Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Төртүнчү бийлик жана корпоративдик сектор

2013-05-31 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары
Төртүнчү бийлик жана корпоративдик сектор

Бизнес жамаат менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы дискуссиянын темасы Кыргызстандагы ММК менен бизнестин корпоративдик социалдык жоопкерчилик жана бирге аракеттешүүсү маселелери болду

2013-жылдын 15-апрелинде «Төртүнчү бийлик жана корпоративдик сектор» темасына «тегерек стол» өттү. Бул иш-чараны Өнүктүрүү саясат институту жана Кыргызстандагы корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча түйүн уюштуруп, «Кока-Кола Бишкек Ботлерс», «Пегасус Азия» жана «Газпром нефть Азия»өңдүү компаниялар алардын өнөктөшү болушту.
 
Бизнес жамаат менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы дискуссиянын темасы Кыргызстандагы ММК менен бизнестин корпоративдик социалдык жоопкерчилик жана бирге аракеттешүүсү маселелери болду:
 
• Бизнестин өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги эмне менен чектелет жана ММКнын жеке ишканалардын маалыматын ачыктоого карата талаптары өзүн актайбы?
 
• Компаниялар өз иши тууралуу толук маалымат берүүгө жана журналисттер менен байланыш түзүүгө даярбы?
 
• ММК өкүлдөрү бирөөнү өйдө коюп, же башкаларды төмөн коюп, аудиторияга маалыматты бейтарап жеткире алабы?
 
Өз сөзүндө ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда Добрецова буларды белгиледи: «Биз эки тараптын тең – бизнестин да, ММКнын да социалдык жоопкерчилигин карайбыз. Мында бизнестин социалдык жоопкерчилиги биз үчүн мыйзамдардын чөйрөсү менен чектелет. Бизнестин коомчулук алдындагы милдети продуктыларды өндүрүүнүн, кызмат көрсөтүүнүн, жумушчу орундарды түзүүнүн жана салыктарды чегерүүнүн эсебинен аткарылат. Анткен менен социалдык жоопкерчиликти ММК да алат. Журналист сөзсүз миссиясын аткарууда жана албетте коомго таасир этүүнүн төртүнчү бийлик деп атыккан кандайдыр бир ресурсу болуп эсептелет. Бирок бул ресурс кандай мүнөздө болот? Анын аракеттеринин маңызы кандай? Жыйынтыктоочу натыйжасы жана соңку максаты кандай – талкалоочубу, же жаратуучубу? Эгерде саясий талаада эле калып, экономиканы көрмөксөнгө сала берсе, анын маңызы талкалоочу күчкө ээ болот. Прессанын ролу жана милдети – калкты саясий уруш-кериштерге алагды кылбоо, сүрмө топтун ички туюмдарын козгобоо жана коомду өзүн өзү жемелеп, өзүн эзе берүүгө түртпөө, тескерисинче барчылыкка жана өнүгүүгө үндөө».
 
«Тегерек столдун» алкагында ошондой эле бизнестин социалдык жоопкерчилиги темасын ММКда мыкты чагылдырууга арналган «Өнөктөштүк – 2012» сынагынын жыйынтыктары да жарыяланып, түрдүү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр сыйланды. ММК жана бизнес-жамааттын өкүлдөрү бир пикирде мунаса табышты – талкуу мүмкүнчүлүгү болгон ушундай жолугушууларды мүмкүн болсо көбүрөөк өткөрүп туруу.