Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кумбел АА

2014-10-09 / Көңүл чордонунда
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кумбел АА

Айылда көрүстүндүн тегерегин тосуу...

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Кумбел айылын чыгыш жана батыш тарабынан көрүстөн курчап турат. Бул жерлерге адамдарды өткөн кылымдын 60-жылдарынантарта көмө башташкан. Көрүстөндү курчап турган дубалдар убаккыт өтүп эскирип, урап калды.Акыркы жылдары алардын саны бир нече эсеге өсүп, Кумбел АӨ тарабынан көз жумган адамды жерге берүү жана көрүстөндү курчап чыгуу үчүн кошумча жер берилген. Тосмо катары айылдын тургундары жаш талдарды отургузууну чечишкен, бирок үй жаныбарлары көпчүлүк көчөттөрдү тебелеп; тегерек четти булгап салган; көрүстөндүн ири бөлүгү каралбаган бойдон кала берүүдө.

Эмнелер жасалды? 2013-жылдын күз мезгилинде айылдын имамы көрүстөндүн аймагын курчоо зарылчылыгы тууралуу маселени көтөрдү. Айыл старосталары менен кеңешкенден кийин имам менен старосталар ар бир үй кожолугунан 100 сомдон акча чогултууну чечишти; ушул айылда өскөн жаштар борборунун жетекчиси 165 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк салымын кошту, ушул айылда чоңойгон дагы бир демөөрчү 15 миң сом берди. Аймактын жашоочулары жумуштарды өз күчү менен бүтүрүп, эмгек салымын кошууну чечти. Иштин көлөмү аймактын бардын үй-бүлөлөрүнө тең үлүштө бөлүнүп берилди. Кумбел АӨ жашоочулардын демилгесин колдоп берүүнү чечип, жергиликтүү бюджеттен 230 миң сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул маселе АК отурумунда каралып, жергиликтүү депутаттардын колдоосуна ээ болду.

Натыйжалар Көрүстөндүн тегерегин курчоо боюнча иштер башталып калды. Айыл аксакалдар кеңешинин төрагасы Кубат ЗАКИРОВ жашоочулардын өздөрү ушул демилгени көтөрүп, зарыл болгон каражатты таап, өз күчү менен бүтүрүп жатканы өзгөчө баалуу деп эсептейт.

К. КУЛЧАЕВ,инвестицияларды тартуу жана АЭС адиси

М. АРТЫКБАЕВ, АА башчысы

Окшош материалы: