Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алды АА

2014-10-02 / Көңүл чордонунда
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алды АА

Айылдагы жаштар сейил багы – эс алуу үчүн ыңгайлуу жер

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү 2012-жылы Бел-Алды аймагындагы Сары-Сөгөт айылында кырсык болгон машине жолдун боюнда ойноп отурган 7 жаштагы баланы коюп кеткен.Жамаат балдар аянтчасын жана бала бакча ишин уюштуруу маселесин чечүү үчүн бириккен. Анткен менен көптөгөн талкуулардын,жолугушуулардын,чогулуштардын жүрүшүндө аймактын башка максаттуу тобунда – жаштарда да көптөгөн көйгөйлөр жана канааттандырылбай калган керектөөлөр бар болгону аныкталган. Мисалы, Бел-Алды аймагында маданият үйүнүн, спорт залдын, бассейндин же сейил бактын жоктугунан улам бош убакытты өткөрүү үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Анткен менен аймакта жылына бир жолу “Мүчөлүү жыл”иш-чарасын өткөрүү салтка айланган. Бул ишчара түрдүү спорттук таймаштар менен коштолуп,анын жеңүүчүлөрү акчалай байге алышчу. Тилекке каршы мындай иш-чаралардын оң жыйынтыктары көрүнгөн эмес. Анткени көп учурда жеңишин белгилөө үчүн балдар арак ичип алып, анын аягы каламан мушташ менен аяктачу.

Эмнелер жасалды?2014-жылдын башында “Аракеттеги жаштар” жаштар кыймылын түзүү үчүн Сары-Сөгөт айылынын жаш активисттеринин алгачкы отуруму өттү. Жаштар учурдун көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты. Мисалы,“Мүчөлүү жылды” өткөрүү салтын уланта берүү, бирок алынган акчалай байгени аймакты өнүктүрүүгө жана айылдын маанилүү маселелерин чечүүгө колдонууну чечишти. Ошондой эле аймактын жигердүү жаштары жаңы долбоорду ишке ашыруу демилгесин көтөрүп чыгышты – бул Жаштар сейил багы. Бул демилге аймактын ар бир тургунуна бош убактысын көңүлдүү өткөрүп, таза жана көрктүү сейил бакта эс алуу мүмкүнчүлүгүн бермекчи. Жергиликтүү жаштар долбоорду даярдап, аны кезектеги сессияда сунушташты. Долбоорду айыл өкмөтү, айылдык кеңеш жана жергиликтүү калк колдоп, жыйынтыгында эс алуу үчүн сейил бакты түзүүгө 0,40 гектар жер бөлүндү. Бул максатта аймактын тегерегин тосуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 25 миң сом бөлүндү. Ошондой эле Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун жергиликтүү өкүлчүлүгү 33 500 сом бөлдү. Бул долбоордун демилгечилери маалыматтык акция өткөрүштү: кызыкдар адамдарга чакыруу баракчалары жиберилип, маалымат баннерлери илинип, социалдык тармактарда айылда паркты түзүү тууралуу маалымат таратылды.

Натыйжалары Мындай масштабдуу маалыматтык акциянын натыйжасында зарыл болгон каражат чогултулуп, 170 көчөт сатып алынып, баасы 10 миң сом болгон дарбазалар орнотулду жана сейил бак Бел-Алды айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Ушул тапта акциянын уюштуруучулары сейил бакта эс алуучулар үчүн бир нече таштанды урналарын, чырактарды жана отургучтарды орнотуу үчүн кошумча каражат издеп жатышат Сейил бак көптөгөн адамдарды бириктирди.Ы.АЛЫМБЕКОВ атындагы жергиликтүү мектептин бүтүрүүчүлөрү, ушул мектептин мугалимдери жана окуучулары, жаштар, балдар жана алардын ата-энелери, аймактын бардык жашоочулары жаш курагына карабастан сейил бакты түзүүгө жана сактоого салым кошууну өз милдетим деп түшүнүштү. Аймактын жашоочусу А.ДОНДОЛОЕВ сейил бакты “Жаштар багы” деп атоону сунуштады. Акция жана аткарылган иштер тууралуу маалымат “Шамшыкал” райондук гезитинде жарыяланды; сүрөттөр социалдык тармактарга жүктөлүп, Орусияда иштеген замандаштардан көптөгөн жакшы пикирлер, ыраазычылык сөздөрү айтылды.Сейил бакты көрктөндүрүү боюнча иштер Бел-Алды, Коргон жана Сары-Сөгөт айылдарынын бардык жашоочуларынын жана өнөктөштөр – жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин, Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн, аксакалдар сотунун төрагасынын,Токтогул РЭСинин жергиликтүү бөлүмүнүн, Ы.АЛЫМБЕКОВ атындагы мектептин мугалимдеринин, окуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн,Токтогул районунун Токой чарбачылыгынын, “Токтогул жаштары” коомдук бирикмесинин лидерлеринин колдоосу менен 4 айдын ичинде бүткөрүлдү.Түз бенефициарлардын саны 3000 кишиден ашат,кыйыр бенефициарлар андан да көп – сейил бакты көргөндөрдүн жана андан ырахат алгандардын баары.

Т. ЖАЙЫЛОВ, АА башчысыС. МОМУНАЛИЕВ, АК депутаты

Окшош материалы: