Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол АА

2014-10-09 / Көңүл чордонунда
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол АА

Кара-Суу айылындагы көпүрөнүн ремонту...

 Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Кара-Суу айылындагы Садыбакас көчөсүнүн дээрлик бардык тургундары, бул демек 1000ге жакын киши, анын ичинде 300 пенсионер жана 150 бала,көп жылдардан бери Кара-Суу арыгын ким кантип өтө алса, ошентип өтүп келген. Айылдын айрым тургундары арыкты бир күндө бир нече жолу өтүүгө мажбур болчу. Анткени жумушка, мектепке, почтага жана чоң жолго жетүү үчүн ушул жерден өтүү керек. Адатта арыктан тактайлардын жардамы менен өтүшөт, бирок караңгыда, өзгөчө суук, жаанчыл мезгилде жана кышында бул ден соолук үчүн кооптуу жана абдан ыңгайсыздыкты жаратат.

Эмнелер жасалды?Демилгелүү топ “АГВ-Алтын-Булак” БӨУ, Аялдар тобунун ассоциациясы жана жергиликтүү кеңештин депутаты Руслан ТОКТОБЕКОВ менен биргеликте Садыбакас көчөсүнүн жашоочулары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Ал жолугушууда арык аркылуу өтүү маселеси баарын тынчсыздандырары маалым болду. Ошондон кийин көпүрө куруу тууралуу чечим кабыл алынды. Демилгелүү топ көчөнүн тургундарынан 2000 сом акча каражатын чогултуу иштерин уюштурду. “АГВ-Алтын-Булак” 1000 сом берди, АӨ аппараты тарабынан 3000 сом бөлүндү. Чогулган каражатка бир катар калыбына келтирүүчү иш-чаралар өткөрүлдү:курулуш материалдары сатып алынды, көпүрө үчүн бетондон тумба, тракторго күйүүчү май куюлду.Ал арыктын жээктерин теңдеп, бетондон куюлган тумбаларды орнотту. Көпүрөнүн курулушу боюнча алдын ала иш-чаралардын жалпы бюджети 6000 сомду түздү, донорлор жана башка тышкы булактар тартылган жок. Ошентип жамаат маселени чечүүгө өз алдынча киришти, бирок долбоорду соңуна чыгарууга күч азырынча жетпей турат. Бетон плиталарын сатып алууга, бетон тумбаларына бетондон плитаны жүктөө, жеткирүү, түшүрүү жана монтаждоо үчүн крандын жана жүк ташуучу унаанын кызмат көрсөтүүсү үчүн акы төлөөгө каражат зарыл.

Төл сөз КАНАТБЕК кызы Жайнагүл, Садыбакас көчөсүнүн жашоочусу: “Көпүрөнүн курулушу – бул көчөнүн жашоочулары, өзгөчө окуучулар жана кары-картаңдар үчүн өтө маанилүү окуя. Анткени кыш мезгилинде арыктын үстү муз болуп калганда ал жерден өтүү өтө кооптуу. Чогулуштар маалында жана артыкчылыктуу маселеге добушт берип жатканда мен эч ойлонбостон өз добушумду көпүрөнүн курулушу үчүн бердим! Эми биз долбоорубузду бүтүрө алабыз деп үмтөтөм”.

Гүлнара ЖУСУБАКУНОВА, орто мектептин мугалими

Окшош материалы: