Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнүктүрүү саясат институту GIZ менен кызматташтык тууралуу Меморандумга кол койду

2013-07-30 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары

18-июнда Өнүктүрүү саясат институтунун жыйындар залында ӨСИ менен Эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коомдун (GIZ) ортосунда Меморандумга кол коюлду.

18-июнда Өнүктүрүү саясат институтунун жыйындар залында ӨСИ менен Эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коомдун (GIZ) ортосунда Меморандумга кол коюлду. ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда Добрецова жана Жарандык коомду колдоо фондунун долбоорунун жетекчиси Филипп Райхмут мындан кийинки иштердин планын талкуулашып, келечектүү жемиштүү кызматташтыкка үмүт артышты.
 
Кызматташтыктын негизги максаты – Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин бекемдөө, ЖӨБ органдары калкка көрсөткөн кызматтардын сапатын жакшыртуу, бюджеттик каражатка жеткирүүлөр жана сатып алуулар процессинин айкындуулугун камсыздоо, ошондой эле муниципалдык деңгээлде чечим кабыл алууга жергиликтүү калктын потенциалын жогорулатуу.
 
Тараптар жогоруда аталган максаттарды ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүнү жана ЖӨБ органдарынын, ошондой эле жарандык коомдун атынан чыккан жергиликтүү уюмдардын адистеринин потенциалын арттырууга жана кесипкөйлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүнү макулдашты.
 
Өнүктүрүү саясат институту жана Эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коом жогоруда аталган максаттарга жетүүгө багытталган бир катар иш-чараларды, анын ичинде конференцияларды, тренингдерди, ошондой эле алмашуу боюнча ишчараларды уюштурууну жана өткөрүүнү пландаштырып жатат.