Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Студенттер үчүн мастер-класс: тоо-кен казуучу тармак

2013-05-31 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары
Студенттер үчүн мастер-класс: тоо-кен казуучу тармак

2-апрелде Бишкек гуманитардык университетинде Кыргызстандагы тоо-кен казуучу тармагы темасына арналган мастер-класс өттү.

2-апрелде Бишкек гуманитардык университетинде Кыргызстандагы тоо-кен казуучу тармагы темасына арналган мастер-класс өттү. Тоо-кен казуучу өндүрүш ММК өкүлдөрү арасында да, карапайым тургундардын арасында кеңири популярдуу болду. Бул чөйрөдөгү көйгөйлөрдүн актуалдуулугун эске алуу менен, студенттерге көрсөтмөлүү мисалдар менен толук бет ачар тартууланды.
 
Баяндаманы Казуучу тармактардын айкындуулук демилгесинин Катчылыгынын (КТАД) жетекчиси Карыбек Ибра ев жасады. Өз сөзүндө лектор кайсы минералдык ресурстар дүйнөдө баарынан көп бааланаарын, акыркы он жылда өзүнчө пайдалуу кендерге талап жана баалар кандай өзгөргөнүн айтып берди. Ошондой эле ал биздин өлкөдө кандай жаратылыш байлыктары кезигээрин жана акыркы 15 жылда тоо-кен тармагындагы кырдаал кандай өзгөргөнүн баяндап берди.
 
Бет ачардын соңунда студенттер баяндамачыга суроо узатып, өз байкоолору менен бөлүшүп, тиги же бул маселелерге карата эксперттин пикирин биле алышты. Айталы, мисалы, студенттердин биринин суроосу тоо-кен казуу тармагындагы кадр маселесине арналды.
 
«Бүгүнкү күндө квалификациялуу кадрлар абдан аз калды. Биздин өлкөдө ЖОЖдор көп жана дипломдуу адистер бар болсо да, бул чөйрөдөгү билимдер купулга толбойт. Анын үстүнө азыр машинелерди жана техникаларды башкара ала турган жумушчулар жетишпей турган чакта баары инженер-геолог адистигин өздөштүрүп жатат», - деген пикирин билдирди КТАД жетекчиси.