Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пресс-сессия: өкмөттүн жаңы демилгеси – позитивдүү өзгөрүүлөрбү же эски каталарбы?

2013-07-30 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары

Дискуссиянын темасы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдын 14-июнунда жарыялаган жаңы мыйзам долбоору.

19-июнда Өнүктүрүү саясат институтунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү эксперттердин жана журналисттердин кеңири аудиториясынын катышуусу менен пресс-сессия өттү. Дискуссиянын темасы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдын 14-июнунда жарыялаган жаңы мыйзам долбоору. Бул мыйзам долбоору аймактарды башкарууда олуттуу өзгөрүүлөрдү караштырат жана борбор менен аймактар ортосундагы ажырымдын шарттарында мындай аракеттер мактоого арзычудай көрүнөт. Анткен менен эксперттердин баамында, буларды оң өзгөрүүлөр деп айтууга болбойт.
 
Эксперттердин пикиринче, ушул мыйзам долбоору жайылтылса, ал тескери натыйжа бериши ыктымал: бийлик менен калк ортосундагы ажырым күчөйт, муниципалитеттердин калкка кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү солгундайт, ал эми каржылык, кадрдык маселелерге, ресурстарды башкарууга байланышкан бардык бийлик райондук акимдердин колунда топтолот.
 
«Жаңы мыйзам долбоорунун курамы Конституцияга да, иштеп жаткан мыйзамдарга да, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына да карама-каршы келет», - деген пикирин билдирди ӨСИ эксперти Бекболот БЕКИЕВ.
 
«Бул мыйзам долбоору башкаруу системасындагы конституциялык түзүлүштүн баланстан ажыроосуна, жарандарды чечимдерди кабыл алуу процессинен четтетүү ишинин күч алышына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү каржылоо жана жергиликтүү жамааттын өз ресурстарын башкаруу жөндөмдүүлүгүнүн начарлоосуна жана албетте мамлекеттеги саясий туруктуулуктун чабалдашына алып келет», - деп сереп салат бул маселеге карата ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.
 
«Өкмөт туура багытта ой жүгүртүүдө – райондук деңгээлдеги башкаруу тартипке салыныш керек. Бирок бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эсебинен болбошу керек, бул – мурда эле өмүрү бүткөн административдик-коман-
далык системага окшошуп кеткен эски ыкма», - деп эсептейт КР ЖӨБ Биримдигинин аткаруучу директору Жалалбек БАЛТАГУЛОВ.
 
«Өкмөт Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында орун алган окуялардан жаңылыш тыянак жасады. Калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн ЖӨБ органдарына ресурстарды өткөрүп берүүнүн ордуна өкмөт ошол ресурстарды акимдердин колуна топтоп берүүнү сунуштап жатат. Бирок бул кырдаалды курчутуп гана жиберет», - деп белгиледи КР Каржы министрлигине караштуу Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Азамат АКЕЛЕЕВ.
 
«Премьер-министр балким бул мыйзам долбоорун киргизүү менен мамлекеттик бийлик бекемдеп, бул болсо тартипти камсыздайт деп ойлоп жатса керек. Анткен менен массалык жоопкерчиликсиз мамиле – өзгөрүүлөрдүн кесепети болмокчу. Кызматтык адамдар өз жоопкерчилигин экинчи жана үчүнчү жактарга жүктөй баштайт, ал эми натыйжада өз иши жана аракеттери үчүн эч ким жооптуу болбой калат», - деп билдирди дагы бир коомдук уюмдун жетекчиси Рита КАРАСАРТОВА.