Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Журналисттер Сузак районунун Ленин айылдык аймагын кыдырып чыгышты

2013-07-30 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары

Пресс-сапардын катышуучуларын Ленин муниципалитетинин башчысы жана Ю.А.Гагарин ат. орто мектептин директору тосуп алды.

2013-жылдын 15-майында 23 адамдан турган журналисттер тобу Ленин айылдык аймагын кыдырып чыгып, коомдук угуулар өткөндөн кийин ушул жылдын январында түзүлгөн турак жай-коммуналдык чарбачылыктын (ТКЧ) ишмердиги менен таанышып чыгышты.
 
Пресс-сапардын катышуучуларын Ленин муниципалитетинин башчысы жана Ю.А.Гагарин ат. орто мектептин директору тосуп алды. Алар ММК өкүлдөрүнө өз жетишкендиктери, калк алдында айкындуулукка жана отчеттуулукка жетүү боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар, натыйжалар жана келечек пландар тууралуу айтып беришти.
 
Директор мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү: «Биз “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” долбоорунун алкагында уюштурулган тажрыйба алмашуу боюнча сапардан кийин ушул өңдүү угууларды өткөрүүнү чечтик. Биз Чүйдүн бир нече мектебин кыдырып чыктык. Ал жерден бизге ушул өңдүү иш-чараларды өткөрүү тууралуу айтып беришти жана бюджет канчалык ачык болсо, ошончолук бизди окуучуларыбыздын ата-энелери жардам берип, колдой турганына ынандык. Биз да угууларды өткөрүп, анда ЖӨБ, мамлекет жана ата-энелер тарабынан мектепти каржылоонун үлүшүн кенен көрсөтүп бердик. Ошол жерден бул каражат
жетишсиз болгонун далилдедик. Ата-энелер бардык отчетту уккандан кийин ошол замат жардам берүүгө макулдугун беришип, катышуунун үлүшүн өздөрү бөлүштүрдү».
 
Андан соң АӨ башчысы Чолпонбек МЫРЗАКАНОВ журналисттерди ТКЧ ишин көрүүгө чакырды: «таштанды чыгарган трактордун өз графиги бар. Аптасына бир жолу ал биздин айылдарды кыдырып, таштандыларды чогултат. Жергиликтүү тургундар буга көнүп деле калды жана белгиленген күнү, белгилүү бир саатта гана үйлөрүнөн таштанды алып чыгышат. Бул көп жылдан берки көйгөйдү чечүүгө жардам берди».
 
Журналисттер таштанды чогултулуп жаткан маалда ошол көчөгө барганда башчынын сөздөрү чын болгонуна ынанышты. Жергиликтүү жашоочулардын бири эми Ленинде Бишкектегидей эле таза болуп калганын айтып мактанды: «Азаматтар! Белгилүү бир саатта өз учурунда келишет. Эгерде бир аз эле кечиге баштаса, биз ошол замат алардын жетекчисине чалабыз. Биздин көчөлөр кандай болуп калганын өзүңөр деле көргүлөчү!».
 
Андан соң журналисттер бала бакчада болушту. Ал жерде жаңы төртүнчү топ үчүн жайдын ремонту жүрүп жаткан экен. «Бизде бала бакчада орундардын жетишсиздиги көйгөйлүү маселе. Бирок акыркы учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жардамы менен элде бийликке болгон ишеним пайда боло баштады. Адамдар биздин бала бакчанын жашоосуна чын ниети менен аралашып, колдон келген жардамын берип жатышат. Ошондой эле айыл өкмөтү да активдүү катышып жатат: өткөн жылы 30 миң сом бөлүп бергенде биз ошол акчага муздаткыч сатып алдык. Ал эми бул жылы жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом бөлүнөт».
 
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, алардын муниципалитетинде болгон өзгөрүүлөр кубандырат. Көптөр мындан ары да жашоо жакшы жагына өзгөрө берет деп үмүттөнүшөт.