Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматчылар үчүн сатып алуулар тууралуу билимге жетүү жолун кантип жөнөкөйлөшт үрсө болот?

2013-12-11 / Көңүл чордонунда
Муниципалдык кызматчылар үчүн сатып алуулар тууралуу билимге жетүү жолун кантип жөнөкөйлөшт үрсө болот?

Элеттик муниципалитеттер адатта шаардык муниципалитеттерге жана башкаруунун мамлекеттик органдарына салыштырмалуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдү азыраак сатып алат...

 
 
Акыркы бир нече жылдан бери Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери муниципалитеттердеги сатып алуу процесси үчүн жооп берген адистердин билим деңгээлине жана даярдык сапатына карата камтамачылыгын билдирип келатат. Бардык эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сатып алуулар боюнча сертификатка ээ болгон адистер боло бербейт,тендерлер жана конкурстар мыйзамдарды бузуу менен өтүп келатат, бул болсо өз кезегинде арыз-даттануулардын агымын жана сансыз текшерүүлөрдү пайда кылууда. Ушуну менен бирге бул жерде муниципалдык кызматчылардын карасантайлыгы эмес, билимдин жоктугу негизги себеп болуп калууда. Өлкө боюнча баары болуп 453 айылдык аймак жана 31 шаар бар. Эгерде шаарларда сатып алуулар маселеси боюнча Окуу борборунда билим алган адистердин белгилүү бир саны иштесе, көпчүлүк айылдык аймактарда сатып алуулар процесси мыйзам бузуулар менен коштолот. Буга муниципалдык кызматчылардын сатып алуулар боюнча мыйзамдардын талаптарын жакшы билбегени себеп болуп жатат.
 
Кырдаалдын себептерине анализ жүргүзүүдө Өнүктүрүү саясат институту алардын негизгиси окутуу үчүн ресурстун жетишсиздиги болуп жатат деген тыянакка келди. Бир жагынан жергиликтүү бюджеттерде сатып алуулар боюнча адистерди КР Каржы министрлигинин Окуу борборуна жиберүүгө жетиштүү каражат каралган эмес. Окуу үчүн акы төлөш керектигин, мындан тышкары адиске Бишкекке жетип, окуу бүткөнгө чейин баскан-турганына каражат талап кылынарын эсепке алганда бир топ эле акча керектелет.Ал эми муну жергиликтүү бюджет дайыма эле көтөрө албайт. Экинчи жагынан Окуу борборунун кубаттуулугу да тоскоолдук жаратышы ыктымал. Азырынча орундар жетиштүү. Бирок эгерде муниципалдык кызматчылар жабыла барышса, анда борбордун кубаттуулугу жетпей калышы ыктымал. Ал арада жергиликтүү бюджеттеги каражатка сапаттуу, натыйжалуу, мыйзамдарга ылайык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу жана өткөрүү маселеси Кыргыз Республикасында курч турат.
 
Ошону менен бирге элеттик муниципалитеттер адатта шаардык муниципалитеттерге жана башкаруунун мамлекеттик органдарына салыштырмалуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдү азыраак сатып алат. Ошондой эле элеттик муниципалитеттер сатып алууларды ишке ашыруунун мыйзамдарда каралган бардык эле ыкмаларын пайдалана бербейт. Ошентип Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарында сатып алуулар менен алектенген муниципалдык кызматчыларга карата өзгөчө кырдаал түзүлдү. Ал өзгөчө методдорду жана чечимдерди пайдалануу менен аларды чечүү боюнча атайын программаны талап кылат.Өнүктүрүү саясат институту маселени жөнгө салуу боюнча төмөнкү кадамдарды сунуштайт.
 
Алгачкы окутууда тышкы булакты пайдалануу (аутсорсинг). Мында сертификат берүү укугун Окуу борбору сактап калат
 
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу программасына 2013-2017-жылдарга карата окутуунун жаңы ыкмалары киргизилген. Алардын бири окутуунун ведомстволук багытын жайылтуу болуп эсептелет. Анда Каржы министрлигине караштуу Окуу борбору өңдүү ведомстволук окуу борборлорунда мамлекеттик органдарды окутууну уюштуруу каралган.Программанын долбооруна ылайык, “окутуунун ведомстволук (тармактык) багыты ишмердигин жана башка өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы белгилүү бир кызмат орун-дардын квалификациялык талаптарына шайкеш келген кесипкөй билимди жана шыкты жакшыртуу жана жаңыртуу максатында ишке ашырылат. Бул багыт окутуунун өзгөчөлүгүнө ылайык, ведомстволук окуу борборлордун жана башка билим берүүчү уюмдардын базасында ишке ашырылыш керек”.
 
Программага ошондой эле конкурстук тандоонун негизинде мамлекеттик заказдын принциптери, ЖОЖдордун жана башка билим берүү уюмдарынын, анын ичинде мамлекеттик эместердин да аткаруучу катары окутуу өткөрүүгө конкурска катышуу киргизилген.Ушул тапта Кыргызстанда айрым гана мамлекеттик органдар өзүнүн ведомстволук окуу борборлоруна ээ.Тилекке каршы, алардын материалдык жана кадрдык дарамети мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды профессионалдык жактан өнүктүрүү боюнча заманбап тапшырмаларды аткаруу үчүн жетишсиз. Жыл сайын беш миңден ашуун адисти окутуу керек деген талап болуп турган маалда учурда иштеп жаткан окуу борборлору азыртадан эле кыйналууда жана келечекте тиешелүү окууну уюштурууда да кыйналышмакчы. Анын ишке ашыруунун программасы жана планы тиешелүү чараларды, анын ичинде зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну караштырат. Ушул ченемдик укуктук актылар жалпысынан окутууну уюштуруу иштерин жана жарым-жартылай ведомстволук багытты тартипке салат.Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кошумча окутуунун, билим берүү уюмдарын лицензиялоонун (аккредитациялоонун) ж.б. мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгат.
 
Жогоруда айтылгандардан улам Каржы министрлигине караштуу Окуу борбору окутуунун ведомстволук багытын уюштуруунун атайын моделин иштеп чыгуу демилгесин көтөрүп чыга алмак. Өз кезегинде Өнүктүрүү саясат институту моделди иштеп чыгуу жана апробациялоо боюнча иштердин көлөмүнүн бир бөлүгүн аткарууга даяр.
 
Моделдин маңызы төмөнкүдө:
 
Билим берүүчү уюмдары (мамлекеттик жана мамлекеттик эмес) бар мамлекеттик органдардын окуу борборлору менен аларга аутсорсингге ведомстволук программалар боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну өткөрүп берүүдө кызматташууну уюштуруу (бул жерде сөз сатып алууларга окутуу программасы жөнүндө жүрүп жатат).
 
Өткөрүп берүү иши мамзаказдын жол-жоболору боюнча да (конкурстук негизде), ансыз да (өз-өзүнчө келишимдердин негизинде) ишке ашырылса болот.
 
Окутуу программасы Каржы министрлигине караштуу Окуу борбору менен макулдашылат жана бекитилет, окутуу билим берүүчү уюмдардын күчү менен өткөрүлөт. Билим берүүчү уюмдардын окутуучуларын Окуу борбору бекитет.
 
Окутуу айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчылары үчүн аларга жакын аралыкта өткөрүлөт – райондук борбордон алыс эмес жерде.
 
Окутуу квалификацияны жогорулатууну тастыктоо дегенди түшүндүрбөйт; окутуудан кийин анын катышуучусу Окуу борбору бекиткен формалар боюнча алдын ала экзамен тапшырат, бирок сертификат албайт.
 
Окуунун катышуучусу же Окуу борборунун базасында, же Окуу борбору атайын уюштурган жерине барчу комиссияга тиешелүү экзамен тапшыргандан кийин гана Окуу борбору сертификатты берет (келечекте сертификаттарды билим берүүчү уюмдарга берүү тууралуу маселе каралышы ыктымал).
 
Болжолдонгон моделди ишке ашыруу – өзүнүн кызматтык милдеттерин тийиштүү аткаруу үчүн зарыл болгон билимге ээ кызматчылардын санын арттырууга;мамлекеттик органдарда жана башка билим берүүчү уюмдарда окуу борборлорунун дараметин бекемдөөгө;кызматчыларды кошумча окутуу үчүн окутуучулардын зарыл болгон санын даярдоого жол ачмак.
 
Сатып алуулар боюнча квалификация деңгээлдеринин дифференциациясы
 
Түрдүү башкаруу органдарында сатып алуулар процесси түрдүү көлөмдө, түрдүү ыкмалар менен ишке ашырылып, атайын билимдердин жана шыктардын түрдүү көлөмүн талап кылгандыктан квалификация деңгээлинин дифференциация механизмин карап чыгуу мүмкүн. Дифференциация машине айдоо аналогиясы боюнча мүмкүн. Мында автомобилдик техниканын татаалдыгынын түрдүү деңгээлдеринде түрдүү деңгээлдеги көнүгүү талап кылынат (айдоочунун күбөлүгүнүн категориялары).
 
Мындай учурда сатып алуучунун квалификациясынын түрдүү деңгээлдерин киргизип, ошол деңгээлдерге жараша окутууну уюштурса болмок. Эң төмөнкү деңгээл – баштапкы көнүгүүлөр, жөнөкөй жол-жоболор – жеринде окутуу (райондук борбордо), билим берүүчү уюмдардын күчү менен (аутсорсинг). Эң жогорку деңгээл – эң татаал жол-жоболор, билимдин бардык көлөмү Бишкекте, Окуу борборунун базасында.
 
Тараптардын пайдасы кандай болот?
 
Бул сунуштар моделди камтыйт, аны ишке ашыруу бир нече тапшырманы аткарууга жол ачмак: 
 
• сатып алуу процессине катышкан муниципалдык кызматчылардын көбүрөөк санынын дараметин жогорулатуу (кеңейтүү);
 
• сатып алуулар маселеси боюнча муниципалдык кызматчылардын квалификациясынын деңгээли төмөндүгүнө байланыштуу мыйзам бузуулардын санын азайтуу;
 
• муниципалдык кызматчыларды Бишкекке окутууга жиберүү үчүн жергиликтүү бюджеттердин чыгашасын азайтуу;
 
• окуу борборунун имараттарында окуп жаткандар өткөргөн убакыттын санын кыскартуу, муну менен Окуу борборунун иш убактысын жана жумушчу мейкиндигин оптималдаштыруу;
 
• практикада ведомстволук окуу борбору тарабынан окутууга мамлекеттик заказдын моделин апробациялоо. Муну менен прецедент жаратып, Мамлекеттик кадр кызматынын 2013-2017-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу Программасын ишке ашырууда ведомстволор арасында лидер болуу;
 
• мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды дагы да терең даярдоону уюштуруу үчүн Окуу борборунун ресурстарын бошотуу жана жумуштун башка стратегиялык багыттары.
 
Маалымат үчүн:
 
Өнүктүрүү саясат институту 2013-жылы Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы айрым айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык кызматчылары үчүн мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча мыйзамдын негиздери боюнча тренинг өткөрдү.Тренингде пайдаланылган ушул тема боюнча окуу материалдары Каржы министрлиги менен макулдашылган. Жалпы окуу жүгү 12-16 окуу саатын түзөт. Окутууга айыл өкмөт башчылары, алардын орун басарлары жана каржы-экономикалык бөлүмдүн башчылары катышты. Окууга катышкандардын жалпы саны 30 адамды түзөт. Тренингдерди Каржы министрлигинин Окуу борборунда билим алган жана тийиштүү сертификатка ээ болгон Институттун эки адиси өткөрдү.
 
 
 
Нурдин КҮМҮШБЕКОВ,
Швейцария Өкмөтү каржылаган жана
Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчи-
лиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун
муниципалдык кызмат боюнча адиси

 

Окшош материалы: