Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өкмөттүн “Жаны ийгиликсиз” демилгеси: артка, 2009-жылгабы?

2013-07-30 / көңүл чордонунда

Өкмөттүн мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн сунуштары Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын 7-бөлүмүнө каршы келет.

2013-жылдын 13-июнунда премьер-министрдин төрагалыгы алдында өткөн өкмөттүн кезектеги отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан «КР айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» КР Мыйзам долбоору (мындан ары – мыйзам долбоору) каралды.
 
Мыйзам долбоору «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык-экономикалык негиздери жөнүндө» КР мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караштырат.
 
Өкмөт жарыялаган мыйзам долбоорунун мыйзамы – бул бийлик вертикалын бекемдөө, бардык райондук аймактык деңгээлдерде мамлекеттик бийликтин бирдиктүүлүгүн, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоо, улуттук жана мамлекеттик программаларды аткаруу, ошондой эле борбордоштурулган мамлекеттик башкаруу менен борбордон алыстатылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун оптималдуу айкалышуусуна жетишүү.
 
Ушул мыйзам долбоорун иштеп чыгууга негиз катары өкмөт буларды көрсөтөт:
 
• аймактарды башкаруу чабалдай түшкөнү;
• мамлекеттик башкаруу системасында бүтүндүктүн жана байланыштын жоктугу;
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттын өз ара аракеттешүүсүнүн иштиктүү механизмдеринин жоктугу (жергиликтүү жамааттар чечим кабыл алуу процессине жетиштүү деңгээлде тартылган эмес);
• аймактык башкаруунун тогоолорунун жоопкерчилигинде жана ыйгарым укуктарында теңдиктин жоктугу (өзгөчө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башкаруусу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүгө жол бербей келет).
 
Мыйзам долбоорунун мазмунун талдап чыккан соң, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери өкмөт сунуштаган чаралар өлкөдөгү социалдык жана экономикалык кырдаалдагы көрсөтүлгөн терс факторлорду жеңе аларынан күмөн санап, буга тынчсыздануусун билдиришти. Атүгүл ошол чаралар ого бетер терс кесепеттерге алып келип, көйгөйдү тереңдетип, социалдык чыңалууну күчөтүшү ыктымал. Жалпысынан документ Кыргыз Республикасында 2008-2009-жылдары президент К.С.Бакиевдин администрациясы жараткан башкаруу системасын түзөт. Ал система тоталдык борбордоштурууга, ресурстарды бир колго топтоштурууга, башкаруунун катаал вертикалын курууга жана калк менен байланыштын чабалдашына негизделген.
 
Кыргыз Республикасынын депутаттарынын дурус жерин айта турган болсок, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Комитет мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтарды. Муну менен өкмөттүн демилгесин кароону күз мезгилине калтырды. Ошентип маселе толугу менен чечиле элек, ошондуктан күзгү дискуссияга даярдануу менен, биз ушул мыйзам долбоору кабыл алынса, ал өлкөгө кандай таасирин тийгизе турганына өкмөттүн жана коомдун көңүлүн буруу зарыл деп эсептейбиз.
 
Башкаруу системасынын конституциялык түзүлүшүнүн балансталбаганы
 
Райондук кеңештерди түзүү аркылуу
 
КР Конституциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттар тарабынан айылдардын же шаарлардын аймактарында гана түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары – жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү жана мэриялар аркылуу ишке ашырылат деп белгилеген (110, 111-беренелер). Райондун аймагында башкарууну мамлекеттик органдар ишке ашырат – аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасына кирген жана КР Өкмөтүнө вертикал боюнча баш ийген жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (83 жана 91-беренелер). Райондук кеңештерди түзүүгө жол берилбейт, анткени КР Конституциясы менен бийлик органдарынын түрлөрү (мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) каралган жана алардын системасы орнотулган. Белгилей кетчү жагдай, райондук кеңештер бийликтин институту катары КР Конституциясында такыр эле каралган эмес. Ушул себептен улам мыйзамдарды КР Конституциясына ылайык келтирүү боюнча иштердин алкагында алар жоюлган. Андыктан аларды негиздөө/түзүү жана калыбына келтирүү боюнча бардык аракеттер ушул тапта Конституцияга каршы келет жана конституциялык эмес, «жасалма» бийлик органын (!) түзүүгө багытталган.
 
Райондук бюджеттерди түзүү аркылуу
 
КРда бийликти уюштуруунун негиз болуучу принциптери, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын системасы менен түрлөрү, алардын негизги функциялары менен ыйгарым укуктары, республиканын бюджеттик системасынын түзүлүшү КР Конституциясы менен аныкталган. Ошону менен катар өлкөдө бийликти жана бюджеттик системаны уюштуруу маселелери өз ара ажырагыс байланышта болуш керек жана бири-бири менен макулдашылышы абзел.
 
Конституция менен бийлик органдарынын эки түрү белгиленген: мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары (2-берене). Иш-аракеттери жана ыйгарым укуктары, башкача айтканда бийликтин ушул органдарынын жоопкерчилик чөйрөсү так аныкталып, ажыратылыш керек (3-берене).
 
Бийликтин ушул органдарынын аларга жүктөлгөн функцияларды аткарышы үчүн өлкөнүн Конституциясы менен бюджеттин эки түрү аныкталган: республикалык жана жергиликтүү (13-берене). Республикалык бюджетти ЖК кабыл алат, ал эми жергиликтүү бюджеттерди – жергиликтүү кеңештер (13, 112-беренелер). Ушул бюджеттердин ар бири өз киреше булактарына ээ жана түрдүү максаттар үчүн багышталган. Тагыраак айтканда, мамлекеттик органдардын же ЖӨБ органдарынын функцияларын каржылоо үчүн, башкача айтканда, бийликтин ошол органдарынын ар биринин жоопкерчилик чөйрөсүнө киргизилген тапшымарларды аткаруу үчүн.
 
Өкмөттүн райондук бюджетти жергиликтүү бюджет катары белгилөө демилгеси Конституциянын жогоруда айтылган нормаларына шайкеш келбейт, анткени жергиликтүү бюджет – бул айылдардын жана шаарлардын жергиликтүү жамаатынын, б.а. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети. Райондун аймагында болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу жок, буга жараша КР Конституциясы боюнча жергиликтүү бюджет да болбойт жана болбошу да керек.
 
Конституцияда каралган республикадагы бийликтин жана бюджеттик системанын конструкциясын 2010-жылы Конституциянын учурда иштеп жаткан редакциясын кабыл алуу боюнча референдумда КР эли өз бийлигин түздөн-түз ишке ашыруу менен бийликтин жалгыз булагы катары аныктаган. Конституцияга белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин элдин Баш мыйзамда бекитилген эркине туура келбеген бардык аракеттер КОНСТИТУЦИЯГА КАРШЫ КЕЛГЕН катары бааланыш керек.
 
Антпесе бул Конституциянын талаптарын одоно түрдө бузууга жана КРда бийлик органдарынын системасындагы дисбаланска, жогоруда көрсөтүлгөн бийлик органдарынын ар биринин өзүнө мыйзамдар менен жүктөлгөн функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткара албоосуна жана бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууга алып келет. Соңунда бул өлкөдө жана аймактарда абалдын начарлашына, башкача айтканда республикада адамдардын жашоосунун начарлашына алып келет.
 
Чечимдерди кабыл алуу процессинен жарандарды чыгарууну күчөтүү
 
ЖӨБдүн аткаруу органдарынын жетекчилерин – айыл өкмөт башчыларын дайындоого ЖМАнын кийлигишүүсү жана шаар менен айыл жашоочуларынын ортосунда теңсиздикти киргизүү аркылуу
 
Өкмөт айыл өкмөт башчыларын шайлоодо акимдердин ролун күчөтүүнү сунуштап жатат – айыл өкмөт башчысы райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы сунуштаган талапкерлердин арасынан айылдык кеңештин депутаттары тарабынан шайлангандай кылгысы келет. Бул сунуш айылдык кеңештин депутаттарын айыл өкмөт башчысы кызматына талапкерлерди көрсөтүү укугунан ажыратып жатат. Ошентип ЖӨБ аткаруу органынын жетекчисин аныктоо укугу акимдердин атынан мамлекетке өтүп жатат. Жарандарда болсо жергиликтүү кеңештин депутаттары аркылуу аким сунуштаган үч талапкердин арасынан өз айыл өкмөт башчысын тандоо гана калууда. Мында өкмөт шаардык кеңештин депутаттарынын мэрдин кызматына өз талапкерлерин көрсөтүү укугун сактап калуу менен айылдар менен шаарлар ортосунда теңсиздикти киргизип жатат.
 
Мыйзам долбоорунун мындай нормалары укуктук кагылышуу үчүн шарт түзүп, жарандардын шайлоо жана шайлануу укугун бузуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадр саясатындагы коррупция тобокелчилигин жогорулатып жатат.
 
Ошондой эле мындай нормалар айыл өкмөт башчысынын калк алдындагы жоопкерчилигин төмөндөтүп жатат, анткени ал биринчи кезекте аны ошол кызматка түрткөн акимдин алдында отчет берет.
 
Жергиликтүү кеңештин чечим кабыл алуусунда коллегиалдуулук принцибинин бузулушу аркылуу
 
Өкмөт жергиликтүү кеңешке кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу боюнча чечимди сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алууну сунуштап жатат. Ошондой эле чечим кабыл алуу укугу (сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен) прокуратура органдары белгилеген мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды аткарбаганы, же тийиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн айыл өкмөт башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга акимге макулдук берүү маселеси боюнча берилет. Ушул өңдүү нормалар башка маселелер боюнча да сунушталат.
 
Бул жерде шайланган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугун талап кылган чечимдерди кабыл алууда коллегиалдуулук принцибине карама-каршылыкты байкаса болот. Анткени катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган ченемдик укуктук актылар юридикалык күчкө ээ эмес. Себеби шайланган депутаттардын көбү жактырбай коюшу мүмкүн же түрдүү себептер менен сессияга катышпай калышы ыктымал.
 
ЖӨБ органдарынын ишине акимдердин түз кийлигишүүсү аркылуу
 
Мыйзам долбоору акимдерге КР Өкмөтү аныктаган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечимдерин жокко чыгаруу жана токтото туруу укугун берүүнү сунуштайт. Бул норманы КОНСТИТУЦИЯГА КАРШЫ КЕЛЕТ деп эсептеш керек, анткени ал акимдердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине эч жүйөсүз аралашуусуна алып келет. Бул болсо Конституциянын нормаларына карама-каршы келет (функцияларды жана ыйгарым укуктарды ажырымдоо тууралуу 3-берене жана маморгандардын ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарына кийилигишпөөсү жөнүндө 113-берене).
 
ЖӨБ башчыларынын мыйзамдуулукту сактап жатканын көзөмөлдөө үчүн башкаруу системасында тийиштүү мамлекеттик орган бар – прокуратура. Анын компетенциясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызматтык адамдарынын мыйзамдарды так жана бир түрдүү аткарып жатышын көзөмөлдөө кирет. Прокуратура органдары көбүрөөк юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келген укуктук актыларга каршылык билдирүү укугуна ээ.
 
ЖӨБдүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү каржылоо жана жергиликтүү жамааттын өз ресурстарын башкаруу жөндөмдүүлүгүнүн бошоңдошу
 
Райондук администрацияларга жергиликтүү бюджеттердин өз кирешелерин өткөрүп берүү аркылуу
 
Райондук бюджеттер айылдык аймактардын жана райондук маанидеги шаарлардын бюджеттеринен үлүш алып турат деп пландалууда. Бул болсо өз кезегинде муниципалитеттердин жана калктын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизмекчи. Болгондо да бул үлүштү мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңеш эмес, Өкмөт өз ыктыярына жараша аныктайт. Мындай мамиле жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик саясатты түп тамыры менен өзгөртөт. Ушул норманы кабыл алуу КР Өкмөтүнүн атынан КР Каржы министрлигинин сунушунун негизинде гана райондук бюджеттердин пайдасына айылдык аймактардын жана райондук маанидеги шаарлардын бюджеттеринин кирешесин эч жүйөсүз алып коюу үчүн негиз болуп эсептелет. Муну менен ЖӨБ органдарынын жергиликтүү бюджеттердин киреше базасын жакшыртуу мотивациясы азайып, конкреттүү айылдын же шаардын аймагында жашаган жамааттын бюджети катары жергиликтүү бюджеттин идеясынын беделин кетирет.
 
КР Конституциясынын 113-беренесин, ошондой эле “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамдын 1-беренесин бузуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жана аткарууга ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилүүдө. Ошону менен катар кайсы жергиликтүү бюджеттерге ушул ыйгарым укуктар жайылтылары көрсөтүлгөн эмес. Ушул норманы түз чечмелей келсек, бул ыйгарым укуктар айылдык аймактардын жана шаарлардын бюджеттерине жайылтыла турганын билдирет. Мындай учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги принциптери бузулуп, жергиликтүү бюджеттердин натыйжалуулугунун деңгээли азайып, коррупция тобокелчилиги жогорулайт.
 
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана анын түздөн-түз баш ийүүсүнө өткөрүлүп жаткан аймактык мамлекеттик органдардын атынан мамлекеттик органдардын ишмердигин райондук (жергиликтүү) бюджеттин эсебинен каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттемелерин жөнгө салган “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамдын 37-беренесине карама-каршы келет. Өзгөрүүлөрдүн негизги маңызы – мындан ары жергиликтүү жамааттар жергиликтүү бюджеттер аркылуу жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишмердигин каржылайт. Бул айдан-ачык адилетсиздик мамлекет мамлекеттик органдардын ишин камсыздоо боюнча өзүнүн каржылык милдеттемелерин айылдардын жана чакан шаарлардын жашоочуларынын мойнуна жүктөп жатат дегенди түшүндүрөт. Жергиликтүү маанидеги артыкчылыктуу маселелерди чечүүгө арналган каржы ресурстары калктын кызыкчылыктарына доо кетирүү менен эми мамлекеттик органдардын ишмердигин камсыздоого багытталат. Ушул норма кабыл алынган учурда калк арасында нааразычылык көбөйүп, социалдык чыңалуу күчөйт деген чыныгы кооптонуу бар.
 
Ошондой эле “өз оокатына тың” муниципалитеттердин санынын өсүш динамикасы токтойт деген да коркунуч бар. Чыгашалар өскөн маалда кирешелердин азаюусу (муниципалдык кызматчылардын айлык акысы жогорулайт деп күтүлүүдө) сөзсүз түрдө дотациялык муниципалитеттердин санынын өсүшүнө, мындан улам теңдештирүүчү гранттардын өлчөмүнүн да көбөйүшүнө алып келет. Өлкө ЖӨБ органдарына дотациялар – теңдештирүүчү гранттар түрүндө республикалык бюджеттен улам көп каражат талап кылган туңгуюк кырдаалга кайтып келет.
 
Жергиликтүү бюджеттердин айкындуулугун бошоңдотуу жана коррупция үчүн шарттарды түзүү аркылуу
 
Бюджеттик жетишсиздикти теңдештирүүнүн жаңы системасы – дотацияларды (гранттарды) бөлуштүрүү олуттуу кооптонууларды жаратып жатат. 2007-жылы киргизилген теңдештирүүчү гранттарды бөлүштүрүү реформасы ушул мезгилге чейин иштеп жатат жана бардык бюджеттик реформанын негизи болуп эсептелет. Теңдештирүүчү гранттарды бөлүштүрүүдө объективдүүлүктүн жана айкындуулуктун деңгээли жогорулады. Ортодогу, ортомчу райондук деңгээл жокко чыгарылган. Ал теңдештирүүчү гранттарды бөлүштүрүүдө өз натыйжасыздыгын көрсөткөн. Өкмөт болсо эски схемага кайтып келүүнү сунуштап жатат: ар бир ЖӨБ органынын тилигинде дотацияларды эсептөөдөн баш тартуу, райондук мамлекеттик органдарга айылдык аймактар арасында акча бөлүштүрүү укугун өткөрүп берүү.
 
Мындай мамиле жасалган учурда теңдештирүүчү гранттарды бөлүштүрүүдө коррупция, “адам фактору”, натыйжалуулуктун төмөндүгү өңдүү тобо-келчиликтер көбөйөт.
 
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жергиликтүү бюджеттердин каржы ресурстарын максаттуу бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөө укугун өткөрүп берүү сунушу чоң камтамачылыкты жаратууда. Мындай мамиле мамлекеттик бийлик органдарынын ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарына, аны менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жергиликтүү бюджеттерди аткаруу процессине кийлигишүүсүнө тыюу салууну караштырган Конституциянын 113-беренесине жана «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамдын 1-беренесине каршы келет. Ушул тапта көзөмөлдөөчү ролду казыначылык, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана Каржы министрлигинин райондук бөлүмдөрү (кыйыр түрдө) ойноп келет.
 
Мамлекетте саясий туруктуулуктун бошоңдошу
 
Кыргыз Республикасынын Конституциясына карата көптөгөн карама-каршылыктар аркылуу
 
Өкмөттүн сунуштары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2, 3, 13, 110-113-беренелерин бузуп жатат.
 
Иштеп жаткан мыйзамдарга карата көптөгөн карама-каршылыктар аркылуу
 
Өкмөттүн сунуштары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин саясатына каршы келет жана депутаттардын ишин «нөлгө» чыгарат. Ошол иштердин натыйжалары акыркы жылдары кабыл алынган бир катар мыйзамдарда жана бул мыйзам долбоорунун айынан бузулуп, өзгөртүүгө дуушар боло турган нормаларда билинип жатат.
 
2013-жылдын 21-январындагы 2013-2017-жж. аралыгында КРнын туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясына киргизилген багыттарга карама-каршы келүү аркылуу
 
Өкмөттүн мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн сунуштары Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын 7-бөлүмүнө каршы келет. Стратегия – кеңири талкууланган документ, аны өлкө Президенти жактырган жана өкмөт өз ишинде ошону колдонмо кылып алган.
 
КР туруктуу өнүктүрүү стратегиясы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатууну артыкчылыктардын бири катары аныктап алды (2.7-главанын 4-п.). Ошол эле маалда айылдык аймактардын жана райондук маанидеги шаарлардын бюджеттеринин киреше өлчөмүнүн 30% райондук бюджеттин пайдасына азайтылышы Стратегиянын жогоруда көрсөтүлгөн жобосуна түздөн-түз каршы келет.
 
Жалпысынан мыйзам долбоору ЖӨБдүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши:
 
• элет жеринде жашаган жарандардын социалдык-экономикалык абалынын начарлашына көмөктөшүшү;
 
• чыныгы реформалардын ордуна 2010-жылдын жаз мезгилиндеги окуялардын негизги себептеринин бири болгон 2009-жылдагы өзүн актабаган башкаруу системасына кайтып келүүнү сунуштаган мамлекеттик бийликтин аброюн түшүрүшү мүмкүн.
 
Талкуулар уланууда. Биз мойнубузга алабыз: МАМЛЕКЕТТИК башкаруунун райондук деңгээлинде тартип зарыл. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ЭСЕБИНЕН ЭМЕС. Өкмөттүн башка ресурстары, башкаруунун райондук ГОРИЗОНТАЛЫН түзүүнүн альтернативалык варианттары бар. Вертикалдык башкаруунун өмүрү командалык- административдик система учурунда эле бүткөн. Талкууга катышыңыз жана альтернативалар тууралуу «МУНИЦИПАЛИТЕТ» журналынын кийинки сандарында окуңуз!

 

Окшош материалы: