Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын үч облусунда муниципалдык жерлерди башкаруу боюнча форумдар өтөт

2012-11-29 / ӨСИ жаңылыктары

2012-жылдын 15-октябрынан 20-октябрына чейинки мезгилде ӨСИ эксперттери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 30 пилоттук айылдык аймактарга катталган, индекстештирилген Эркин муниципалдык жерлердин, кадастрдык жана кырдаалдык пландардын Картасын өткөрүп беришти.

 

2012-жылдын 15-октябрынан 20-октябрына чейинки мезгилде ӨСИ эксперттери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 30 пилоттук айылдык аймактарга катталган, индекстештирилген Эркин муниципалдык жерлердин, кадастрдык жана кырдаалдык пландардын Картасын өткөрүп беришти. ЕККУнун суроосу менен карталар долбоордун пилоттук муниципалитеттери үчүн “Ресурстарды натыйжалуу башкаруунун эсебинен жаңжалдардын потенциалын азайтуу максатында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин күчөтүү” долбоорунун алкагында “Атлас-плюс” кадастр тобун тарабынан даярдалды.
 
ӨСИ эксперттери коомдук угууларды өткөрүү жана алмашуу сапарларын уюштуруу үчүн муниципалдык жерлерди эсепке алуунун натыйжасы боюнча Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы муниципалитеттерди тандап алды. Аймактын территориясында табылган бош жерлердин саны тандоодо чечүүчү критерий болуп калды. Мисалы, Баткен облусунун Кара-Бак айылдык аймагында жалпы аянты 11 264,0 м2 болгон 5 эркин муниципалдык участок табылды; Жалал-Абад облусунун Кеңеш айылдык аймагында жалпы аянты 502 370,0 м2 болгон 24 бош муниципалдык участок табылган.
 
Долбоордун жалпы натыйжалары жана жамааттар муниципалдык жерлерди башкаруу стратегиясын кандай кабыл алганы тууралуу кененирээк “М” журналынын кийинки санынан окуй аласыздар.