Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол АА

2014-10-09 / Көңүл чордонунда
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол АА

Кара-Булуң насос станциясынын курулушу

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Жаңы-Жол айылдык аймагы тоолуу жерде жайгашкан жана төрт айылдан турат. Аймактын калкынын саны 6 709 адамга жетет, бул болсо 1 603 үй кожолугу. Аймактын көпчүлүк тургундары мал багып, дан маданиятын өстүрүү менен алектенет.Жыл сайын ичүүчү суунун жетишсиздиги өзгөчө талаа иштери маалында курч турат. Аймактагы жерлердин жалпы аянты 625 гектарды түзөт,алардын ичинен сугат суу болгону 9 гектар айдоо жерлерине гана жетет. Жыл сайын сугат суунун жетишсиздиги айыл тургундары ортосундагы жаңжалдардын себепчиси болуп келген. Буга байланыштуу мына ушул маселе аймактагы эң артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн катарына кирди.Кара-Булуң участогундагы аянты 100 гектарга жакын айдоо жерлерине сугат суу жетпеген бойдон калчу. Участоктун чоң аймагын эсепке алганда жашоочулар жыл сайын бул жерлерден ала турган бай түшүмдөн куру калып келишти.Совхоз иштеп турган жылдары ушул аймактын участогунда суу насосу жакшы иштечү. Бул аймактарды иштетүүдө дыйкандар 1 гектар жерден 60 ц буудай, 90 ц чейин жүгөрү, 300 ц чейин картөшкө жана 200 центнерге чейин тоют алчу. 1994-жылдан тарта насос станциясы кароосуз калып, таланып кетти. Аймактын жашоочулары Кара-Булуң участогун иштетүүдөн күтүлгөн түшүмдүн ордуна сырттан продукция сатып алууга мажбур болду.

Эмнелер жасалды?2012-жылдан 2013-жылга чейинки мезгил аралыгында муниципалитеттин аймагында ЭКБА-ишчараларынын бардык баскычтары уюштурулду жана өткөрүлдү – чогулуштар, айыл өкмөт аппаратынын адистеринин, андан тышкары жергиликтүү депутаттардын катышуусу менен жергиликтүү тургундар арасында жумушчу жолугушуулар. ЭКБА-иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча чукул арадачечүүнү талап кылган жана өзгөчө курч турган 13 көйгөй аныкталды. Алардын ичинде сугат суунун жетишсиздиги да бар эле. Маселени чечүү жана калкты активдештирүү максатында жергиликтүү калктын арасынан демилгелүү топтор түзүлдү.Алардын курамы жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилди.Жашоочулар алдына максат коюшту – аянты 100 гектар болгон Кара-Булуң участогундагы айдоо жерлерин сугат суу менен камсыздаш керек эле.Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүнжергиликтүү жамааттарда сакталып калган узундугу 200 метр, диаметри 500 мм болгон суу куурларын оңдоп-түзөө жана иштеген абалга келтирүү,трансформатор жана насос агрегатын орнотуу.Бардык зарыл болгон деталдар, ремонттук иштер изилденип, чогулган маалыматтардын негизинде долбоор иштелип чыкты.Долбоордук табыштама ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында чакан гранттар сынагына катышууга жиберилди. Сынактык комиссиянын чечими менен долбоор жактырылып, 1 миллион сомго грант түрүндө каржылоого ээ болду. Анткен менен долбоорду жактыргандан кийин аймактын жашоочуларынын алдында башка маселе пайда болду: куурлар дээрлик жыйырма жылдан бери колдонулбагандыктан алардын баары катуу булганып калган. Мындан тышкары насос станциясынын курулушу үчүн жер даярдаш керек болчу. Демилгелүү топтун лидери Марат АКМАТОВ топтун бардык лидерлерин чогултуп, булганган куурларды жашоочулардын күчү менен тазалоону сунуштады. Ошентип куурлар жашоочулардын ар бир тобу үчүн 10 метрден бөлүнүп берилди. Белгилей кетчү жагдай, жумуштарга эркектерден тышкары аялдар жана өспүрүмдөр да катышты. ДТ мүчөлөрү иш планын түзүп, тендер жарыялады, ал эми тендерде утуп чыккан “Авангард” ЖЧК насос станциясын куруп берди.

НатыйжаларБүгүнкү күндө Кара-Булуң участогунан чогулган түшүм бир нече эсеге өстү, жергиликтүү дыйкан дарда зарыл болгон түшүмдү өздөрүнөн чогултуп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп, сырттан продукция сатып алууга акча коротпой калышты.

Төл сөз Изираил АРЫКБАЕВ, жергиликтүү тургун: “Бизнегизги максатыбызга жеттик деп эсептейм.Биз станциянын иши үчүн зарыл болгон электр энергиясын баарыбыз төлөйбүз. Аксакал куракка жетип калсам да, куурларды тазалоого катышкандан тартынган жокмун. Ошондуктан мен да күчүмдүн жетишинче коомдук иштерге тартылдым. Ушунча жылдан кийин станция иштеп кетерине көзү жетпегендер да болду. Алар ары да, бери да өтүп, тамаша кеп таштап, кэ-эде шылдыңдап да жатышты. Бактыга жарашаэми биз аракеттерибиз текке кетпегенин такбилебиз”.

Окшош материалы: