Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ – жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чексиз булагы

2014-10-02 / Көңүл чордонунда
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ – жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чексиз булагы

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун “Жергиликтүү демилге” аттуу жыл сайын өткөрүлүп турчу үчүнчү сынактын жыйынтыктары чыгарылды. Анын арты менен бүгүн баарыбыз Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттердин жергиликтүү жана ошол жерлердеги жамааттары үчүн өтө маанилүү маселелерди чечүүдө алардын тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. “Жергиликтүү демилге” сынагынын максаты: 1) калктын жамааттын жашоосуна жана жеринде чечимдерди кабыл алуу процессине дагы да жигердүү аралашуусуна дем берүү; 2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча өзгөчө ийгиликтүү мисалдарды шыктандыруу жана алар тууралуу маалыматты жайылтуу максатында аларды аныктоо; 3) Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн иш усулдарын жана жаңы ыкмаларын колдонууга көмөктөшүү.

Жергиликтүү демилге – 2014. Бул жылы Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган Долбоорду ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институту үч облустун 12 районундагы 38 айылдык аймактын өкүлдөрүнөн 74 табыштама алды. Ошону менен бирге 60% Жалал-Абад облусундагы муниципалитеттерден, 39% Ысык-Көл облусунан жана 1% Чүй облусунан түштү. Табыштамаларды эң көп жибергендер: Тоң районунан – 29 табыштама, Тогуз-Торо району – 16 табыштама, Аксы району – 8 табыштама жана Ысык-Көл району – 7 табыштама.

Бир катар муниципалитеттердин өкүлдөрү бирден ашуун маселени чечүү боюнча өз тажрыйбаларын айтып берсе, айрымдары үч, төрт, атүгүл беш табыштамага чейин жөнөтүштү. 2014-жылы эң көп мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү үчүн шарттарды уюштуруу маселелерин чечүү боюнча мисалдар сүрөттөлдү. Аларга көрктөндүрүү маселелери гана атаандаштыкты түздү. Бул жылы табыштамалардын айырмалуу белгиси төмөнкүдөй болду: көп учурда авторлор ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттар, анын ичинде жарандык коом уюмдары менен өнөктөштүктө алып барган иштери тууралуу айтып беришти. Бирок жөн гана иштер тууралуу эмес, азырынча көптөр үчүн жаңы болгон натыйжа үчүн иштөө тажрыйбасы – калктын чыныгы керектөөлөрүн канааттандыруу, ЖӨБ органдары жашоочулар арасында керектөөлөрдү изилдегени жана андан кийин дал ушул жергиликтүү жамаат көрсөткөн багытта иш алып барганы, б.а., артыкчылыктуу маселелерди чечкени жөнүндө баяндап беришти. Бул мисалдардын баары төмөнкүлөргө негизделген:
 
  • жергиликтүү жамааттын ЖӨБ органдары уюштурган жана өткөргөн коомдук ишчараларга катышуусуна;
  • коомдук иш-чаралардагы талкууларга жигердүү катышуусуна;
  • ЖӨБ органдары жергиликтүү жамаат үчүн артыкчылыктуу маселелерди чечүүдө жон териси менен сезип жаткан жана сезиши мүмкүн кыйынчылыктарды биргелешип чечүүнүн жолдорун талкуулоого жана сунуштоого даярдыгын билдирген муниципалитет жашоочуларынын кайдыгер эмес мамилесине;
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө калктын эркин жана жигердүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө умтулган ЖӨБ органдарынын жаңы көндүмдөрүнө;
  • жергиликтүү бюджеттерди толтуруу үчүн пайда болуп жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөргө.

“Жергиликтүү демилге – 2014” Сынагынын жеӊүүчүлөрү. 2014-жылдын 3-сентябрында курамына Өнүктүрүү саясат институтунун, “Ачык бюджет үчүн” альянсынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, “Айыл демилгеси” КБнын жана “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун өкүлдөрү кирген сынактык комиссия баалоонун негизинде “Жергиликтүү демилге” сынагынын жыйынтыгын чыгарып, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды.“Жергиликтүү демилге” сынагынын жеңүүчүлөрү деп төмөнкү табыштамаларды таануу:

  • 1-орун – Жалал-Абад облусунун Көк-Ирим ААнын “Айылымдагы жаңылыктар ай сайын жарыкка чыгып турат” (арыз ээси – Паризат НАЙМАНОВА, айыл өкмөттүн кирешелер боюнча адиси), байге – 150 000 сом.
  • 2-орун – “Айылдагы заманбап ФАПтын курулушу”, (арыз ээси – Нурадин УЗБЕКОВ, ФАПтын жетекчиси), Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой АА, байге – 100 000 сом.
  • 3-орун – “Балдарга камкордук – ар бир адамдын милдети” (арыз ээси – Асылкан ИМАНОВА, “Жаш-Тилек” бала бакчасынын жетекчиси), Жалал-Абад облусунун Биринчи май АА,байге – 70 000 сом.
Жергиликтүү демилгелерди белгилеп, төмөнкү 23 табыштамага 15 000 сомго чейинки көлөмдө шыктандыруучу байгелер ыйгарылсын:
  •  “Чет-Булак айылында үйдү бала бакчага беришти”, Каргалык АА, Тогуз-Торо району; “Туура тамактануу – дени сак бала”, Жаңы-Жол АА, Токтогул району; “Келечекке кадам бала бакчадан башталат”, Бешик-Жон АА, Базар-Коргон району; “Жамаат – бул айылды өнүктүрүүдө күч, ал эми аны мектепке чейинки билим берүүдөн баштаса болот” Тогуз-Булак АА, Түп району;
  • “Сугат суу – элеттик дыйкандар үчүн жашоо булагы”, Липенка АА, Жети-Өгүз району; “Чакан футбол талаасын жарыктандыруу”, Барпы АА, Сузак району;
  • “Балдарыбыздын кубанычы жана күлкүсү”, Ивановка АА, Ысык-Ата району; “Чечим кабыл алуу жолунда артыкчылыктуу маселелер”, Багыш АА, Сузак району; “Бала бакча – туш тараптан салым”, Ленин АА, Сузак району; “Кара-Суу айылындагы көпүрөнүн ремонту”, Улахол АА, Тоң району;
  • “Калктын жашоо шартын жакшыртуу” – Арал АА, Түп району; “Куурчак театры: балдарыбыз үчүн мыкты келечек”, Тору-Айгыр АА, Ысык-Көл району; “Ишенимдүү маалымат – калк үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүү”, Болот Мамбетов АА, Тоң району;
  • “Жакшы жолдор – көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу”, Бостери АА, Ысык-Көл району; “Айылда көрүстөндөрдүн тегерегин курчоо”, Кумбел АА, Ысык-Көл району; “Дени сак улут – ден соолугу бекем коом”, Кеңеш АА, Базар-Коргон району; “Айылдагы жаштардын сейил багы – эс алуу үчүн ыңгайлуу жер”, Бел-Алды АА, Токтогул району;
  • “Ашар жолу менен арыктарды оңдоо”, Ак-Чий АА, Ак-Суу району; “Электрондук китепкананы эмеректер менен жабдуу”, Тогуз-Торо АА, Тогуз-Торо району; “Электрондук китепкананы түзүү”, Жерге-Тал АА, Аксы району; “Орто мектептин чатырын оңдоо”, Сары-Булуң АА, Тогуз-Торо району; “Кара-Булуң насос станциясынын курулушу”, Жаңы-Жол АА, Аксы району;
  • “Мектеп бюджетинин ачык-айкындуулугу жана Жергиликтүү демилгенин 3 жана андан ашык мисалын жиберген аймактардан табыштамалардын саны 2014-жылдагы жергиликтүү демилгелердин темалары мааттын ишенимин бекемдейт, Төрт-Күл АА, Тоң району.

Өнүктүрүү саясат институту сынактын жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын сынакта жеңишти камсыздаган жана өз табыштамаларынын беттеринде бөлүшкөн тажрыйбасынын натыйжаларын жакшыртуу үчүн Долбоордон кошумча мүмкүнчүлүктөрдү алышы менен куттуктайт. Бирок андан да маанилүүсү – сынакты уюштуруу тажрыйбасы Кыргызстанды жарандык коомдун өнүгүүсү, жарандык катышуунун жогорулашы менен куттуктоого негиз берет.

Жергиликтүү демилгенин тажрыйбасы. “Жергиликтүү демилге” сынагынын натыйжасы айрым жарандардын, алардын топторунун жана бирикмелеринин (жалпы максаттар жана милдеттер менен, же бир тапшырманы аткаруу үчүн бириккен формалдуу да, бейформал да) жергиликтүү актуалдуу маселелерди чечүүгө тартылуу деңгээлинин өсүшүн тастыктайт.Тажрыйба көрсөткөндөй, демилгелер туш тараптан пайда болот:
 
  • ЖОГОРУ ЖАКТАН ТӨМӨНГӨ КАРАЙ: мында ЖӨБ органдары калктын социалдык жигердүүлүгүнө дем берет, башкаруунун субсидиардык моделин, реформалардын талаптарын кармануу менен, жарандарды жеринде чечим кабыл алууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу механизмдеринин дагы да кеңири түрлөрүн колдонот;
  • ТӨМӨН ЖАКТАН ЖОГОРУ КАРАЙ: мында калк диалог же нааразылык формасында башкаруу органдарына өз керектөөлөрүн жеткирет. Ошону менен бирге белгилүү биркызыкчылыктардын тегерегинде биригип, мобилдешип, жамаат ичиндеги байланыштарды жөнгө салат.
Бул табигый көрүнүш, анткени тартылгандык процесстин 2 жагын тең камтыйт: тарткандарды жана тартылгандарды. Сынактын концепциясы жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө иштин алдыңкы усулдарын жана жаңы ыкмаларын колдонууга дем бергенге багытталган, ал эки тарапка тең кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Диаграмма жергиликтүү демилгелердин “авторлор” курамындагы сапаттуу өзгөрүүлөрдү көрсөтүп турат. Салыштыруу ЖӨБ органдарынын, муниципалдык кызматчылардын (мындайча айтканда “бюджеттегилер”) өздөрү белгилүү бир объекттердин тагдыры, кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары үчүн жоопкерчиликти бөлүшүүгө жергиликтүү жамаатты көбүрөөк тартууга аракет кылып калды деп ырастоого негиз берет. Сүрөттөлгөн демилгелерди ишке ашыруунун катышуучулары бир кыйла көп. Катышуу дегенде биргелешкен иш-чараларды, жумуштарды жана жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууну түздөн түз каржылоолорду айтабыз.Демилгелер бир жолку мүнөзгө ээ эместигин белгилей кетүү маанилүү, анткени көп учурда жергиликтүү демилге – бул активдерди түзүү, кийин жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасына акча кошууну, физикалык абалын колдоп турууга үзгүлтүксүз каржылоону, көбөйтүүнү (адатта болуп келгендей, мисалы, бала бакчаны андан ары кеңейтүү, тазаланган каналдардын узундугун көбөйтүү ж.б.) талап кылат. Дээрлик ар бир ушундай демилге иштеп турууну камсыздоону да талап кылат (тийиштүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы: коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, жаңы объекттердин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө ж.б.). Бул ракурстан алганда ЖӨБ органдарын муниципалитеттердин аймагындагы БАРДЫК демилгелердин катышуучусу деп атаса болот. “Жергиликтүү демилге” сынагы ошондой эле жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү каржылоосунда өсүштү көрсөтүп жатат. Бул болсо жарандардын арыздарына, талаптарына жана сунуштарына жооп катары жергиликтүү жамааттын каражаттарын короткон ЖӨБ органдарынын жоопкерчилик даражасынын өсүшүнүн далили болуп эсептелет. Муниципалитеттердеги топтолгон тажрыйба жана коомдук мааниге ээ конкреттүү чечилген маселелер ага катышкан жергиликтүү жамааттар үчүн баалуу. Бирок уникалдуу мисалдар өтө сейрек кездеше баштады, көп учурда маселенин чечилишин сүрөттөгөн практикада технологияларды сүрөттөө байкалууда. Технологиялар болсо белгилүү бир шарттар болгон учурда гана иштей алат:
 
  • ЖӨБ өкүлдөрүндө ЖДны тартуу, дем берүү каалоосу болгондо;
  • жергиликтүү жамаатта ЖДга катышуу, демилге көтөрүп чыгуу каалоосу болгондо;
  •  ЖӨБОдо ЖДны колдоо боюнча чыныгы мүмкүнчүлүктөрү болгондо (жергиликтүү бюджетте каражаттар жана аны ЖД колдонуу укугу).
Жергиликтүү демилгенин келечеги. ЖӨБда өз ишинде калктан колдоо табуу, өз ишине оң баа алуу каалоосу албетте бар. Бул каалоодон тышкары ЖӨБ органдарында жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, жергиликтүү бюджетти талкуулоого катышуусун камсыздоо боюнча милдеттенмеси да бар. Бүгүнкү күндө мыйзамдардын талаптарын жана бул багытта жол-жоболорду күчтөндүрүү тенденциясы байкалат.Жергиликтүү жамааттын катышуу каалоосу элдин тарыхында да бар. Ар бир кыргызстандык төрөлгөндөн тарта эле “ашар” салты менен тааныш болсо керек. Анын үстүнө эксперттер бүгүнкү күндө Кыргызстанда жарандык коомдун активдүүлүгүн жогору деңгээлде баалашат.ЖӨБ органдарында мүмкүнчүлүктөр да жыл сайын көбөйүүдө, анткени жергиликтүү бюджеттердин киреше булактарынын саны жана көлөмү өсүп жатат. Албетте айылдарда толгон токой көйгөй бар жана мунун баары жергиликтүү казынадан чыгымдарды, ресурстарды талап кылат. Бирок ЖД тажрыйбасы көрсөткөндөй, дайыма эле акча маселелерди чечкен негизги ресурс эмес. Адамдардын дарамети, бай жана ар тараптуу тажрыйба, жаңы билимдер жана көндүмдөр, жаңы механизмдер талап кылынган болуш керек. Бул ресурстардын маанисин сынактык табыштамаларда гана сүрөттөбөстөн, күн сайын баамдай билген маанилүү.Бүгүн жарандык катышуу идеясына негизделген жана жергиликтүү жамааттын тартылуусун камсыздаган үч механизм тууралуу баарына кайрадан эскертким келет:
 
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, буга жараша бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү боюнча иштерди жасоодо, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну пландоодо ЖӨБ органдары үчүн артыкчылыктарды аныктоо аркылуу бюджеттик процесске жарандардын катышуусу; социалдык тапшырык (“Муниципалитет” журналын окуңуз, №4 (29) саны, апрель, 2014); сынактар.
Кыргызстандын ар бир муниципалитетинде ЖӨБО баалуу байгелерди жана белектерди гана тапшырбастан (бул да баалуу), жергиликтүү бюджеттин каражаттарын өзүнүн Жергиликтүү демилгелерине сарпташсын. Айылдын ар бир жашоочусу кайсы бир күнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (АӨ же АК) “Өз кичи Мекениңе ИДЕЯНЫ тартуула” аттуу сынак жарыяланганда өз талантын ача алсын; өзүнө жана кошуналарына жардам бере алсын дейли. Ар бир адам өзү жашаган муниципалитетти мындан да көрктүү, ал жактагы жашоону дагы да ыңгайлуу кылып, балдарга жана карыларга кубаныч, Мекенге туруктуулук жана бакыт тартуулай алсын. 
Сабина ГРАДВАЛЬ,
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”
Долбоорунун жетекчисинин орун басары

 

Окшош материалы: