Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Дайындардан чечимдерге чейин: тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүүдө Норвегиянын тажрыйбасы Кыргызстанга эмнелерди бере алат

2026-03-09 / Аймактарды өнүктүрүү
Дайындардан чечимдерге чейин: тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүүдө Норвегиянын тажрыйбасы Кыргызстанга эмнелерди бере алат

Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты Лидия БУДИСА даярдаган серептин негизинде

Кыргызстан – бийик тоолуу өлкө. Тоо ландшафты өлкөнүн өнүгүүсүнүн бардык өңүттөрүнө таасирин тийгизип, чакырыктарды да, мүмкүнчүлүктөрдү да жарата алат. Бирок чакырыктарга туура жооп кайтаруу, көйгөйлөрдү чечүү жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн бийик тоолуу жана жетүүгө оңой болбогон аймактарды өнүктүрүү боюнча даректүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу зарыл. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында бийик тоолуу, жетүүгө оңой болбогон, алыскы жана чек арага чектеш аймактарды башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү каралган. Ошондуктан бул маселе 2025-жылдын 18-мартында бекитилген Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына киргизилген: программанын экинчи артыкчылыктуу багыты, анын ичинде бийик тоолуу жана жетүүгө оңой болбогон аймактарды өнүктүрүү аркылуу жетишилет.
Ошентип, тапшырма Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдына коюлду. Министрлик Өнүктүрүү саясат институтунун катышуусу менен 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгууда. Программанын аналитикалык бөлүгүн даярдоо жана бул жаатта мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында министрлик аталган аймактардын социалдык-экономикалык абалына жана аярлуулугуна талдоо жүргүзүп, ошондой эле Мамлекеттик программанын алкагында сунуштарды негиздөө үчүн жумушчу топту түздү. Ошол себептен бул маселе башка тоолуу өлкөлөрдө кандай чечилип жатканын түшүнүү үчүн Институттун консультанты Лидия БУДИСА эл аралык практиканы, анын ичинде Швейцариянын, Непалдын, Норвегиянын жана Грузиянын тажрыйбаларына сереп жасап чыкты. Тема Кыргызстандын көптөгөн жергиликтүү жамааттарынын жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын козгойт, ошондуктан “Муниципалитет” журналы тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү башка өлкөлөр кантип башкарары жөнүндө макалалардын сериясын ачкан эле. Бул жолу Непалдын тажрыйбасы сунушталат (сериянын башталышын журналдын 2025-жылы чыккан сандарынан (№№168, 170) окуй аласыз, анда Грузиянын тажрыйбасы жөнүндө макала чыккан).

КИРИШҮҮ: АЙМАКТАРДЫН ТЕҢСИЗДИГИ БАШКАРУУНУН УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ ЧАКЫРЫГЫ КАТАРЫ

Кыргызстан өлкөнүн мейкиндик түзүлүшүнүн негизин тоолуу жана алыскы аймактар түзгөн мамлекеттердин бири болуп саналат. Аймактын жарымынан көбү 1500 метрден ашык бийиктикте жайгашкан, ал эми элеттик калктуу конуштардын кыйла бөлүгү транспорттук жеткиликтүүлүк чектелүү, климаты катаал жана жаратылыш тобокелдиктери жогору  шарттарда жайгашкан. Бул факторлор социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө, калктын негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүнө жана жалпы жашоо сапатына тикелей таасирин тийгизүүдө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бул чыгымдар кыйла жогору, ал эми өз киреше базасын түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр азыраак болгон шарттарда иштеп, муниципалдык функцияларды аткаруу дегенди билдирет. Тоолуу райондордо жолдорду, мектептерди, фельдшердик-акушердик пункттарды, суу менен жабдуу жана байланыш объекттерин тейлөө түздүктөгү аймактарга караганда кыйла кымбатка турат. Ошол эле учурда калктын саны адатта азайып, ал эми калктын түзүмү улгайып баратат.

Акыркы жылдары Кыргызстанда аймактык теңсиздик көйгөйү барган сайын көзгө көбүрөөк учурай баштады. Тоолуу жана алыскы райондордон кетип жаткан адамдардын агымы күч алды, эмгек миграциясы өсүүдө, жеринде экономикалык активдүүлүк кыскарууда. Бир катар аймактарда инфраструктура эскирип,  социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү төмөндөп жатканы байкалууда. Ошол эле учурда мамлекеттик колдоо чаралары адатта ар дайым бири-бири менен макулдашылбаган, аймактарды жана артыкчылыктарды тандоонун бирдиктүү критерийлерине негизделбеген ар түрдүү программалар жана долбоорлор аркылуу ишке ашырылат.

Мындай шартта узак убакыт бою алыскы аймактарды өнүктүрүүнүн системалуу саясатын түптөп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы өзгөчө кызыгууну жаратат. Норвегия эң көрсөтмөлүү мисалдардын бири боло алат. Кирешенин деңгээли жогору болгонуна карабастан, өлкө көп жагынан Кыргызстандагыдай көйгөйлөргө туш болууда: татаал рельеф, калктын төмөн жыштыгы, алыскы калктуу конуштар жана ал жактарда кызмат көрсөтүүнүн кымбаттыгы. Ошол эле учурда Норвегия мындай аймактарды башкаруунун туруктуу моделин түзүп, аларды өнүктүрүүнү мамлекеттик башкаруунун жалпы системасына интеграциялай алды.

ӨЗҮНЧӨ “ТОО САЯСАТЫ” БОЛБОГОН ТООЛУУ АЙМАКТАР

Норвегиялык ыкманын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – кууш маанисинен алып караганда өзүнчө “тоо саясаты” жок. Өлкөдө тоолор тууралуу атайын мыйзам да, тоолуу райондорду өнүктүрүү үчүн гана жооптуу өзүнчө мекеме да жок. Бул тоолуу аймактардын көйгөйлөрү башка чет-жакалардагы жана калкы аз райондордун көйгөйлөрү менен дал келерин түшүнүүгө негизделген башкаруунун аң-сезимдүү тандоосу.

Тоолуу муниципалитеттер өнүгүүнүн өзгөчө шарттары бар аймактардын кыйла кеңири тобунун бир бөлүгү катары каралууда. Мындай аймактарды колдоо регионалдык жана муниципалдык саясаттын жалпы системасына киргизилген. Бул алар өлкөнүн бардык башка муниципалитеттери сыяктуу эле укуктук жана институционалдык алкактарга карата да колдонулат дегенди билдирет. Айырмачылыктар статус аркылуу эмес, пландоо жана каржылоо аспаптары аркылуу эсепке алынат.

Кыргызстан үчүн бул ыкма принципиалдуу мааниге ээ. Бүгүнкү күндө жеңилдиктерди жана субсидияларды алуу үчүн “бийик тоолуу” же “жетүүгө оңой эмес” калктуу конуш статусу адатта негизги жүйө катары колдонулуп келет. Анткен менен статустун өзү конкреттүү айылдын аярлуулугунун реалдуу деңгээлин дайыма эле чагылдыра бербейт. Натыйжада, айрым чындап көйгөйлүү аймактар саясаттын көңүл тышында калышы мүмкүн, ошол эле маалда башкалары формалдуу белгиси боюнча колдоо алышууда.

Норвегиянын тажрыйбасы көрсөткөндөй, кыйла туруктуу ыкма бир жолу жана түбөлүккө бекитилип калган статустарга эмес, жашоо шарттарынын жана өнүгүүнүн өлчөнүүчү көрсөткүчтөрүнө негизделет.

УЛУТТУК АЛКАК ЖАНА “УЛУТТУК ҮМҮТ”

Норвегиялык системада аймактык өнүгүүнүн мамлекеттик алкагы маанилүү ролду ойнойт. Улуттук өкмөт регионалдык жана муниципалдык өнүгүү чөйрөсүндө “улуттук үмүттөрдү” түзөт. Бул документтер туруктуу негизде жаңыланып турат, регионалдык жана муниципалдык пландарды иштеп чыгууда эске алынууга тийиш болгон артыкчылыктарды белгилейт.

Улуттук үмүттөр мыйзам эмес, бирок аларды эске алуу үчүн милдеттүү болуп саналат. Аларда жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу, климаттын тобокелдиктерин эсепке алуу, аярлуу аймактарды коргоо жана негизги кызмат көрсөтүүлөргө тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарылдыгы белгиленет. Тоолуу райондор үчүн бул коопсуздукка, экологияга жана узак мөөнөттүү туруктуулукка тиешелүү маселелерге өзгөчө көңүл буруу дегенди билдирет.

Кыргызстан үчүн мындай аспап катаал административдик кийлигишүүсүз аймактарды өнүктүрүү боюнча бирдиктүү көз карашты аныктоонун жолу катары пайдалуу болушу мүмкүн. Ал мамлекетке жергиликтүү бийлик жыйынтык үчүн жоопкерчиликти сактоо менен чечим кабыл ала турган алкакты түзүүгө мүмкүндүк берет.

ПЛАНДОО АЙМАКТЫК ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ КАТАРЫ

Милдеттүү стратегиялык жана аймактык пландоо системасы норвегиялык моделдин борбордук элементи болуп саналат. Бардык муниципалитеттерде өнүгүүнүн жана жерди пайдалануунун актуалдуу пландары болууга тийиш. Бул документтер юридикалык күчкө ээ жана инвестициялык чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп кызмат кылат.

Тоолуу жана алыскы аймактар үчүн пландоо өзгөчө мааниге ээ. Мындай шарттарда ар кандай инфраструктуралык чечим жогору тобокелдиктер менен байланышкан. Жолдорду, мектептерди, медициналык мекемелерди же туристтик объектилерди курууда кар көчкү, жер көчкү, суу ташкындары коркунучу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери эске алынышы керек. Норвегияда мындай тобокелдиктерди баалоо пландоонун милдеттүү бөлүгү болуп саналат.

Объектилерди жайгаштырууда муниципалитеттер кооптуулук карталарын жана климаттын өзгөрүүсүнүн болжолун эске алууга милдеттүү. Бул өзгөчө кырдаалдардын ыктымалдыгын төмөндөтүп, узак мөөнөттүү чыгымдарды азайтат. Пландоо ошондой эле өзгөчө сезимтал жаратылыш зоналарында курулуштарды чектөө үчүн колдонулат, бул болсо тоолуу райондор үчүн маанилүү.

Кыргызстанда жергиликтүү деңгээлде пландоо практикасы бир кылка эмес бойдон калууда. Көптөгөн айылдык аймактарда өнүктүрүү пландары формалдуу түрдө бар жана чечимдерди кабыл алуунун аспабы катары сейрек колдонулат. Норвегиянын тажрыйбасы көрсөткөндөй, дал ушул пландоо менен каржылоонун ортосундагы байланыш пландарды жөн гана формалдуулук эмес, башкаруунун реалдуу аспабына айландырат.

АЙМАКТАРДЫН АЛЫСТЫГЫН ЖАНА АЯР АБАЛЫН ӨЛЧӨӨ

Норвегиянын аймактык саясатынын негизги аспаптарынын бири болуп борборлуулуктун индекси саналат. Аны өлкөнүн Статистикалык башкармалыгы иштеп чыккан жана конкреттүү муниципалитеттин тургундары үчүн жумуш орундарынын жана негизги кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүнүн даражасын чагылдырат. Индекстин өзөгүн административдик чек аралар эмес, ал жакка жетүүгө кеткен убакыттын эсеби түзөт.

Муниципалитеттер борборго баарынан да жакын жайгашкандардан баштап, эң четкиге чейин борборлошуунун деңгээлдери боюнча классификацияланат. Бул көрсөткүч үзгүлтүксүз жаңыланып турат жана колдоо программаларын иштеп чыгууда, гранттарды бөлүштүрүүдө жана райондук саясаттын зоналарын аныктоодо колдонулат.

Бул ыкма Кыргызстан үчүн өзгөчө актуалдуу болуп турат. Көптөгөн айылдар формалдуу түрдө салыштырмалуу бакубат райондорго кирет, бирок иш жүзүндө алар обочолонуу шарттарында жашашат. Индекстик ыкма мындай аймактарды аныктоого жана субъективдүү баалоонун эмес, дайындардын негизинде даректүү колдоонун зарылдыгын негиздөөгө мүмкүндүк берет.

ФИНАНСЫ СИСТЕМАСЫ ЖАНА  БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТЕҢДЕШТИРҮҮ

Норвегияда каржылоо теңдештирүү принцибине негизделген. Бюджеттердин ортосундагы трансферттер салык дараметиндеги айырмачылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдардын ордун толуктай тургандай кайра бөлүштүрүлөт. Алыскы жана тоолуу муниципалитеттерде бул калктын жан башына колдоо жогорку деңгээлде болгонун билдирет.

Каражаттардын басымдуу бөлүгү формула боюнча автоматтык түрдө бөлүштүрүлөт. Бул субъективдүү чечимдердин ролун төмөндөтүп, системанын айкындуулугун жогорулатат. Муниципалитеттер каражаттын көлөмүн алдын ала билишет жана өз ишин бир нече жылга пландай алышат.

Бир жолку программаларга жана саясий чечимдерге көз карандылыкты азайтуу көз карашынан алганда Кыргызстан үчүн бул тажрыйба маанилүү. Түшүнүктүү критерийлерге негизделген формула боюнча эсептөө ыкмасы тоолуу аймактарды колдоонун кыйла адилеттүү жана туруктуу системасын түзүүгө негиз боло алат.

ЭКОНОМИКАЛЫК СТИМУЛДАР ЖАНА БИЗНЕСТИ КОЛДОО

Түз трансферттерден тышкары, Норвегия алыскы аймактарды колдоо үчүн экономикалык стимулдарды колдонуп келет. Перифериялык райондордогу иш берүүчүлөр үчүн социалдык төлөмдөрдү азайтуу эң белгилүү аспап болуп саналат. Бул механизм автоматтык түрдө иштейт жана кошумча жол-жоболорду талап кылбайт.

Мындай стимулдар бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды кыскартууга жана алыскы муниципалитеттерде жумуш орундарын сактап калууга багытталган. Алар көптөгөн тоолуу райондордун экономикасынын негизин түзгөн чакан жана орто бизнес үчүн өзгөчө маанилүү.

Кыргызстан үчүн бул тажрыйба бюджеттик программалар аркылуу гана эмес, салык жана жөнгө салуу системасы аркылуу да колдоо көрсөтүүгө болоорун тастыктап турат. Узак мөөнөттүү жана болжолдоого боло турган стимулдар адатта кыска мөөнөттүү субсидияларга жана гранттарга караганда кыйла натыйжалуу болот.

БУЛ АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕР ҮЧҮН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Норвегиянын тажрыйбасы алыскы аймактарды өнүктүрүү дайындардан башталарын көрсөтүүдө. Айыл өкмөтү үчүн бул өз аймагы тууралуу маалыматтарды системалуу түрдө чогултуп, пайдалануу зарылдыгын билдирет. Сөз кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, аралык, калктын саны, демографиялык тенденциялар жана табигый чектөөлөр жөнүндө болуп жатат.

Сапаттуу дайындар долбоорлордун артыкчылыктуулугун негиздөөгө, аймактын кызыкчылыгын коргоого жана бейформал макулдашуулардан көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет. Алар чечимдердин ачык-айкын болушун жана элдин ишенимин жогорулатат.

Пландар менен бюджеттердин ортосундагы байланыш экинчи негизги элемент болуп саналат. Норвегиянын практикасында долбоорлор бекитилген пландарга киргизилген учурда гана каржылык колдоого ээ болушат. Бул пландоону башкаруунун чыныгы аспабына айландырууда.

МОНИТОРИНГ, БААЛОО ЖАНА РЕАЛДУУ ҮМҮТ

Норвегиянын мониторинг системасы жакшы өнүккөн статистикалык базага жана туруктуу негизде жүргүзүлгөн баалоого таянат. Мамлекеттик органдар чыгашалардын көлөмүнө гана эмес, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүндөгү өзгөрүүлөргө, демографиялык кырдаалга жана жашоонун сапатына да көз салып турат.

Ошол эле маалда мамлекет өзүнүн саясатынын чектөөлөрүн тааныйт. Олуттуу ресурстарга карабастан, алыскы аймактар калктын санынын азайышы жана экономикалык өсүштүн чектелиши өңдүү көйгөйлөргө туш болуп келүүдө. Саясаттын максаты экономикалык көрсөткүчтөр боюнча бардык аймактарды теңдештирүү эмес, жашоо сапатынын негизги деңгээлин камсыз кылуу жана аярлуулук деңгээлин азайтуу болуп саналат.

ЖЫЙЫНТЫК: КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН САБАКТАР

Норвегиянын тажрыйбасы көрсөткөндөй, тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүү дайындарга, пландоого жана болжолдоого боло турган каржылоого негизделген эрежелердин туруктуу системасын талап кылат. Кыргызстан үчүн бул тажрыйба улуттук шарттарга ылайыкташтырылган өзүнүн колдоо моделин даярдоодо багыт болуп бере алат.

Бул системада негизги ролду муниципалитеттер ойнойт. Дал ушул жергиликтүү деңгээлде кабыл алынган чечимдер тургундар үчүн чыныгы өзгөрүүлөргө айланууда. Пландоону бекемдөө, дайындар менен иштөөнү өнүктүрүү жана жергиликтүү бийликтин институционалдык дараметин жогорулатуу өлкөнүн тоолуу жана алыскы аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү шарттары болуп кала бермекчи.

Норвегиянын тажрыйбасын Кыргызстанда кантип колдонсо болот

 

Окшош материалы: