Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (116) 1 Июнь 2021

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик сатып алуулар айкындуулукту талап кылат

2013-12-11 / Көңүл чордонунда
Мамлекеттик сатып алуулар айкындуулукту талап кылат

Белгисиз компанияларга жагымдуу мамлекеттик заказдарды ыйгаруу боюнча конкурстук комиссиянын акыйкатсыз чечимдери жана мыйзам бузуулар тууралуу маал-маалы менен бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар айтып калышат.

 
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сатып алуулары тууралуу тема барган сайын актуалдуу боло баштады. Тендерди күмөндүү өткөрүүгө байланышкан жаңжалдар тууралуу макалалар анда-санда ММКда пайда боло калат.Белгисиз компанияларга жагымдуу мамлекеттик заказдарды ыйгаруу боюнча конкурстук комиссиянын акыйкатсыз чечимдери жана мыйзам бузуулар тууралуу маал-маалы менен бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар айтып калышат. Алардын айрымдарынын пикири боюнча, тендерлердин тегерегиндеги көптөгөн жаңжалдар мыйзамдарды сактабагандыгын тастыктаган реалдуу фактыларга гана эмес, эң негизгиси бири-бирине карама-каршы келген учурларга негизделет. Бир жагынан бизнес,белгилүү болгондой, жеңүүчүлөрдү аныктоодо ыктымал коррупциялык мамиледе болушу мүмкүн деп сатып алуучулардан күмөн санайт. Өз кезегинде алардын оппоненттери баарын тендер ачык жана акыйкат өткөнүнө ишендиргиси келет.
 
Бул көрүнүштү дагы да деталдуу изилдөө, эрежеге  ылайык, мамлекеттик сатып алууларды ээрчий жүргөн мифтерди тастыктоо же ашкерелөө үчүн “Айкын бюджет үчүн альянсы” коомдук уюму мамлекеттик сатып алуулар системасынын айкындуулук деңгээлин баалоо боюнча изилдөө жүргүздү. Жоктон бар кылбаш үчүн Альянс ушул маанилүү чөйрөнү жөнгө салган, учурда иштеп жаткан улуттук мыйзамдарды маалыматтын негизги булагы катары алды. Бул изилдөө “укуктук база канчалык деңгээлде процесстин айкындуулугун камсыздайт?” деген суроого жооп берет.
 
Альянстын эксперттери Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы иштеп чыккан мамлекеттик са-тып алуулардын айкындуулугун өткөрүү методикасын пайдаланган. Анын негизинде ушул жааттагы эл аралык стандарттарды карап чыгуу жатат. Кыргызстандын мыйзамдарынын эл аралык стандарттардын талаптарына шайкештиги 42 суроо боюнча изилденген. Анын натыйжасы 1-таблицада көрсөтүлөт.
 
1-таблица. Сатып алуулар жөнүндөгү Кыргыз-
стандын мыйзамдарынын эл аралык стандарт-
тарга шайкештигинин деңгээли
 
Шайкештигинин деңгээли Балл
Толугу менен шайкеш келет 100
Бир кыйла шайкеш келет 75
Жарым-жартылай шайкеш келет 50
Айрым бир учурларда шайкеш келет 25
Такыр шайкеш келбейт 0

 

“Такыр шайкеш келбейт” деген жооп 42 маселенин бирөөсүндө да кезиккен эмес. Орточо балл 69,6ны түздү.Мындай изилдөө Украина жана Казакстанда жүргүзүлгөн. Бул өлкөлөрдө жалпы орточо балл төмөн болгон: Украина боюнча 75 балл, Казакстан боюнча 88,7 балл.
 
Мындай салыштыруудан Кыргызстан утулууда. Бул маалыматтар бизде мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кандайдыр бир көйгөйлөр бар болгонун дагы бир жолу тастыктоодо.
 
Жергиликтүү бюджеттеги каражаттар мамлекеттикке теңдештирилген соң “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, алар өлкө мыйзамдарынын талаптарына туш келүүдө.
 
2011-жылы мамлекеттик сатып алуулардын жолжоболору боюнча ЖӨБ органдары баары болуп 503 тендер өткөргөн (3-табл. жана 1-диаграмма).
 
3-таблица көрсөткөндөй, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чектелбеген тооруктар ыкмасын, котировкалардын суроо-талабы жана бир булактан ыкмасын колдонушат. Ошону менен бирге сатып алуулардын 90 процент көлөмү чектелбеген тооруктар ыкмасы менен ишке ашырылат.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өзгөчө элеттик муниципалитеттер “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамды аткаруу процессинде бир катар кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Жолжоболордун татаал өзгөчөлүгү, квалификациялуу адистердин жетишсиздиги, интернет-ресурска жетүүдө жана Мамлекеттик сатып алуулардын Порталы менен иштөөдөгү кыйынчылыкта рэлеттик муниципалитеттердин көп учурда мыйзамдардын талаптарын бузушуна алып келүүдө. Муну Эсеп палатасынын аудиторлорунун бүтүмдөрү да ырастайт.
 
Өзгөчө көйгөйлөр ыйгарым укуктуу органда – КР Каржы министрлигине караштуу Методология жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаментте да бар. Алар: мүмкүнчүлүктөрдүн чектелиши жана көз карандысыздыктын жоктугу, даттануулар боюнча көзкарандысыз органдын жоктугу, дараметти туруктуу арттыруу механизмдеринин жоктугу.
 
2-таблица. Эл аралык стандарттарга көп деле шайкеш келбеген сатып алуулар тууралуу
КР мыйзамдарынын параметрлери   
 
 
Маселе Баа
Мыйзам тарабынан Заказ берүүчүгө мамсатып алуулар тууралуу кызыкдар жактарды маалымдоо үчүн сайтка ээ болуу милдети жүктөлгөн
25
Заказ берүүчүнүн веб-порталына түшкөн табыштамаларды каттоо милдеттемеси бар 25
Мыйзам менен конкурстун катышуучуларына конкурстук жана баа сунуштарды баалоо жана салыштыруу боюнча комиссиянын отурумуна катышуу укугу берилген
25
Конкурстун катышуучулары жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү конкурстук баа сунуштары менен таанышып чыгууга укуктуу
25
Демпинг бааны эсептөө тартиби мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруунун эрежелери менен аныкталган 25
Мыйзам менен Заказ берүүчү мамлекеттик сатып алуунун натыйжалары боюнча аткарылган ишти (кызмат көрсөтүүнү) кабыл алуу тууралуу маалыматты баары окуй ала тургандай өз маалында жайгаштырууга милдеттендирилген
25

 

 
3-таблица. Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын сатып алуулары
 
Сатып алуучу уюмдар Саны
Өткөрүлгөн
тендерлердин
суммасы (миң сом)
%
Товарлар (миң сом)
Кызмат
көрсөтүүлөр
(миң сом)
Жумуштар
(миң сом)
Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары
503 2 777 845,4 17,6% 1309778,7 15 080,2 1452986,5
Чектелбеген тооруктар 318 2 489 783,0 89,6% 1229525,5 - 1254477,3
Чектелген тооруктар 4 30 821,7 1,1% - - 30 821,7
Кош этаптуу тооруктар 0 - 0,0% - - -
Консультациялык кызмат
көрсөтүүлөр
0 - 0,0% - - -
Котировкалардын суроо-талабы 94 64 461,5 2,3% 64 461,5 - 167 687,5
“Бир гана булактан” ыкмасы 87 192 779,2 6,9% 15 791,7 9 300,0  

 

1-диаграмма. Ыкмалар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн тендерлердин суммасы (миң сом)
 
Көпчүлүк эксперттер “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы бышып жетилгенин айтышат.
 
Мыйзамдын жаңы редакциясы төмөнкүдөй шарттарды түзүп бериш керек:
• бардык мамлекеттик секторду камтуу;
• сектордо каржыга ишенимдүү көзөмөлдү камсыздоо;
• “баа-сапат” ара байланышын камсыздоо;
• сатып алуу процессинин ар бир этабын жөнгө салуу;
• келишим түзүүгө жана укуктук жардамдын каражатына укук берүү тууралуу маалымдамалардын айкындуулук системасын камсыздоо;
• тоорукка катышууга уруксат берүүнүн так жана ырааттуу эрежелерин орнотуу. Аларды конкреттүү сатып алуучу уюмдун каалоосу боюнча өзгөртүүгө болбойт;
• сатып алуунун өзгөчөлүгүн жана келишимдин мазмунун эсепке алуу менен тендердик жол-жоболорду тандоонун натыйжалуу механизмин түзүү;
• экономикалык, социалдык жана экологиялык факторлорду эсепке алуу. Мыйзамдын жаңы редакциясында сатып алуу процессин оптимизациялоого жана анын натыйжалуулугу менен айкындуулугуна жетүүгө багытталган бир катар нормаларды караштыруу да зарыл.
• Сатып алуучу уюмдун аракеттеринин ар бир кадамын мамлекеттик сатып алуулардын өз-өзүнчө методунда кеңири чагылдыруу.
• Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири сүрөттөө менен бир булактан сатып алуулардын тизмесин кеңейтүү.
• Арифметикалык каталарды тапкан учурда сатып алуучу уюм менен катышуучу-талапкерлердин аракеттерин көрсөтүп берүү.
• Пайдалуу шарттарды тандаш керек болгон, бирок ошону менен бирге сөзсүз түрдө эң төмөнкү котировкасы менен болбой турган шарттарды сүрөттөө.
• “Демпинг баа” терминин, көз көрүнөө төмөндөтүлгөн баасы бар табыштамаларга карата сатып алуучу уюмдун аракеттерин кошуу жана чечмелеп берүү.
• Келишимди аткарууга кепилдик берүүнү камсыздоо боюнча аракеттер толук көрсөтүлбөгөн келишимди аткарууга көзөмөл боюнча шарттарды сүрөттөө.
 
Компетенциясына мамлекеттик сатып алуулар процессин жөнгө салуу кирген ыйгарым укуктуу органга карата төмөнкү чараларды пландаштыруу зарыл.
• Өзүнчө автономдуу маморган түзүү, персонал, жабдуу жаатында анын дараметин бекемдөө.
• Райондор деңгээлинде, же райфинбөлүмдөрдүн алдында сатып алуулар боюнча маммекемелерди түзүү.
• Сатып алуулар боюнча маморгандын көзөмөл жүргүзүү, сатып алуучу компанияларга колдоо көрсөтүү, бул жаатта адистерди даярдоо боюнча ишин күчтөндүрүү.
• Сатып алуулар тууралуу маалыматты чогултуу,анализдөө жана жайылтуу боюнча натыйжалуу системаны күчөтүү.
• Кеңири коомчулук үчүн мамсатып алуулар чөйрөсүндөгү ишмердиги тууралуу жылдык отчетторду даярдоо зарыл.
• Сатып алуучу уюмдар КР Каржы министрлигинин окуу борборунда окуу-машыгуу үчүн чыгымдарын жабууга зарыл каражат менен камсыздалыш керек.
 
КР Өкмөтү дараметти жогорулатуу жаатында керектөөлөргө баа берип, сатып алуулар боюнча дараметти жогорулатууда Улуттук стратегияны иштеп чыгышы зарыл. Бул үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо механизмдери, университеттер, колледждер, институттар, ассоциациялар ж.б. өңдүү колдо болгон бардык ресурстарды эсепке алуу керек.
 
Сатып алуулар боюнча маселелерди түшүндүрүү боюнча натыйжалуу сурап-билүү кызматтарын түзүү зарыл.
                                                                                                                                         
                                 
Султан МАЙРАМБЕКОВ,
Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү
саясат институту ишке ашырган
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын
жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”
Долбоорунун гранттар боюнча адиси
 
 
                                                              

 

Окшош материалы: