Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюджеттик процесске катышуу ЖӨБ менен жарандар ортосундагы ишенимди “цементтейт”

2022-02-10 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Бюджеттик процесске катышуу ЖӨБ менен жарандар ортосундагы ишенимди “цементтейт”

Жарандар

Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн биринчи жолу тренингди өткөргөндө катышуучулар бир кыйла жандана түштү. Адистер козгогон темалардын баары ЖӨБ органдарынын күтүүсүнө жана керектөөлөрүнө жооп берип жаткандай болду.  

“Долбоор башкалардан бир нерсеси менен айырмаланып турду – ал даяр чечимдерди жана продукцияларды бербестен, иштөөнүн жолдорун, жыйынтыктарга жетүү ыкмаларын көрсөтүп бере алды, – дейт төрт жолу депутат болгон Эльмира СУЛТАНБАЕВА. – Семинарлар айыл өкмөттөрү үчүн өзүнчө, депутаттар үчүн өзүнчө өткөрүлүп турду. Андан кийин айылдарга барып бюджеттик угууларды өткөрүп, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктадык. Жалпы чогулуштарда адамдар ачылып, арманы менен бөлүштү. Көпчүлүгү жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча кайда кетип жатканын билбегени, жада калса бул АЛАРДЫН акчасы экенин баамдабаганы да биз үчүн таң калыштуу болду. Өткөрүлгөн тренингдердин натыйжасында бюджеттик процесстин катышуучулары өз ролдорун жакшыраак түшүнө башташты”.

Депутаттардын айтымында, “мамлекет мага эмне кылып берди?” дегенге караганда, “мен өлкө жана жамаат үчүн эмне кылдым?” деген суроону берген жарандардын катары калыңдап баратат. Тойчубай ПИРМАТОВ 2021-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагында үчүнчү жолу депутат болгон. Ошондуктан, ал “жарандык чыңалууну” же тескерисинче, анын жоктугун да жакшы туюп турат: “Бюджеттик угуулар өткөрүлгөндөн бери жергиликтүү бийликти колдогон жана коргогон тарапкерлердин саны да көбөйдү. Адамдар ЖӨБ органдарынын иши менен ичинен таанышып, аларга ишеним арта башташты: “акча жок” дешсе, чындап эле жок экенине ынанышты. Алар көйгөйлөрдү өздөрү аныктап, аларды чечүү жолдорун издегенде, канча каражат жумшалып жатканын көрүп, бири-бирин колдоо сезими пайда болот. Бул жерде табактын үстүндө турган суу куюлган стаканды мисал келтирели. Табак стаканды кармап турабы? Же бул стакан суу төгүлбөшү үчүн табактын үстүндө турабы? Бюджеттик процесстин катышуучулары бири-бири менен дал ушундай байланышта: алар бири-бирин колдоп, толуктап турушат”, – деп түшүндүрдү депутат Пирматов. “Жарандардын катышуусуз жана алардын катышуусу менен кабыл алынган бюджеттердин структурасы түп-тамырынан бери өзгөрдү деп айтууга болбойт. Айылдык аймагындагы негизги көйгөйлөр баарына белгилүү эмеспи. Бирок бюджетти иштеп чыгууга карата мамиленин өзгөрүшү, адамдардын көбүрөөк тартылышы бюджетти жамааттын муктаждыктарын эске алып түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, ЖӨБ органдарынын ишинин жыйынтыктары элдин үмүтүн актай баштады жана мунун бардыгы өз алдынча башкаруу менен жамааттын ортосундагы мамилелерди жакшыртууга оң таасирин тийгизди. Эми адамдар айыл өкмөтү “бөтөн организм” эмес, пикирлеш адам экенин билип калды”, – деген ишенимде Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык аймагынын жооптуу катчысы Айнура БАЙГАЗИЕВА.

Биргелешкен жоопкерчилик тактикасы

Депутат Тойчубай ПИРМАТОВ бюджет боюнча коомдук угуулардын таасири менен жаралган кызматташуунун тактикасы тууралуу тыянак чыгарып жатып, буларды белгиледи: “Бюджеттик угуулар элге кандай таасир этет? Алар талап кыла башташат! Мына ушундан улам биз жооп тактикасын иштеп чыктык: биз “макул, жергиликтүү өз алдынча башкаруудан мындай-мындай жардам болот, бирок сенден кандай жардам болот?”, – деп сурайбыз. Тургун “мага электр жарыгы үчүн мамы тургузуп бергиле” деп талап кылат. Биз “макул, тургузабыз, калганын болсо өзүң уюштур”, – дейбиз. Ошондо алар кандай салым кошо аларын ойлоно башташат. Натыйжада мамы сатып алууга айыл өкмөтү акча бөлүп, тургундар техникалык иштерге акча чогултуп берсе, энергокомпания электр жарыгын өткөрүп берет. Мындай учурда үч тараптуу мамиле болуп, ар ким өз жоопкерчилигин сезип турат. Жыйынтыгында тургун аймактын иштерине катышканда өзүн менчик ээси сезип, мүлккө аяр мамиле жасай баштайт”.

Жарандык бюджет = жарандын бюджети

“Жарандардын бюджети – бул муниципалитеттин негизги каржылык көрсөткүчтөрүнүн кыска жана жөнөкөй баяндамасы. Бул бюджет бардык жарандарга, алтургай экономика жана финансыдан алыс адамдарга да түшүнүктүү болушу керек, - дейт Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнөн Нурбек МУКАНОВ. – Эгерде айыл өкмөтү жарандардын бюджетин түзүп, тургундарга сунуштаса, бул муниципалитет ачык иштеп, бардык муниципалдык финансынын жообун берүүгө даяр дегенди билдирет. Мисалы, биз кирешелер жана чыгашалар тууралуу материалдарды маалымат такталарына жайгаштырып турабыз, жарандык бюджет жөнүндө маалыматты Финансы министрлигинин сайтына жүктөгөндү үйрөндүк. Биздин айыл аймак ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жардамы менен бюджетти татаал терминдерди колдонбой, баарына түшүнүктүү тилде баяндаганды үйрөндү. Ал эми аймактын тургундары бюджет алардын пикирин эске алуу менен кабыл алынып жатканына көзү жетти. Адамдар бюджеттик угууларга катышуу менен маанилүү маселелерди чечсе болоруна ишенип калышты. Мурда кантип ой жүгүртүшчү эле? “Айыл өкмөтүндө миллиондогон сомдор бар, анан эмнеге биздин бардык көйгөйлөрүбүздү чечпейт, балким уурдап жатышкандыр?” деп шектенчү. Эми болсо бюджеттик каражаттарды сарптоо мыйзам менен жөнгө салынарын, акча артыкчылыктар боюнча, маанилүүлүгүнө жараша жумшалаарын билип калышты: адегенде айлык акы, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, азык-түлүк үчүн акча бөлүнөт, эгерде акча артып калса, өндүрүштүк муктаждыктарга багытталат. Кээ бир депутаттар коомдук угууларда келип түшкөн сунуштарды сессияларда четке каккан учурлар болот. Бирок бул кадыресе көрүнүш, себеби бир эле учурда бардык көйгөйлөрдү чечип, бардык муктаждыктарды бир заматта канааттандыруу мүмкүн эмес”.

“Тилекке каршы, айыл аймактарынын бюджети анча чоң эмес, бул аларга кандайдыр бир өтө дымактуу максаттарды коюуга мүмкүнчүлүк бербейт, себеби бардык нерсенин каржылык керектөөлөрү мүмкүнчүлүктөрдөн ашып түшөт”, - дейт Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаты Эльмира СУЛТАНБАЕВА. – Бирок бюджетти түзүүдө жана аны чыгымдоо маалында ачык болгону муниципалитеттин айыл тургундарынын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга жардам берет. Жарандык бюджет жыл сайын түзүлүп, бардык пландаштырылган иш-чаралар тууралуу айтып берет деп ишенем. Бул тургундар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда пайда болгон ишенимди жоготпоого мүмкүндүк берет”.

Окшош материалы: