Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарга байланыштуу ведомстволор менен муниципалитеттер ортосундагы бүтпөй жаткан карама-каршылыктар

2012-11-29 / ӨСИ жаңылыктары

13-ноябрда ЭҮЖӨБОЖ Долбоору “Өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү: каржы моделинин практикасы жана варианты” аттуу темада тегерек стол өткөрдү.

 

13-ноябрда ЭҮЖӨБОЖ Долбоору “Өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү: каржы моделинин практикасы жана варианты” аттуу темада тегерек стол өткөрдү. Анын жүрүшүндө өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын маселесин чечүүнүн варианттары кызуу талкууга алынды. Жолугушууга катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды каржылоо боюнча долбоордун эксперттери сунуштаган идеяны жалпысынан колдоду. Бирок мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттин ишин аткарганы үчүн ЖӨБга акы төлөнүш керек дегенди көп жакшы кабыл албагандай. Мындай турум ЖӨБ органдарын салттуу түрдө мамлекеттик бийлик вертикалынын уландысы катары кабыл алынып калышынан улам болду. Анткен менен талкуунун соңунда анын катышуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын арттыруу жана жергиликтүү деңгээлде башка мамлекеттик функцияларды аткаруу иштерин жакшыртуу үчүн өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоонун так эсепке жана практикага негизделген, ойлонуштурулган механизмдерин жайылтуу зарыл деген пикирге макул болушту. Өзгөчө ролду практиктердин – өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган айыл өкмөттөрдүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин – Логвиненко АӨ АЭС инспектору Эльмира Жунушованын, Милянфан АӨ башчысы Ася Сапарбаеванын, Логвиненко АӨ экономика жана статистика боюнча адиси Жеримбүбү Шакирбекованын эмоционалдуу, бирок акыйкат сөздөрү ойноду.