Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чарбасыздыктын парадокстору: эмне үчүн Күн менен дос республикада жарык менен жылуулук жетишсиз

2013-12-11 / Көңүл чордонунда
Чарбасыздыктын парадокстору: эмне үчүн Күн менен дос республикада жарык менен жылуулук жетишсиз

“Оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи,өкмөттүн жана Энергетика министрлигинин жарыкты маал-маалы менен өчүрүү болбойт, ТЭЦте отун жазга чейин жетет деген убадаларына калк көп деле ишене бербейт...

 
Күз мезгили ортолоп калганына карабастан тышта август айы бүтпөгөндөй аба ырайы өкүм сүрүүдө. Муну жай мезгилинин соңку белеги деп койсок болот. Бирок жайбаракат маанайды сыналгыдан чыккан кабар бузуп тургансыйт. Европа континентинде жаан-чачын жана суу ташкыны, айрым бир жерлерде кар да түшүп калды. Турмуштук тажрыйба көрсөткөндөй, мына ошол жаан-чачындуу аба ырайы Кыргызстанга да келатат. Атүгүл жакында эле кыргызстандык синоптиктер көңүл жу-батпаган божомолун жарыялашты: алдыдагы кыш өтө суук болору күтүлүүдө. Синоптиктерге энергетиктер да кошулду. Алар кычыраган кышка алдын ала кам көрүү керектигин калкка эскертишти. Бул болсо отун жана көмүрдү камдап алып, терезе-каалгаларды жылуулатып, же пластикке алмаштыруу керек дегенди түшүндүрөт.
 
“Оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи,өкмөттүн жана Энергетика министрлигинин жарыкты маал-маалы менен өчүрүү болбойт, ТЭЦте отун жазга чейин жетет деген убадаларына калк көп деле ишене бербейт. Бул түрдүү убадаларды адамдар өлкөнүн жана тармактын жетекчилигинен жыл сайын угуп келатышат жана жыл сайын алданып калышууда. Миллиарддаган сом алдын алуу иш-чараларына жумшалса да жылуу болуп кеткен жери жок.
 
– Эмне үчүн биз мынча аңкообуз? Эмне үчүн инновациялар тууралуу ушунчалык көп айтабыз, иш жүзүндө болсо ата-бабабыздын ыкмасын колдонуп келебиз – экологияны ис, көмүр чаңы жана таштанды менен булгап жатабыз? – деп бир нече жолу түрдүү трибуналардан жаңы заманбап технологияларды жашоодо колдонуу демилгесин көтөрүп жүргөндөрдүн бири Анатолий РАГИМОВ аудиторияга кайрылган эле.
 
Бул адамдын эскичил көз караштагы, экономиканы жана жалпысынан мамлекетти майнапсыз башкаруу үчүн аткаминерлерди сындаганга толук моралдык укугу бар. Мына үч жылдан бери ал түрдүү деңгээлдеги жетекчилердин иш бөлмөлөрүн каккылап, электр энергияны керектөөдө курч ички таңкыстык жок экендигин далилдеп келет. Нарын ГЭСинин каскады иштеп чыккан киловаттар калкка да, ишканаларга да, дыйкандарга да жетмек түгүл,артып калчудай. Бул үчүн болгону энергияны пайдаланууда иштин көзүн таба билиш керек.
 
Беловодсктогу “Барс лимитед” компаниясынын башчысы Анатолий Михайлович РАГИМОВ көп сүйлөбөйт. Алинновациялык ыкмаларды жайылтуу боюнча идеяларды турмушка ашырып келатат. Көптөн берки өнөктөшү Валерий Иванович ЗАКАРДОНЦЕВ менен биргеликте он жыл мурда эле күн батареяларын, коопсуз, энергияны үнөмдөгөн жана баасы боюнча алгылыктуу жаңы муундагы жылытуучу приборлорду өндүрүү ишин жолго салган.Ушуну менен бардык көйгөйлөр чечилди деп айтсак болмок. Бирок жаңычыл көз караштагы ишкерлерге дайыма бут тосуулар болуп келатат. Алардын эмгеги базарга бир топ кыйынчылыктар менен жетүүдө.
 
Эки компаниянын ишинин ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бири – Беловодск айылдык аймагынын территориясындагы “Светлячок” бала бакчасы. Бул бала бакчада төрт жыл мурда контрамаркалардын ордуна жаңы керамзит батареялар орнотулган. Балдар мекемесинин тарбиячыларынын сөзү боюнча, бүгүнкү күндө алар үшүбөй калды.Сыртта чыкылдаган суук болсо да, өткөн кылымдын отузунчу жылдары курулган “Светлячок” балдар бакчасынын эски имаратында жылуу жана ыңгайлуу. Бир эле оператор от жагуучуларды алмаштырып, бүтүндөй чарбаны колго алган. Ал бир саатка эрте келип, жылуулукту иштетет. Балдар бакчага келгенче оюн жана уктоочу бөлмөлөрдө кадимки температура орноп калат.
 
Тазалыкка көз салган эжелер мурдагыдай болуп от жаккандан кийин же мешти күлдөн тазалагандан кийин булганган жерди аарчып, чака-челегин көтөрүп жүрбөй калды. Андан да маанилүүсү ушундай ыңгайлуулук жана комфорт бала бакчага жана айыл өкмөтүнө көмүр, отунга караганда арзанга турду.
 
– Биздин батареялар эч качан жалт-жулт этпейт,анткени кислородду жутпайт жана абаны көмүр кычкыл газ менен ууландырбайт, - деп өз продукциясынын артыкчылыктарын санагандан тажабайт Анатолий РАГИМОВ.- Ар бир имарат жылуулукка өз-өзүнчө кошулат. Бул болсо электр энергияны керектөөнү үнөмдөйт. Өчүргөндөн кийин батареялар жылуулукту бери дегенде дагы үч саат сактап турат. Ошондуктан маал-маалы менен жарык өчүрүүлөр коркунучтуу эмес. Имарат муздап калбайт.
 
Бала бакчанын тарбиячысы Айгүл АХМЕТОВА РАГИМОВдун бардык далилдерине толугу менен макул.Анын айтымында, өзүнүн көп жылдык эмгек тажрыйбасында түрдүү аймактарда иштеген. “Светлячокту” ал 130 наристе үчүн ыңгайлуу имарат катары белгилейт.
 
– Мен бакчанын жетекчисине күн батареяларын орнотууну сунуштагам. Ошондо бала бакчада жыл бою ысык суу болмок. Буга чейин алар суу ысыткыч колдонуп келишкен. Ушундай батареялардын 20 чарчы метри гана керектелмек, бирок балдар мекемесинде акча жок.
 
Эми окурмандарды продукция – батареялар менен тааныштырууга убакыт жетти. Чынын айтканда, тышкы көрүнүшү боюнча батареялар көзгө жагымсыз учурайт.Алар чоюндан жасалган радиаторлорго окшош, бирок көлөмү чакан жана бетондон чаптап бириктирилгендей.РАГИМОВдун айтымында, бул батареялар Валерий ЗАКАРДОНЦЕВдин табылгасы, бардык автордук укуктар ага тиешелүү. Алардын кыртышы бетондон, ичи болсо керамика түтүкчөсүнөн турат. Мунун баары ишенимдүү түрдө бекитилген, ошондуктан ал жакка кислород кире албайт. Батареялар 100 градустан ашык ысыбайт, өрттөнүп кетпейт жана колдонуу мөөнөтү чектелген эмес. Батареяларды оор балка менен чаппаса эле алар ондогон жылдар бою иштеп бермекчи.
 
Аларга зарыл болгон учурда температураны азайтып, же көбөйтүп туруу үчүн терможөнгөсалгычтар жетишпей турат. Бирок ишкерлер учурда ушул маселенин үстүнөн иштеп жатышат. Ушул тапта Илимдер академиясы менен биргеликте суроого жооп издешүүдө. Бирок заманбап жабдуулар бар. Бул үчүн новаторлордо да, алардын продукциясын керектегендерде да акча болсо болду.
 
Каражаттын жетишсиздиги тууралуу биз дээрлик күн сайын угуп жүрөбүз. Кайда барба – аткаминерлердин акчасы жок. Анткен менен кадам сайын аткаминерлердин логикага сыйбаган башкаруучулук чечимдеринин кесепеттерине күбө болуп келатабыз. Мына, мисалы, РАГИМОВ муниципалитеттердин бирине эл эс алып турушу үчүн жергиликтүү Маданият үйүн жылуулатып берүүнү сунуштаган. Смета түзүп, баарын эсептеп чыккан. Бул иштер үчүн 250 миң сом талап кылынмак. Анткен менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкерлердин сунушуна көңүл кош мамиле жасашкан. Аларга башка бизнес-долбоор жаккан: 2,5 миллион сомго евроремонт,жыгачтан терезелерди пластикке алмаштыруу. Аларды “адамдар 20 градус суукта эмне кылат? Эгерде буттарга сыз өтүп, сууктан тиш тишке тийбесе, маданият адамдардын башына киреби?” деген суроолор кызыктырбайт.
 
Александровка айылдык аймагынын Беш-Күрүк айылындагы орто мектептин директору Улан Үмөтов энергетика көйгөйүн РАГИМОВдун жардамы менен чечип алганына абдан ыраазы. Өткөн жылы бул жерде да “Светлячокко” окшоп электр жабдуусу орнотулган.
 
– Биздин мектеп 1983-жылы курулган жана ошондон бери мектептен 170 метр алыс жайгашкан от жакчу жай менен жылытылып келген, - деп пикири менен бөлүштү директор. – Эгерде мурда көмүр сапаттуу болсо, азыр бизге калориялуулугу аз отун алып келишет.Аны жаккандан кийин көп күл жана чаң кала берет. Бирок жылуулук деле болбойт. Адегенде 54 тонна сатып алчубуз, андан кийин 70тен ашты жана акыркы жолу 92 тоннага чыкты. Ысык суу мектептин экинчи кабатына жеткенче эле муздап калат. Ушунча жылдардан бери суук көкөйүбүзгө канчалык тийгенин элестете да албайсыз. Балдар, мугалимдер – баары үстүңкү кийимин чечишпейт, сасык тумоонун, сарыктын эпидемиясы башталып кетпегей эле деп кооптонобуз.
 
Кийинчерээк мектеп директору менен баарлашуудан соң белгилүү болгондой, ал РАГИМОВ менен жолугушкан экен. Жолугушуу мындайча болду. “Жамандык болбой,жакшылык да болбойт” демекчи, тышта суук кычырап турганда мектепти жылытуучу жай иштен чыккан. Төрт от жагуучу ишсиз отуруп калат. Ремонт жасоочу бригада тешилген жерди издеп, жерди казып чыкканына карабастан, аны таппай коёт. Акыр соңунда мектеп имаратынын өзүндө бетондолгон трубаларда тешик болушу мүмкүн деп божомолдошот. Полдун алдын карап чыгуу маселеси көтөрүлөт. Авариянын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл болгон бардык аракеттерди эсептеп чыкканда көздөрүнө жаш алышат. Анткени ремонт жасай турган бригада бир жарым миллион сом сураган. Айыл өкмөт башчысы мындай сумманы укканда төбө чачы тик туруп, ҮМӨТОВдон башка варианттарды издеп көрүүнү өтүнөт. Ошентип ал РАГИМОВду табат.
 
Ал смета даярдайт – 495 миң сом болду. Кол алышат. Бир айдын ичинде жаңы батареялар орнотулуп,элдин кубанычы койнуна батпай, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытышат. Кыш бою класстарда температура +18 деген белгиден төмөн түшкөн эмес. Жылуу аба ырайына сараң болгон өткөн кышты мугалимдер жана окуучулар көйнөкчөн жана костюмчан өткөрүшкөн. Майрамдарда эч ким үшүп калам деп коркпостон спортзалда чогулуп турушту.
 
– Температура +25 градуска чейин жетип жатты, мугалимдер өтүктөрүн чечип, жеңил бут кийимге өтүштү.Керемет көрүнүш. Майрамдарды жана иш-чараларды спортзалда өткөрүп турдук. Мурда баары эрте эле үйлөрүнө качып кетчү, эч ким сууктун айынан көпкө отура алчу эмес. Ал эми азыр аларды куусаң да кетишпейт, -деп күлүмсүрөйт мектеп директору.
 
Алар менен чогуу жөн гана батареяны алмаштыруудан улам чыккан экономикалык натыйжаны эсептеп көрүүнү чечтик. Эмесе, от жакчу жай иштеп турганда 4 жумушчуга маяна төлөнчү – айына 3 миң 800 сом, тоннасы орточо эсеп менен 3 миң сомго көмүр сатып алынчу, отуну да бар. Дагы бир нерсе – от жакчу жайдагы насостор жарык өчсө иштен чыкчу. Эгерде жарык болбосо, кампалар көмүргө толуп турса да адамдар үшүп жатчу. Жупуну эсептер боюнча, үнөмдөө 200-300 процентти түзгөн.Ошону менен катар аба да тазарып, тазалыкка кам көргөн аялдардын түйшүгү да азайды. Адамдар оору-сыркоодон алыс болуп калды.
 
Эмне үчүн электр энергиясынын таңкыстыгы бар деп элди коркуткан, коомчулукту тарифтерди көтөрүү зарыл деп көндүрүп келаткан бийлик мындай талашсыз пайданы түшүнбөй жатат? Биздин арабызда эле энергияны үнөмдөөчү технологиялар менен алектенген адамдар жашап жатпайбы. Азыркы тапта бюджеттин эсебинен жашагандарга от жагуучу жаңы жайларды куруу зарылчылыгын айтып жатышат. “Дагы эмне болуп кетет” деген маанайда.Балким эртең Токтогулда кырсык болсочу? Ал эми андай жайларды куруу үчүн 2,5 миллион сом талап кылынат.Аны колдонууга дагы канча чыгым кетет? ҮМӨТОВ мындай экономикага башын гана чайкайт.
 
–Учурда жылуулук бере турган мезгилде биз айына 15-20 миң төлөйбүз. Баары болуп 100 миң сом. Ал эми мурда көмүргө гана 250 миң кетчү. Андан тышкары маяна төлөш керек, жарык үчүн каражат керек…
 
РАГИМОВ менен ЗАКАРДОНЦЕВдин компаниясы иштеп жаткан он жылдан бери алар үнөмдүү батареяларды республика боюнча 200 мектепте, 100 бала бакчада, 50 ФАПта орнотуп чыгышкан. Бирок акыркы үч жылдан бери аларга энергетиктер квота бербей келатышат. Балким алар ушул чөйрөнү эч ким менен бөлүшкүсү келбейт чыгар. Өкмөт жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо шылтоосу менен аларга альтернативаны көрбөй турат. Же көргүсү келбейт. Мына ушинтип “жаман аба ырайы болбойт” деген ыр саптарына макул болбой, кыш жана аны коштоп келчү күтүүсүз окуялар алдында кооптонуп жашап келатабыз.
 
Лариса ЛИ, сүрөт автордуку

 

Окшош материалы: