Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Бийик тоолуу аймактарды өнүктүрүү: “сокур” колдоодон өнүгүүнүн даректүү чараларына өтүү: Грузиянын тажрыйбасы
ӨСИнин буйрутмасы менен Лидия БУДИСА даярдаган серептин материалдарынын негизинде. Материал Грузиянын улуттук укуктук жана институционалдык базасынын дайындары жана туюндурмалары боюнча, анын ичинде бийик тоолуу аймактарды өнүктүрүү жөнүндө Мыйзамдын (2015), 2024-2030-жылдарга бийик тоолуу калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегиянын, АӨИ министрлигинин RDA’нын жана Мамлекеттик аудит кызматынын документтеринин, ошондой эле донордук программаларга серептин негизинде даярдалып, “Муниципалитет” журналында жарыялоого арналган.
Кыргызстан – бийик тоолуу өлкө. Тоолуу ландшафт өлкөнүн өнүгүүсүнүн бардык өңүттөрүнө таасирин тийгизип, чакырыктарды да, мүмкүнчүлүктөрдү да жаратууда. Бирок чакырыктарга туура жооп кайтарып, көйгөйлөрдү чечип, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн бийик тоолуу жана жетүүгө оңой болбогон аймактарды өнүктүрүү боюнча даректүү мамлекеттик саясатты түзүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында бийик тоолуу, жетүүгө оңой болбогон, алыскы жана чек арага жакын аймактарды башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү каралган. Ошондуктан, бул маселе 2025-жылдын 18-мартында бекитилген Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына киргизилген: программанын экинчи артыкчылыктуу багытына бийик тоолуу жана жетүүгө оңой болбогон аймактарды өздөштүрүү аркылуу жетүү каралган.
Ошентип, тапшырма Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдына коюлган. Бул министрлик Өнүктүрүү саясат институтунун катышуусу менен 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгууда. Программанын аналитикалык бөлүгүн даярдап, бул жааттагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында Министрлик аталган аймактардын социалдык-экономикалык абалына жана аярлуулугуна талдоо жүргүзүү үчүн, ошондой эле Мамлекеттик программанын алкагында сунуштарды негиздөө үчүн жумушчу топту түздү. Жумушчу топко аналитикалык колдоону Өнүктүрүү саясат институту көрсөтүүдө. Бул маселе башка тоолуу өлкөлөрдө кандай чечилип жатканын түшүнүү максатында Институттун консультанты Лидия БУДИСА эл аралык практикага, анын ичинде Швейцариянын, Непалдын, Норвегиянын жана Грузиянын тажрыйбасына сереп жасап чыкты. Тема Кыргызстандын көптөгөн жергиликтүү жамааттарынын жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын козгойт, ошондуктан “Муниципалитет” журналы башка өлкөлөр тоолуу аймактарды кандайча өнүктүрүп жаткандыгы тууралуу басылмалардын сериясын ачып, аны Грузиянын тажрыйбасы жөнүндө макала менен баштайт.
Грузия тоо чакырыгына комплекстүү чечимдер менен жооп берүүдө
Тоолуу рельефи анык өлкөлөрдө мамлекеттик регионалдык саясат парадокско сөзсүз туш болот: калктуу конуш деңиз деңгээлинен канчалык жогору жайгашса жана жолдордун магистралдык тармагынан, медициналык мекемелерден жана эмгек рынокторунан канчалык алыс болсо, негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы да ошончолук жогору болот, ал эми кожолуктардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жашоо-тиричиликтин кадыресе стандарттарын сактоо мүмкүнчүлүгү да ошончолук төмөн болот. Ошондуктан, эгерде биз бардыгын рыноктун, демографиянын жана экономиканын “көрүнбөгөн колу” каалагандай башкарып кетет дегенге ыктасак, анда биз алдын ала айтууга мүмкүн болгон депопуляция спиралына (калктын санынын азайышына), инфраструктуранын бузулушуна жана улуттук өнүгүү күн тартибинен бүтүндөй аймактардын чыгып калышына күбө болобуз. Грузия бул чакырыкка бир нече жылга эсептелген кыска мөөнөттүү долбоор менен эмес, чачыранды программалардын жыйындысы менен эмес, туруктуу укуктук, институционалдык жана финансылык архитектураны түзүү менен жооп кайтарды. Ал болсо юридикалык жактан аныкталган “бийик тоолуу калктуу конуштун” статусун тургундардын конкреттүү укуктары, бизнес үчүн жеңилдиктер жана туруктуу бюджеттик агымдар менен байланыштырып, парламенттен жана тармактык министрликтен баштап, муниципалитеттерге жана короо деңгээлине чейин “ишке ашыруу вертикалын” куруп жатат.
Укуктук пайдубал: мыйзам жылдар бою көтөрүлө берчү тепкич сыяктуу
Системанын ачкычы – 2015-жылы кабыл алынган Бийик тоолуу региондорду өнүктүрүү жөнүндө Мыйзам. Аталган Мыйзам эки принципиалдуу нерсени аткарат: калктуу конушту бийик тоолуу аймактарга киргизүүнүн критерийлерин юридикалык жактан бекитет жана бул статусту укуктар, жеңилдиктер жана максаттуу каржылоого жетүү менен байланыштырат. Мунун натыйжасында “жетүүгө кыйын аймактар” жөнүндө сөздөр тилектештик чөйрөсүнөн укукту колдонуу, бюджетти пландоо жана мамлекеттин милдеттенмелери мейкиндигине өткөрөт; Мыйзам өкмөткө социалдык колдоо пакеттерин аныктоого жана кеңейтүүгө ыйгарым укук берет, бийик тоолуу калктуу конуштардын расмий реестрин жүргүзүү милдетин белгилейт, Аймактарды өнүктүрүү жана инфраструктура министрлигине (АӨИ министрлиги) ведомстволук координацияны өткөрүп берет, ошондой эле Бийик тоолуу калктуу конуштарды өнүктүрүү фондун (БТККӨ фонду) түзүүнү белгилейт. Бул фонд инфраструктуралык салымдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн теңдештирүүнүн башкы бюджеттик каражаты болуп саналат, болгондо да бардык конструкция алуучулардын чөйрөсүн жана жардам көрсөтүүнүн тартибин конкреттештирүүчү мыйзам алдындагы актылар менен толукталган. Натыйжада муниципалитеттер жана тургундар тарабындагы белгисиздик азайып, инвесторлор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр долбоорлорун алдын ала божомолдой алышат.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Дайындардан чечимдерге чейин: тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүүдө Норвегиянын тажрыйбасы Кыргызстанга эмнелерди бере алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Аярлуулук картасынан баштап каржылоого чейин: Непал тоолуу жана алыскы аймактарды кантип колдоп жатат
-
№12 (170) / 2025-12-30 СЭӨП 2.0: жаңы инклюзивдүү методикалар: алар кантип жеринде иштей баштады?
-
№9 (167) / 2025-09-21 "Устат-шакирт" моделинин жаңы версиясы же Шакирттик аярлуу топторду өнүктүрүү чарасы катары
-
№9 (167) / 2025-09-21 ЖӨБ органдары СЭӨПны кантип иштеп чыгууда? КР Экономика жана коммерция министрлиги үчүн мониторингдин жыйынтыктары
-
№9 (167) / 2025-09-21 Инклюзивдүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары калктын аярлуу жана артта калып жаткан топтору үчүн шарттарды түзүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Өнүктүрүү саясат институту КР Экономика жана коммерция министрлигине комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын өзгөчөлүктөрүн жана милдеттерин жеринде түшүндүрүүгө жардам берди
















