Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Республиканын түштүгүнө пресс-сапар: мамлекет экономикалык өнүгүүгө кантип таасир этүүдө?

2013-07-30 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары

Сапар журналисттерге биздин өлкөнүн түштүгүндө экономиканын өнүгүү деңгээлин өз көзү менен көрсөтүү жана ошол эле маалда артыкчылыктар менен жетишпегендиктерди салыштыруу максатын көздөдү.

Өнүктүрүү саясат институту “Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчтөндүрүү” долбоорунун алкагында Эл аралык жеке ишкерчилик Борбордун каржылык колдоосу менен Кыргызстандын журналисттери үчүн Ош жана Жалал-Абад облустарына пресс-сапар уюштурду. Сапарга өлкөнүн бардык облустарынан, ошондой эле Бишкек шаарынан ММКнын 23 өкүлү катышты.
 
Сапар журналисттерге биздин өлкөнүн түштүгүндө экономиканын өнүгүү деңгээлин өз көзү менен көрсөтүү жана ошол эле маалда артыкчылыктар менен жетишпегендиктерди салыштыруу максатын көздөдү.
 
Долбоордун адистери программа даярдашты. Ага ылайык, журналисттер 12 экономикалык объектти кыдырып чыкты. Алардын арасында кичи жана орто бизнес объекттери, ошондой эле ири ишканалар бар. Бизнес объекттер чарбачылыктын түрдүү тармактарынан тандалып алынып, төмөнкүлөрдү камтыды: санаторий, цемент заводу, пахтаны кайра иштетүүчү жана тазалоочу заводдор, нан өндүрүшү, мейман үйү, күрүчтү тазалоо боюнча комбинат, ошондой эле өлкөнүн түштүгүндөгү ири саналган, Кара-Суу шаарында жайгашкан «Туратали» базары.
 
Пресс-сапардын катышуучулардын өздөрү белгилегендей, бирдей мүмкүнчүлүктөр болгон учурда да бардык эле бизнес атаандаштыкка, сапаттын стандартына туруштук берип, өнүгүп кете албайт. Анткен менен көптөгөн жеке ишканалар журналисттерди абдан таң калтырды. Экономикадагы чайпалууларга жана өлкөдөгү көп учурда туруксуз кырдаалга карабастан, бизнес ээлери колун куушуруп отуруп калбастан, пайда гана таппастан, ошону менен бирге керектөөчүлөрдү сапаттуу продукция менен камсыздап, атаандаштыкка башын бийик көтөрүп туруштук беришүүдө.