Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ивановка айылдык аймагы Швейцария парламентинин спикерин кабыл алды

2012-11-29 / ӨСИ жаңылыктары

Кыргызстанга Швейцариядан расмий делегация биздин өлкөдө Швейцария конфедерациясынын элчилигинин ачылышына байланыштуу келген.

 

Кыргызстанга Швейцариядан расмий делегация биздин өлкөдө Швейцария конфедерациясынын элчилигинин ачылышына байланыштуу келген. Ушул сапардын жүрүшүндө жогорку даражалуу коноктор Швейцариянын Кыргыз Республикасына көрсөтүп жаткан жардам программалары жана алардын бир бөлүгү болуп эсептелген “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен таанышты. Андыктан 6-ноябрда швейцар тараптын өкүлдөрүн Ивановка айылдык аймагы кабыл алды. Ивановкага Швейцария конфедерациясынын Кантондор кеңешинин президенти Ханс Альтер, швейцар парламентинин Жогорку палатасынын спикери, Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча Швейцария агенттигинин башкы директорунун жардамчысы Курт Кун, Швейцариянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Лоран Ги, анын орун басары Реми Дуивен, башка расмий адамдар, алардын ичинде ушул долбоордун куратору Эльвира Мураталиева да барды. Коноктор улуттук деңгээлде, конкреттүү муниципалитеттин денгээлинде жасалып жаткан иштер менен таанышып, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташуунун натыйжасында абалы жана иш натыйжасы бир топ жакшыра түшкөн объекттерди кыдырып чыгышты.