Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери АА

2014-10-09 / Көңүл чордонунда
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери АА

Жакшы жолдор – көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Бостери АА Ысык-Көл облусундагы эң ири аймактардын бири болуп эсептелет. Ал жакта 11 миңден ашуун киши жашайт. Тилекке каршы аймактын борбордук айылы болуп эсептелген жана 6 миңден ашуун киши жашаган Бостеринин ички жолдору өтө начар абалда: тар, таштак, бул болсо жашоочулар жана машине ээлери үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Мисалы, тез жардам унаасы оорулууга жете албай, натыйжада ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөй кал-ган; ата-энелер өз маалында баласын бала бакчага жеткире албай калгандыктан жумушуна кечигишет.

Эмнелер жасалды? Бир топ маселелерге бет келген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү топтун мүчөлөрү демилгени өз колуна алып, жолдорду оңдоо жана тазалоо боюнча иштерди башташты. “Ынтымак” ДТ лидери К.ИСМАИЛОВ ДТ мүчөлөрү, АК депутаттары, АӨ кызматкерлери менен биргеликте ички жолдорду текшерип чыгып, ошол көчөлөрдүн тургундары менен жолугушуп, жолдорду оңдоо боюнча иш планын даярдашты. Бул маселе жергиликтүү жамааттын 7 эң көйгөйлүү маселесин аныктоо үчүн өткөрүлгөн ЭКБА-иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Бостери АӨ бир-гелешкен аракеттер планына кошулган. Айылдын жашоочулары бул демилгени колдошуп, жардам берүүгө даярдыгын билдиришкен.

Натыйжалар Бостери айылында 5 километр жол оңдолду(жолдун бир километри Мамажандын ою жаңы конушунда; 1,7 км Акжолтой көчөсүндө; 2,3 км Байжигит жана Жаштык көчөлөрүндө) жана Бактуу-Долоноту айылында узундугу 1,5 км болгонО.Жолдошев атындагы көчө оңдолду. Мына ушундай ремонттук иш-чаралардын натыйжасында жалпы колдонуудагы жолдордун унаа өтчү бөлүгү кеңейип, жөө жүргүнчүлөрдүн жолду ыңгайлуу кесип өтүүсү үчүн шарттар түзүлдү. “Ынтымак” ДТ мүчөлөрү оңдолуп жаткан жолдорду улам сүрөткө тартып турушту жана ремонттун бардык процессин чагылдырган сүрөттөр АӨ имаратынын маалымат тактасында жарыяланды; жергиликтүү жамааттын элеттик чогулуштарында АӨ башчысы жашоочуларга күнүмдүк жана аткарылып жаткан иштер,бул ремонт канчага турганын айтып берди. Биргелешкен аракеттер планында Бостери АӨ калктын жана жеке инвесторлордун колдоосуна ээ болду.Ал эми эң негизгиси аймактын жашоочуларынын ыңгайы үчүн маселени чечип, калктын ишенимине ээ боло алды.

Т. АЙЫЛЧИЕВ, АА башчысыР. ТОКТОБАЕВА,“Чайка” маданий борборунун жетекчиси

Окшош материалы: