Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары

2021-12-17 / Өнөктөштөрдүн жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары

Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу 25 жылдыгын белгиледи.

2021-жылдын 22-октябрында республиканын 40 районунан, облустук жана республикалык шаарлардан келген 14 делегаттын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун Жалпы чогулушу өттү. КР ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ уюмдун 2020-2021-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгү үчүн отчет берди. Ошондой эле текшерүү комиссиясынын отчету угулуп, аны текшерүү комиссиясынын мүчөсү Насипа ДЖЕНБАЕВА окуп берди.

ЖӨБ Союзунун эл аралык өнөктөштөрү катышуучуларга видео кайрылуу жасап, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Алар: Орусиянын шаарлар Союзунун башкы директору Александра ИГНАТЬЕВА, Латвиянын ЖӨБ ассоциациясынын төрагасы Гинтс КАМИНСКИС, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзунун Башкы катчысы Фахри СОЛАХ.

Андан кийин КР ЖӨБ Союзунун 25 жылдыгын жана Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө салым кошкондорду сыйлоо аземи өттү. “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” төш белгиси менен 40тан ашык адам, анын ичинде ЖӨБдүн аткаруу органдарынын төрт мөөнөттөн ашык иштеген жетекчилери сыйланышты. Алар:

  •  
  • Төлөбек ӨМҮРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү иштери боюнча экс-министри;
  • Бейшенбек БОЛОТБЕКОВ, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин экс-директору;
  • Бахтияр ФАТТАХОВ, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин экс-директору;
  • Накен КАСИЕВ, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-директору;
  • Бакыт РЫСПАЕВ, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-директору;
  • Джумагуль ЭГАМБЕРДИЕВА, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-директору;
  • Бахтияр САЛИЕВ, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-директору;
  • Мамасадык БАКИРОВ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
  • Жумадыл ЫСАКОВ, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин экс-директору;
  • Аалы КАРАШЕВ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
  • Кенжебек БОКОЕВ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
  • Куванычбек ШАДЫБЕКОВ, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-директору;
  • Олег ТАРБИНСКИЙ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары;
  • Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын Айыл жана поселоктордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын экс-төрагасы;
  • Эмилбек АЛЫМКУЛОВ, КР ЖӨБ Союзунун экс-төрагасы;
  • Болотбек АСАНАКУНОВ, КР ЖӨБ Союзунун экс-төрагасы;
  • Жалалбек БАЛТАГУЛОВ, КР ЖӨБ Союзунун экс-директору;
  • Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ, КР ЖӨБ Союзунун экс-директору;
  • Абдырахман МАМАТАЛИЕВ, Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
  • Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы;
  • Бекболот БЕКИЕВ, ӨСИнин башкаруу мүчөсү, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси;
  • Улара НАРУСБАЕВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун координатору;
  • Асел МАМБЕТОВА, Хельветастын “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун менеджери;
  • Сабина ГРАДВАЛЬ, ӨСИнин башкаруу мүчөсү, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жетекчиси;
  • Макс Георг МАЙЕР, Ханнс Зайдель Фондунун долбоорунун аймактык кеңсесинин жетекчиси;
  • Эльчибек ДЖАНТАЕВ, КР Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу АӨМАнын директору;
  • Александр ТРЕТЬЯКОВ, эксперт;
  • Асылбек ЧЕКИРОВ, эксперт;
  • Салих МУРЗАЕВ, эксперт;
  • Бакыт САТЫБЕКОВ, эксперт;
  • Гульгакы МАМАСАЛИЕВА, “Интербилим” КФнын директору;
  • Чолпон ЭРГЕШОВА, “АБАД” КФнын директору;
  • Найзабек КӨЛБАЕВ, Аламүдүн АӨ башчысы;
  • Курманбек КАЙЫКОВ, Карасаев АӨ башчысы;
  • Рахат ААЛЫБАЕВ, Ак-Талаа районундагы Ак-Тал АӨнүн башчысы;
  • Эргешалы ШАНАЗАРОВ, Гүлистан АӨнүн башчысы, Ноокат району;
  • Галбу ОСМОНОВА, Совет АӨнүн башчысы, Кадамжай району;
  • Токтобай БЕЧЕЛОВ, Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы, Бакай-Ата району;
  • Эркинбек ТУРДУКУЛОВ, Могол АӨнүн башчысы.

Андан кийин жалпы чогулуштун катышуучуларына КР ЖӨБ Союзунун 2021-2025-жылдарга Иш-аракеттер планы тааныштырылды жана КР ЖӨБ Союзунун Уставына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул өзгөртүүлөргө ылайык пандемиянын айынан жаралган чектөөлөргө байланыштуу онлайн жыйналыштарды өткөрүүгө уруксат берет.

Ошондой эле КР ЖӨБ Союзунун Башкармалыгынын жана Текшерүү комиссиясынын жаңы курамы шайланды. КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун Башкармалыгынын төрагасы болуп Бишкек шаарынын мэри Айбек ЖУНУШАЛИЕВ, ал эми Чүй облусунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп шайланды.