Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш АА

2014-10-09 / Көңүл чордонунда
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш АА

Дени сак улут – ден соолугу чың коом

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Советтер Союзу урагандан кийин Кыргызстанда билим берүү системасы да начарлап, жаш муунду тарбиялоо деңгээли бир кыйла төмөндөп кетти. Көптөр ичимдик, баңгизат менен алектене баштады. Бул болсо уурулук, каракчылык, машине уурдоо өңдүү тартип бузууларга жана башка коомго каршы жүрүм-турумдарга алып келди.

Эмнелер жасалды?Көйгөйдүн өзөгүн түшүнгөн жана башкача жашоону каалаган, өзүнүн жана курдаштарынын келечегин өзгөртүүнү каалаган жигердүү жергиликтүү жаштар бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү жолго салуу үчүн өзүнүн аракеттер планын иштеп чыкты. Жаштар топтору айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен кызматташтыкта изилдөө жүргүзүшүп,спорт менен алектенген жаштардын абалы менен баңгиликтин, кылмыштуулуктун сазынан чыга албай калган жаштарды салыштырып көрдү.Изилдөөнүн натыйжаларынын базасында жаштар үчүн сергек жашоонун пайдасы тууралуу маалымат берүүчү-түшүндүрүүчү акциялар уюштурулду. Маалыматтык иштерди өткөрүү үчүн каражатты жаштар өздөрү чогултту. Ал эми айыл өкмөтү иш үчүн орун бөлүп, документтерди даярдоо үчүн кеңсе техникасы менен камсыздап берди.Жигердүү жаштар, жаштар топторунун мүчөлөрү үзгүлтүксүз чогулуп, айылдарда маалыматтык иш-чараларды өткөрүп турушту. Өз күчү менен спорт залын ремонттоп, ал жерде спорттук ийримдер уюштурулду. Учурда ар бир каалоочу бокс, күрөш жана оор атлетика менен алектене алат. Спорттук комплекс Кеңеш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилет, ал эми жергиликтүү бюджеттен аны күтүүгө каражат бөлүнөт деп макулдашылды. Үч тренер, кароолчу жана техникалык кызматкер үчүн жумушчу орундар түзүлөт. Спорт комплексинин курулушуна 1 720 186 сом чогултулду жана максаттуу пайдаланылды. Алардын ичинен 750 186 сомду жергиликтүү жамаат, ал эми 970 000 сомду демөөрчүлөр бөлдү. Уруксат берүүчү жана долбоордук-сметалык документтерге 18 000 сом сарпталды.

Натыйжалар Демилге ЖӨБ тарабынан гана эмес, жергиликтүү жамаат тараптан да кеңири колдоого ээ болду-долбоорго айылдын бардык жашоочулары катышты. Бул болсо аларга биригүү жана бирин-бири жакшырак түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берди. Аткарылган иштердин натыйжалары маалымат тактасында үзгүлтүксүз жаңыланып турду.Бенефициарлар - жергиликтүү жигердүү жаштар жана кошуна айылдын жаштары; түз бенефициарлар 250 киши болду. Ал эми кыйыр бенефициарлар – айылдын жаштары жана улуу муун өкүлдөрү,өзгөчө жаш үй-бүлөлөр.

Төл сөз Жоро КУЛМАТОВ, жергиликтүү кеңештин депутаты: “Спорт – бул жаштарды кылмыштуулукка жана жашоосун талкалоого алып барган баңгиликтен жана аракечтиктен алагдуу кылуунун натыйжалуу ыкмасы. Улуу муун четте карап турууга акысы жок жана жаштар ийгиликтүү болуп, өз күчүнө жана турмуш шартын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ишенүү үчүн алардын демилгелерин колдоого милдеттүү. Биз бириккенде көп иштерди бүтүрө алабыз”.

Рахман ӨМҮРЗАКОВ,АА башчысы

Жанышалы АРЗЫБАЕВ,социалдык маселелер боюнча бөлүмдүн башкы адиси

Окшош материалы: