Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкекте экономикалык журналистика боюнча эл аралык конференция өттү (10 мамлекет)

2012-11-29 / ӨСИ жаңылыктары

2012-жылдын 11-12-октябрь күндөрү Өнүктүрүү саясат институту жана Эл аралык жеке ишкерчилик борбору (CIPE) “Экономикалык журналистика базар экономикасынын өнүгүүсүнүн фактору жана индикатору катары” аттуу конференцияны уюштурушту.

 

2012-жылдын 11-12-октябрь күндөрү Өнүктүрүү саясат институту жана Эл аралык жеке ишкерчилик борбору (CIPE) “Экономикалык журналистика базар экономикасынын өнүгүүсүнүн фактору жана индикатору катары” аттуу конференцияны уюштурушту. Конференция Борбор Азия амагындагы экономикалык журналистиканы өнүктүрүүнүн жана күчөтүүнүн маанисине көңүлдү бурат.
 
Конференцияга Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн тең – Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Түркмөнстандан, ошондой эле Беларус, Орусия, Грузия жана Украинадан ММКнын 100гө жакын өкүлү, журналисттер, редакторлор, экономикалык аналитиктер жана эксперттер, бизнес ассоциациялардын мүчөлөрү катышты. Конференциянын катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын акча-насыя саясаты жана каржы мониторинги бөлүмүнүн жетекчиси Нурсулуу Ахметова учурашты.
 
Конференциянын жүрүшүндө анын катышуучулары Казакстандан, Беларустан, Украинадан, Грузиядан жана Орусиядан келген өкүлдөрдүн бет ачарлары жана докладдары менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар өз өлкөлөрүндөгү экономикалык журналистиканын өнүгүүсү боюнча өз тажрыйбасына негизделген мыкты практикасынын мисалдары менен бөлүштү. Конференциянын экинчи күнү топтордо иштөөгө арналды. Анда экономикалык журналистиканы өнүктүрүүнүн спецификалык маселелери, анын өткөөл экономикага жана туруксуз саясий системага ээ болгон өлкөлөрдө базар экономикасын өнүктүрүүнүн фактору жана индикатору катары ролу талкууланды. Натыйжада идеялар жана сунуштар топтолуп, алар жалпылаштырылган документ жана сунуштар түрүндө топтоштурулду. Алардын толук текстин “Муниципалитет” журналынын ушул санындагы 38-бетинен окуй аласыз.
 
Экономикалык маалымат масштабы боюнча чектелүү болгон жана оңой менен жетпеген аймактарда жарандар жана өкмөт толугу менен жүйөлүү экономикалык чечимдерди кабыл ала албайт. Конференция ММКны жана бизнести өз өлкөсүндөгү экономика тууралуу зарыл болгон маалыматка жарандардын жетүүсүн кеңейтүү максатында дагы да тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө чакырды. CIPE жана ӨСИ Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө ММКда отчеттуулукка мониторинг жүргүзүү аркылуу экономикалык журналистиканын өсүшүн баалоо ишин уланта берет.