакырууга жол бере бербейт. Бирок, эч ким шаарларды мыйзамдарда белгиленген угууларды өткөрүү милдетинен бошоткон эмес. Ал эми кыйынчылыктарды санариптик технологиялардын жардамы менен жеңүүгө болот, мисалы, социалдык тармактар, онлайн-конференциялар үчүн платформалар чексиз сандагы шаардыктарга бюджеттик маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берип турат. Ошондуктан, маселе шаардык жетекчилерде саясий эрктин жана бюджеттик тартиптин бар болгонунан эле көз каранды. Бирок КР Финансы министрлиги да бюджеттик угууларга карата мыйзамдардагы талаптардын сакталышын көзөмөлдөөгө көбүрөөк көңүл бурса болмок.

 

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлгөн угуулар өнөктүгү

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында өнөктөш муниципалитеттер өз жашоочулары үчүн жергиликтүү бюджет жөнүндө маалыматты ачууга даярдыгын көрсөтө алышты. 2023-жылдын июнь-июль айларында Долбоордун өнөктөш муниципалитеттери коомдук бюджеттик угууларды жергиликтүү бюджетти түзүү маселелерин ачык талкуулоо формасында өткөрүштү. Иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүп, муниципалитеттердин тургундарынын пикири менен таанышууга, калктан сунуштарды жана сунуштамаларды алууга мүмкүндүк берди. Бул сунуштардын баары кийин 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизилиши мүмкүн.

2024-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар Долбоордун[4] Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы бардык 38 өнөктөш аймагында өттү. Бюджеттин коомдук талкуусуна 3 544 тургун, анын ичинде бир жарым миң аял катышты. Муниципалитеттерде ЖӨБ органдарынын буйруктары менен түзүлгөн жумушчу топтор коомдук бюджеттик угуулардын алдында маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүштү, алар 2024-жылга бюджеттердин долбоорлорун муниципалдык веб-сайттарга, стенддерге жана социалдык тармактарга жарыялап чыгышты.

Жайында, түшүм чогултуу, чөп чабуу жана сугаруу мезгилинде жергиликтүү калкты коомдук иш-чараларга чогултуу абдан кыйын болот. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын бюджеттик маалыматты алуусунун кепили катары чыгып, бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү милдетине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, калкты угууларга катышууга шыктандыра алышты. ЖӨБ органдарынын кызматкерлери катышуучулардын аты-жөнү жазылган чакырууларды, коомдук угуулардын программаларын даярдап, жарандардын коомдук бюджеттик угууларга катышуусун камсыз кылууга ынтызарлыгын көрсөтүп, жашоочуларды үймө-үй кыдырып, телефон чалып, чакыруу барактарын жиберип жатышты. Буга кошумча, ЖӨБ органдары www.gb.minfin.kg сайтындагы веб-багытындагы тиркемедеги диаграммаларды пайдаланып, калк үчүн түшүнүктүү тилде бюджеттердин долбоорлору менен презентацияларды даярдашты.

Коомдук бюджеттик угуулардын жүрүшүндө катышуучулар сугат суу менен камсыз кылууга, жайыттарды сактоого, спортту өнүктүрүүгө жана ден соолукту чыңдоого, социалдык объекттерди оңдоого жана курууга ж.б. тиешелүү маселелерди көтөрүп, сунуштарын беришти.

 

3-диаграмма. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук бюджеттик угуулардын катышуучуларынын саны, райондордун алкагында, жынысы боюнча, адам саны менен (USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоорунун өнөктөш ЖӨБ органдары)

 

Угууларды өткөрүү практикасы барган сайын улам кеңейүүдө. Мисалы, Нарын облусунун Тоголок-Молдо айылдык аймагында бюджеттин долбоорун талкуулоого 144 адам катышып,  тургундар ЖӨБ органдарына ыраазычылыктарын билдирип, бюджеттик маалыматты ачкан мындай масштабдагы бюджеттик угуулар аймактын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгилешти.

“Жергиликтүү тургундардын пикири боюнча, бардык 4 облуста тең бюджет боюнча коомдук угуулар талаптагыдай деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү. Жалпысынан иш-чаранын катышуучулары угууларды уюштуруунун жана жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору жөнүндө маалыматтарды берүүнүн сапатына ыраазы болушту. Биз ошондой эле бул иш-чарага чын дилибизден мамиле жасап, аны өткөрүүгө шарт түзүп берген уюштуруучулардын аракетин байкадык. Муниципалитеттердин мындай демилгеси ЖӨБ органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылып, калк менен иштөөдө жана бюджеттик маалыматты ачууда салтка айланып калат деп ишенгибиз келет”, – деди USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун компонентинин координатору Джамиля АРБАНАЛИЕВА. Долбоор өнөктөш муниципалитеттер менен долбоор боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана даярдоо, жергиликтүү бюджеттерди аткаруу чөйрөсүндө ишин уланта бермекчи. Мындай иш-чаралар муниципалитеттердин калк менен өз ара байланышын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

 

Веб-багытындагы “Жарандык бюджет” тиркемесин колдонуу жарандардын бюджеттик маалыматты алуусун жеңилдетет

КР Бюджеттик кодексинин 126-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык бюджетти калк үчүн түшүнүктүү тилде түзүп чыгышат жана аны ЖӨБ органынын расмий сайттарына, маалымат такталарына ж.б. жайгаштырышат. Жарандык бюджет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №249 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым маселелери жөнүндө” Токтому менен бекитилген Методикага ылайык түзүлөт. Жарандык бюджет жарандарга-салык төлөөчүлөргө бюджеттик процесс менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет, жарандар жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүгө качан жана кантип катыша алары, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү кайсы булактардан турары жана муниципалитет өз каражаттарын кандай милдеттерди аткарууга багыттай турганы жөнүндө суроолорго жооп алышат.

Эмне үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жарандарга мындай укукту берүүдө? Биринчи кезекте, жарандар – бул салык төлөөчүлөр, ал эми мамлекеттик бюджеттин кирешеси салыктардын жана салыктык эмес төлөмдөрдүн эсебинен түзүлөт. Мамлекеттик бюджет республикалык бюджеттен жана жергиликтүү бюджеттерден турат. Ошондуктан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын-салык төлөөчүлөрдүн бюджеттик маалыматка жетүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.

Бюджеттик маалыматтын бирдиктүү форматын жайылтып, ЖӨБ органдарынын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ишин автоматташтыруу максатында веб-багытындагы “Жарандык бюджет” тиркемеси (gb.minfin.kg) иштелип чыккан. Бул калкка маалыматты жеткирүүнүн ыңгайлуу аспабы, себеби жарандык бюджетти түзүүдө инфографика (диаграммалар жана сүрөттөр) колдонулат. Ал эми COVID-19 пандемиясы күчөп турган маалда киргизилген чектөөлөр тиркемени иштеп чыккандарды бул тиркеменин функционалын кеңейтүүгө мажбур кылды. Эми тиркеме жарандарга бюджет менен таанышууга жана өз сунуштары менен сунуштамаларын онлайн режиминде жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө[5].

Өнүктүрүү саясат институту аткарган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында максаттуу муниципалитеттерге (Нарын, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустары) жарандык бюджетти түзүү боюнча консультациялар берилди.

Консультациялык иштин жүрүшүндө долбоордун өкүлдөрү веб-багытындагы “Жарандык бюджет” тиркемеси кандай иштээрин практикада көрсөтүп, бул тиркеменин максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып беришти. Практика – окутуунун мыкты ыкмасы, ошондуктан финансы-экономикалык бөлүмдүн жетекчилери тиркеменин тиешелүү бөлүмдөрүн өздөрү толтуруп чыгышты. Алар байланышуу жолдору, айылдык аймак жөнүндө жалпы маалыматты, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө маалыматтарды киргизип, андан кийин өздөрүнүн айылдык аймактарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн түзүүгө өтүштү. Тоголок-Молдо айылдык аймагынын жарандык бюджетинин мисалы төмөндө берилди, ал эми кененирээк маалымат алуу үчүн www.gb.minfin.kg сайтына кириңиз (Тоголок-Молдо айылдык аймагы, бюджеттин долбоору, 2024-жыл).

4-диаграмма. Тоголок-Молдо айылдык аймагынын функционалдык классификация боюнча чыгашалары, план, 2024-ж.

 

Жергиликтүү бюджеттин келечектеги чыгымдарынын түзүмүн функционалдык классификация боюнча чагылдырган 1-диаграмманы тиркеме автоматтык түрдө түзөт.  Муну тиркеме адис системага тиешелүү маалыматтарды киргизгенден кийин жасайт. Диаграммалар жарандардын бюджеттик маалыматты кабылдоосун жөнөкөйлөтөт: кайсы каражаттар билим берүүнү каржылоого, ал эми кайсы каражаттар спортко жана маданиятка, социалдык коргоого жана башка максаттарга жумшалаары баарына түшүнүктүү болуп калат. Тиркеме автоматтык түрдө түзгөн 1-таблица ошондой эле жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн кененирээк чагылдырып турат. Мисалы, таблица байланышка, айыл өкмөтүнүн имаратынын катардагы ремонтуна, жайыттын инфраструктурасына, жолдорду оңдоого ж.б. жумшала турган каражаттардын көлөмүн көрсөтөт.

Түп районунда жана Нарын облусунун бардык райондорунда административдик-аймактык реформаны жүргүзүү 2024-жылга карата жарандык бюджетке таасирин тийгизгенин белгилей кетүү керек. Бекитилген социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын (мындан ары – СЭӨП) жоктугу айылдык аймактын кийинки жылга өнүктүрүү бюджети болбогонун билдирет. 1-таблицада бюджетте жолдорду оңдоого (“Турак жай-коммуналдык чарба” бөлүмүндө) 2 187,4 миң сом пландаштырылганы көрүнүп турат, бирок кайсы айылдагы жолдор оңдоло турганы көрсөтүлгөн эмес. Ушундай эле маалыматтын жетишсиздиги айылдык аймакты жашылдандырууга карата да байкалууда.

Жарандык бюджет муниципалитеттерди ирилештирүүгө байланышкан кыйынчылыктарды байкоого мүмкүндүк бергени менен, келечекте ал кайра түзүлгөн ЖӨБ органдары үчүн абдан натыйжалуу жардамчы болуп бере алат.

Алсак, муниципалитеттердин калкынын саны өсүп, айрым айылдар ирилештирилген муниципалитеттин борборунан алыстаган шартта маалыматка, анын ичинде бюджеттик маалыматка аралыктан жетүүнү камсыз кылган ыкмаларга суроо-талап жана актуалдуулук да кошо көбөйөт. ЖӨБ органдарынын кызматкерлери баракчаларды таратып, үймө-үй кыдыргандын ордуна өзүнүн да, жарандардын да убактысын үнөмдөп, жарандарга даректелген бюджеттик маалыматты “Жарандык бюджет” тиркемесине жайгаштыра алышат. Ал эми маалыматты мессенжерлер же социалдык тармактардагы кулактандыруу аркылуу жаңылап коюу жетиштүү болот.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору иш алып барган аймактарда веб-багытындагы тиркеме ийгиликтүү ишке ашырылды. Ал эми gb.minfin.kg сайты жылдан жылга өнөктөш муниципалитеттер маалыматтарды киргизип, калкка жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдө берип жаткандыгын көрсөтүүдө.

 


[2] Жергиликтүү жамааттын типтүү уставынын 22-бөлүмүнө ылайык, коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, алардын катышуучуларынан сунуштарды жана сунуштамаларды алуу жана оптималдуу, таразаланган чечимдерди аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара. Булак: https://dpi.kg/ru/library/full/257.html

[3] 2023-жыл үчүн маалыматтар административдик-аймактык реформа абалында турган Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорун эсепке албастан келтирилди. 2022-жылга карата маалыматтар Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Буура райондорун эсепке албастан келтирилди, себеби алар маалыматтарды беришкен эмес.

[4] Долбоордун иши тууралуу толук маалымат: https://dpi.kg/ru/activity/projects/full/0/98.html

[5] Веб-багытындагы “Жарандык бюджет” тиркемеси (gb.minfin.kg) “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун колдоосу менен түзүлгөн. Аталган долбоорду 2011-жылдан 2022-жылга чейин Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарган.

 

Окшош материалы: