Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Башкаруунун райондук деӊгээли менен эмне кылыш керек?

2014-01-10 / Көңүл чордонунда
Башкаруунун райондук деӊгээли менен эмне кылыш керек?

2012-2013-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында территориалдык башкаруунун көйгөйлөрү тууралуу көп сөз болду. Өкмөт ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен мамлекеттин ортосунда кайра бөлүштүрүү жолу менен “вертикалды бекемдөө” керек дегенге басым жасап жатты. Ал эми эксперттер мамлекеттик башкаруунун өзүндө реформа жасоону талап кылышты; жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер айылдын бардык социалдык көйгөйлөрүн чечип беребиз деп, көбүрөөк бийликти жана акчаны талап кылышты. Бирок буга райондук деңгээл жолтоо болуп турат:бул жерде ЖӨБ менен мамлекет чырмалышып,функциялар оролушуп,жоопкерчилик билинбей калууда. Ал эми жаран чындап келгенде эч ким эч нерсе үчүн жооп бербей турганын анык түшүнүп турат.Анткен менен кызуу талаш-тартыштарга, тирешүүлөргө, чогулуштарга жана макалаларга карабастан радикалдуу эч кандай озгөрүүлөр болгон жок. Бул жакшыбы, же жаманбы?Эми эмнени күтөбүз жана багыт кандай болот? Биринчи суроого жооп бар өңдүү: кызуулук менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эсебинен бийликти жана акчаны райондук деңгээлге үймөлөктөп салбаганы жакшы болду.Экинчи суроо татаалыраак да, маанилүүрөөк да.Чечмелеп көрүүгө аракет жасайлы.

Жоопкерчиликти ЖӨБ менен мамлекеттин ортосунда бөлүштүрүү: кандай болуш керек?

Глобалдык вектор Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында (ТӨУС) көрсөтүлгөн: “мамлекеттик бийлик органдарын баш коштуруу процессин баштоо, алардын ички биримдигине жетишүү, аткаруу бийлик вертикалын чыңдоо зарыл”. Сөз жергиликтүү өз алдынча башкарууну камтыган башкаруунун бардык системасы тууралуу эмес, мамлекеттик бийлик жөнүндө болуп жатканын белгилей кетели. Ушуну менен бирге КР Конституциясы жана тиешелүү мыйзамдар башкаруунун бирдиктүү системасынын алкагында мамлекеттик башкаруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жоопкерчилик чөйрөсүн бөлүштүрөт.Мамлекет өз милдеттерин мыйзамдарда көрсөтүлгөн милдеттенмелердин алкагында ишмердигин жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын  жардамы менен аткарат. Мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугу алардын тиешелүү чөйрөлөрдө калктын керектөөлөрүнө жооп берген программаларды түзө алуу жөндөмдүүлүгүнөн жана түрдүү механизмдердин жардамы менен аларды ар бир шаардын жана айылдык аймактын деңгээлине жеткирүүсүнөн көз каранды болот. Ушуну менен бирге мамлекеттик органдар мамлекеттик башкарууну деконцентрациялоонун элементтерине байланышкан башкаруу ыкмаларын колдоно алат, же айрым бир функцияларды же ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп бере алат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын катышуусу менен аракеттер планын иштеп чыгуу жолу аркылуу чечет. ЖӨБ органдары жергиликтүү маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаатка отчет берет. Ал эми ал маселелердин тизмеси мыйзамдарда аныкталган. Мунун баары кагаз бетинде жакшы көрүнөт.Анда эмне үчүн натыйжада адамдардын турмуш шарты оңолбой келатат?

ЖӨБ менен мамлекет ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү: иш жүзүндө кандай?

Улуттук да, территориалдык деңгээлде да мамлекеттик органдардын ишмердигине жасалган анализ жергиликтүү деңгээлде – райондо, шаарда, айылдык аймакта – мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугу төмөн болгонун көрсөтүүдө. Ушуну менен бирге көйгөйдүн эки маанилүү аспектиси бар: биринчиден, мамлекеттик программалардын өзүнүн сапаты. Алардын индикаторлору адатта жарандардын керектөөлөрүнө жооп бербейт. Экинчиден, ушул программаларды жергиликтүү деңгээлге чейин жеткирүүнүн иштиктүү механизмдеринин жоктугу. Борбордук мамлекеттик органдар улуттук программаларын өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн иши аркылуу көбүрөөк райондук деңгээлде жүзөгө ашырышы керектиги логикалуу нерсе. Бирок иш жүзүндө борбордук жана территориалдык структуралардын вертикалы боюнча өз ара аракеттешүүнүн деңгээли өтө төмөн болуп турат. Бул болсо тиешелүү чөйрөлөрдө натыйжаларга жетүүдө өтө терс таасирин тийгизип жатат. Башкаруунун горизонталдык деңгээлинде аймактын өнүгүүсүнө таасир этүүнүн мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу кырдаалды курчутуп жатат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү формалдуу мүнөзгө ээ жана аймактын өнүгүүсүнүн муктаждыктарын чагылдырбайт.Ошентип, жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугунун төмөндүгү мамлекеттик башкаруунун өзөктүү маселеси болуп эсептелет. Бул болсо аймакта жашаган калктын турмуш шартынын олуттуу жакшыруусуна көмөктөшпөйт.

Эмне үчүн мамлекеттик программалар райондук деӊгээлде ордунан жылбай калууда?

Формализм

Борбордук тармактык мамлекеттик органдардын жана алардын аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара байланышы айрым учурларда формалдуу мүнөзгө ээ. Аймактык бөлүмдөрдүн регионалдык программалары тармактык программаларга киргизилген индикаторлор менен байланышкан эмес, же аларга байланбастан түзүлгөн. Натыйжада аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү жакшы дегенде көбүрөөк аймакты өнүктүрүүнүн күнүмдүк маселелерин чечүүгө багытталган жана жалпысынан борбордук тармактык программаларды аткарууга багытталган эмес. Атүгүл аймактык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү тиги же бул чөйрөдө улуттук саясатты бурмалаган учурлар да кездешет. Мисалы, агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгынын (АӨРБ) айыл чарбанын өнүгүүсүнө тийгизген таасири көп учурда аныкталбаган, алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы катары чечмеленген статистикалык маалыматтарды чогултуу менен гана чектелет. Эмгек, жумуштуулук жана жаштардын райондук бөлүмчөсүнүн ишмердүүлүгү жарандардын чыныгы керектөөлөрүн чагылдырбайт, жумушсуздуктун деңгээлин азайтууга, эмгек маселелери боюнча кызыкчылыктарды коргоого таасирин тийгизбейт, ал эми жаштар менен иш алып баруу боюнча методология дээрлик жокко эсе. Жумушсуздуктун деңгээлин аныктоонун эскирген ыкмалары иш жүзүндөгү абалдан кабар бербейт. Жумушсуздук боюнча жөлөк пулдун өтө аз көлөмү, каттоого тургузуудагы кыйынчылыктар жумушсуздарды социалдык жактан колдоо боюнча өлкөнүн жалпы саясатынын беделин кетирүүдө.Мамлекеттик аймактык органдардын ишиндеги төмөн натыйжалуулук Каржы, Өзгөчө кырдаалдар, Маданият министрликтеринин ж.б. райондук бөлүмдөрүнүн ишинде да байкалат. Ушуну менен бирге айрым аймактык бөлүмчөлөр өзүнүн органдары менен улуттук деңгээлде иш алып барганга караганда, көбүрөөк жергиликтүү мамлекеттик администрация менен биргеликте иштешет. Биринчи кезекте булар: Айыл чарба министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек, жумуштуулук жана жаштар министрлигинин, Маданият министрлигинин, Спорт иштери боюнча агенттиктин ж.б. райондук бөлүмчөлөрү.

Прожекторчулук

Тармактык программалардын көрсөткүчтөрүнө жетүүгө таасир этүүдө ыйгарым укуктардын жана каржы ресурстарынын жоктугу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көптөгөн маселелерин чечүү учурунда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чыныгы жоопкерчилигин камсыздоодо көйгөй жаратууда.

Топтолуу 

Мамлекеттик башкарууну деконцентрациялоонун жүйөлүү жана деталдуу иштелип чыккан механизмдеринин жоктугу, б.а., аймактык да, жалпысынан улуттук да денгээлде конкреттүү натыйжа алууга жеткире турган регионалдык программаларды жүзөгө ашыруу үчүн аймактык мамлекеттик органдарга ыйгарым укуктарды, функцияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү.

Түшүнбөстүк

Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу жаатында маморгандар жана алардын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнөктөш жана аларга кызмат көрсөткөн жардамчы катары эмес, төмөнкү тепкичте турган ведомстволук бөлүмдөр катары караштырат.

Көӊүл бурбастык

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларга өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу жаатында маморгандар тарабынан көңүл бурулбагандык, каржы ресурстарынын жетишсиздиги, кадрлардын бир орунда турбаганы мамлекеттик өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруунун сапатына да олуттуу таасирин тийгизип жатат.

Мына ушунун баары жоопкерчиликтин айкын болбошуна жана башкаруу деңгээлдеринин өз ара аракеттешүүсүнүн механизминин жолго салынбашына алып келет. Жогорудагы себептер “бийликтин вертикалынын начарлашы” тууралуу маселени кароодо негизгилерден болуп эсептелет.

Чечим: деконцентрация жана борбордон алыстатуу

2012-жылдын 23-мартындагы КР Өкмөтүнүн №198 токтому менен кабыл алынган (2013-жылдын 28 октябрындагы КР Өкмөтүнүн №581 токтомунун редакциясына ылайык) КРда Административдик аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруунун алкагында КР Өкмөтү вертикалдык жана горизонталдык байланыштардын биримдигин жана башкаруу системасынын бүтүндүгүн камсыздоо,узак мөөнөттүү аралыкка аткаруу бийлигинин системасынын структуралык жана функционалдык  туруктуулугуна жетүү зарылдыгын далилдеп берди.Башкаруунун райондук деңгээлинде чарба жүргүзүү жана аткаруу функцияларына көңүлдү  көбүрөөк буруу менен башкаруунун борбордук жана аймактык органдарынын ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды тариздөө, ошондой эле координациялоо жана стратегиялык демилгелердин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү функцияларын күчтөндүрүү зарыл. Концепция жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзүнүн (артыкча) ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө тыюу салууга жетишүү жана тийиштүү аймакта мыйзамдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик функциялардын аткарылышына мамлекеттик административдик көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун деталдуу жазып чыгуу зарылчылыгын белгилейт.

Аткаруу бийлигинин системасынын ичинде да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде да борбордон алыстатуу жана функциялар менен жоопкерчиликти деконцентрациялоо саясаты рационалдуу, тең салмактуу, ушул тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн бир убакытта каржылык-ресурстук жактан камсыздалган болуш керек. Концепциянын алкагында таризделген милдеттерди аткаруу үчүн башкарууну жакшыртуу жана ресурстар менен камсыздоо боюнча чаралар зарыл.

Деконцентрация: бул кантип жасалат?

Азыркы шарттарда ишке ашчу бир катар чаралар бар:

  • районду өнүктүрүү стратегиясынын методологиясын жана типтүү форматын максаттарды, тапшырмаларды коюунун методикасын,тармактык программалардын көрсөткүчтөрү менен салыштырылчу ишмердүүлүктүн ар бир чөйрөсү боюнча натыйжалардын индикаторлорун көрсөтүү менен иштеп чыгуу;
  • улуттук программалардын индикаторлору менен өз ара байланышта боло турган натыйжалуулуктун индикаторлорун сөзсүз көрсөтүү менен борбордук мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүн өнүктүрүү пландарынын форматын аныктоо;
  • райондун мамлекеттик администрациясынын жаңыланган башкаруу структурасын түзүү, мамлекеттик башкарууну деконцентрациялоо боюнча чараларды көрүү жолу аркылуу аларга ыйгарым укуктарды жана функциялардыберүү.

Жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу моделин түзүүнүн негизги принциптери катары төмөнкү жоболорду белгилөө:
 

  • Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу жана натыйжаларга жетүү үчүн мамлекеттик органдар жооптуу болуп эсептелет. Бул принцип мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, бейөкмөт же жеке секторлорго өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүдө сакталат.
  • Айылдык аймактардын жана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биринчи кезекте жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарын аткаруу үчүн жергиликтүү жамаат алдында жооптуу болуп эсептелет.
  1. Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн учурдагы шарттарында мамлекеттик органдардын райондук бөлүмдөрүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга мамлекеттик тармактык программаларды аткаруу үчүн негизги жоопкерчилик жүктөлгөн.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү тармактык программалар боюнча функциялардын жана ыйгарым укуктардын аткарылышын гана камсыздабастан, ошону менен бирге өз районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого да түздөн-түз катышат. Мындай мамиле башкаруучулукту вертикаль боюнча гана эмес, ошону менен бирге жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдында жооптуу болуусу менен кошо, горизонталь боюнча да өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында камсыздалышын талап кылат.

Коюлган милдеттемелерден улам өзүнчө алынган аймактын/райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгына тармактык программаларды ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдар жоопкерчиликтүү болгон ишмердүүлүктүн төмөнкүдөй чөйрөлөрү түз таасир эте турганы аныкталды:

  • экономика жана өнөр жай;
  • айыл чарбасы;
  • каржы ресурстарын камсыздоо;
  • салык саясаты;
  • өзгөчө кырдаалдардан коргоо;
  • социалдык өнүгүү;
  • билим берүү;
  • саламаттык сактоо;
  • калктын иш менен камсыздалышы;
  • маданият;
  • жаштар жана спорт.

Ишмердүүлүктүн бул чөйрөлөрүндө натыйжаларга жетүү тармактык стратегияларды ишке ашыруунун алкагында да, күтүлгөн натыйжаларды үндөштүрүү менен аймактык/райондук өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын алкагында да камсыздалыш керек.

Ушул максаттарда мамлекеттик башкаруу системасы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бириккен жеринде турган жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектегендерге көбүрөөк жакын болгон райондук деңгээлде башкаруу системасынын вертикалы боюнча да, горизонталы боюнча да оптимизациялоо талап кылынат.

Башкаруунун вертикалы боюнча өкмөт өнүктүрүүнүн түрдүү улуттук программаларын канчалык толук жана чындап аткарып жатканын  текшерүү үчүн министрликтердин жана ведомстволордун ишмердүүлүгүнүн форматын кайра карап чыгышы зарыл. Тармактык программаларды иштеп чыгууда көңүл чордонуна тармактын өнүгүү маселелерин чечүүдө тийиштүү мамлекеттик органдын өз максатын жана ролун түшүнүүсү чыгыш керек. Тийиштүү райондук аймактык структуралардын ишинде сапаттуу пландардын бар болгону борбордук мамлекеттик органдардын милдети болушу керек. Бул пландар тармактык көрсөткүчтөр менен өз ара байланышта болгон көрсөткүчтөргө жетүүгө багытталыш керек. Иш пландарын аткаруу жана соңку жыйынтыктарга жетүү үчүн өз аймактык органдарын методологиялык жана материалдык жактан камсыздоо борбордук мамлекеттик органдын негизги милдети болуш керек. Нуктан чыгып баратканына өз убагында көңүл буруу жумуштардын планын ишке ашыруу процессине мониторинг жүргүзүүнүн жолго коюлган системасы жана жыйынтыкка жетүүгө аймактык бөлүмдөрдүн таасир этүүсүнө маал-маалы менен баа берүү аркылуу камсыздалыш керек.

Горизонталь боюнча башкаруу структурасын жакшыртуу районду өнүктүрүүнүн планына таяныш керек. Бул пландар максаттарды жана милдеттерди, ошондой эле райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган натыйжанын көрсөткүчтөрүн да камтыйт. Ушуну менен бирге аларды аткаруунун конкреттүү көрсөткүчтөрү райондун өзгөчөлүктөрүн жана ички резервдерин эсепке алуу менен мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн көрсөткүчтөрүнө багыт алышы керек. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн пландарын аткарууда конкреттүү натыйжаларга жетүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга мамлекеттик органдардын тийиштүү аймактык бөлүмдөрүнө таасир этүү жаатында кошумча функцияларды берүү зарыл. Мындай ыйгарым укуктардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуунун негизинде аныкташы керек.

Мамлекеттик башкарууну түзүүнүн аймактык-тармактык принцибинин шарттарында отчеттуулуктун кош кабат деңгээли райондун да, тармактык программалардын да кызыкчылыктарында программалардын натыйжаларын аткарууну камсыздоого жол ачат.

Акчаны кайдан алса болот?

Жогоруда айтылган чараларды ишке ашыруу үчүн ресурстук камсыздоо зарыл болгону анык. Бюджеттер аралык мамилелердин эки тепкичтүү формат системасында райондук бюджет түшүнүгү (жергиликтүү бюджет катары) чыгарылган. Бул Конституциянын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча иштеп жаткан мыйзамдардын талаптарына жооп берет. Райондук бюджеттин негизги функцияларынын бири – райондук масштабдагы бюджеттик мекемелердин ишмердүүлүгүн каржылоо – республикалык деңгээлге өттү. Ошону менен бирге райондук деңгээлде каржы ресурстарынын таптакыр жоктугу (жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддоруна чегерилген чакан каражаттарды кошпогондо) төмөнкүдөй көйгөйлөрдү жаратты:

  • чукул чара көрүүнү талап кылган жаратылыш же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында терс кесепеттердин пайда болуу тобокелчилигинин жогорку деңгээли;
  • айрым бир социалдык топтор үчүн кошумча шыктандыруучу жана дем берүүчү артыкчылыктарга жетүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүүдө;
  • өзгөчө дотациялык айылдык аймактарда жашаган жергиликтүү жамааттар үчүн социалдык инфраструктураларды (жолдордун, мектептердин, ФАПтардын ж.б. курулушу жана ремонту) кошо каржылоо үчүн каржы ресурстары чектелүү.

Ушуну менен бирге бюджеттик камсыздандырылгандыкты теңдештирүүнүн учурдагы системасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эң эле аз керектөөлөрүн жаап жатканын белгилей кетүү зарыл (адатта корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча). Өнүктүрүү бюджеттерин түзүүгө каражаттын жоктугу дотациядагы айылдык аймактарды оокаты тың айылдык аймактарга салыштырмалуу кемсинтүүчү абалга такады. Райондук деңгээлде кошумча каржы ресурстарынын жоктугу бул көйгөйдү курчутту.

Ошону менен райондук деңгээлде каржы ресурстарынын бар болгону өзгөчө актуалдуу маселе.Ушуну менен бирге каржы ресурстары конкреттүү тапшырмаларга жараша түзүлөт жана берилет деген башкы принципти колдонуу маанилүү.

Башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын дараметин бекемдөө максатында райондордун мамлекеттик администрацияларынын ишмердүүлүгүн каржылоонун төмөнкүдөй булактарын аныктап алуу сунушталат:

а) мамлекеттик функцияларга жана ыйгарым укуктарга байланышкан ишмердүүлүктүн чөйрөлөрүндө – айыл чарбасында, социалдык жардам берүүдө, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, маданиятта, спортто, жаштар менен иш алып барууда, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда ж.б.

  • кошумча ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн чыгашаларды жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чыгашалар сметасына кошуу;

б) кыска мөөнөттө мыйзамдарда аныкталган аймактарды өнүктүрүү фонддорунун ишин төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздоо:

  • “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жана көлөмдө социалдык инфраструктураларды кармоого чегерүүлөр,
  • жалпы мамлекеттик салыктар боюнча көрсөткүчтөрдү ашыра аткарганда пайда болгон, иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, республикалык бюджеттин муктаждыктарына алынган каражаттарды өткөрүп берүү. Мындай чара жоопкерчиликти, ошондой эле салык чогултууда салык кызматтарына таасир этүү боюнча мотивацияны жогорулатат,
  • шаарлардын жана айылдык аймактардын жоопкерчилик чөйрөсүнө кирбеген жерлерге лицензияны кармап калуу үчүн акы,
  • дем берүүчү гранттар, аларды райондук деңгээлге өткөрүп берүү аларды сарптоонун натыйжалуулугун арттырат, жамааттын муктаждыктарына жакындатат.

Корутунду

Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жана Административдик-аймактык реформа боюнча Концепция өңдүү маанилүү мамлекеттик документтерге мамлекеттик машинаны райондук деңгээлде иштете турган негиздер киргизилген. Бирок бул үчүн өкмөттүн ишин кайра куруу, борбор менен министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн, мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы өз ара мамилелер боюнча көп аракеттерди жасаш керек.

Бирок башкаруунун жаңыланган системасы гана мамлекеттик башкарууну натыйжалуу деконцентрациялоонун алкагында мамлекеттик органдардын да, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын да айкалышып өнүгүүсүн камсыздайт. 

 

Асылбек ЧЕКИРОВ,
ӨСИ эксперти

Окшош материалы: