Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
СЭӨП 2.0: жаңы инклюзивдүү методикалар: алар кантип жеринде иштей баштады?
СЭӨПда кызмат көрсөтүүлөр жаатында инклюзивдүү чараларды киргизүү жана ишке ашыруу боюнча конкурстун жыйынтыктары
Айсулуу КАМЧЫБЕКОВА, ЖДКЖ Долбоорунун гендер жана социалдык инклюзия маселелери боюнча адиси
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын (СЭӨП) жаңы методикалары инклюзивдүүлүктү жергиликтүү пландоонун чордонуна коёт: ар кандай топтордун муктаждыктары жөнүндө маалыматтарды, калктын аярлуу катмарынын талкууларга катышуусун, өзүнчө бюджеттик чараларды жана социалдык таасирдин өлчөнө турган көрсөткүчтөрүн камтыйт.
Бул макаланын логикасыпрактика менен бекемделген: 2025-жылдын май айында 31 пилоттук муниципалитет үчүн алты семинар өттү, анда командалар “Кыял” аспабы аркылуу СЭӨПга гендердик жана социалдык инклюзияны киргизгенди үйрөнүштү; андан кийин конкурс өттү – 23 өтүнмөнүн ичинен 19 демилге жеткиликтүү инфраструктура, эрте куракта өнүктүрүү, спорт, маданият жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу үчүн гранттык жабдуулар менен (орточо 185 000 сомдун тегерегинде) колдоого алынды; мамлекеттик органдардын катышуусу менен жыйынтыктоочу талкуу СЭӨПда инклюзивдүү чараларды мындан ары методикалык коштоого жана туруктуу бюджетти түзүүгө суроо-талапты бекемдеди. Башкача айтканда, жаңыланган ыкмалар теория болбой калды: алар СЭӨПнын артыкчылыктары реалдуу сервистер менен, ал эми жашоочулардын катышуусу бюджеттин конкреттүү саптары жана аткаруу эрежелери менен салыштырылган чечимдерге айланып баратат.
2025-жылдын май айында Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын максаттуу райондорунда ЖДКЖ Долбоорунун алкагында 31 пилоттук ЖӨБ органы үчүн жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына социалдык жана гендердик инклюзия принциптерин интеграциялоого көмөк көрсөтүүгө багытталган алты семинар өткөрүлгөн. Катышуучулар (бардыгы болуп 89 адам, анын ичинде 61 аял), айыл өкмөт башчылары жана аткаруучу катчыларынын орун басарлары, социалдык жана жер маселелери, муниципалдык менчик жана инвестициялар боюнча адистер, социалдык кызматкерлер, жергиликтүү кеңештердин мүчөлөрү, бухгалтерлер жана сатып алуулар боюнча адистер жергиликтүү бийлик органдары майыптыгы бар адамдарды, өзгөчө муктаждыктары бар балдарды, аялдарды жана эркектерди, кыздарды жана балдарды коомдук турмушка канчалык жигердүү тарта аларын талкуулашты. Алар ошондой эле өз жамааттарындагы инклюзивдүүлүктүн учурдагы абалын талдап, жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктап, коопсуз жана инклюзивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жолундагы ыктымалдуу тоскоолдуктар менен таанышып чыгышты.
Бул семинарлар Долбоордун алты максаттуу районунда гендердик жана социалдык адилеттүүлүк принциптерин чагылдырган инклюзивдүү өнүгүү ыкмаларын эске алуу менен айыл өкмөтүнүн (АӨ) келечеги тууралуу көз карашты калыптандырган “Кыял” аспабы аркылуу катышуучуларга стартегиялык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн берди. Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар айыл өкмөтүнүн инклюзивдүү өнүгүүсүнүн, максаттуу жамааттарда жашаган адамдардын бардык топторун тартуунун мааниси жөнүндө так түшүнүктү калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Окуудан кийин кызыкдар 20 муниципалитет жергиликтүү өнүктүрүү пландарына социалдык жана гендердик инклюзия принциптерин жакшыраак киргизүү боюнча конкурска катышты.
Конкурс төмөнкүдөй максаттарда уюштурулду:
- Социалдык жана гендердик инклюзия (СГИ) принциптерин эң жакшы чагылдырган аймакты өнүктүрүү жана жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча ЖӨБ органдарынын СЭӨПсын аныктоо;
- Конкурс аркылуу СЭӨПнын алкагында иш-чараларды пландоо жана ишке ашыруу боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү;
- ЖӨБ органдарын, жамааттын жигердүү мүчөлөрүн жана жумушчу топтордун мүчөлөрүн СЭӨПга инклюзивдүү чараларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашууга шыктандыруу;
- СЭӨПга киргизилген кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү инновациялык социалдык жана гендердик инклюзивдүү чараларды жайылтууга көмөктөшүү.
Өтүнмөлөрдү баалоодо жергиликтүү демилгенин СЭӨП менен өз ара байланышын тастыктаган документтердин толук пакетинин жана аны ишке ашыруу боюнча чаралардын планынын, бюджеттин формаларынын, жергиликтүү кеңештин токтомдорунун жана ар кандай социалдык топтордун керектөөлөрүн изилдөө боюнча протоколдордун болушунан тышкары, төмөнкү критерийлер да эске алынды:
- СЭӨП социалдык жана гендердик инклюзия көз карашынан алганда учурдагы социалдык-экономикалык кырдаалга талдоону камтыйт
- Жарандардын аярлуу топторунун пайдасына социалдык багыттагы СЭӨПнын артыкчылыктарынын саны
- СЭӨП долбоорун иштеп чыгууга калктын аярлуу топторунун тартылуусу
- Артыкчылыктарды ишке ашыруу боюнча чаралардын жана алардын аткарылышынын көрсөткүчтөрүнүн болушу
- Социалдык жана гендердик инклюзивдүү чараларды ишке ашырууга каражаттарды жергиликтүү бюджетте өзүнчө сап менен бөлүү
- Калктын аярлуу катмарын колдоо боюнча чаралардын болушу (субсидиялар, социалдык заказ, жеңилдиктер ж.б.).
Жалпысынан 23 сунуш түшүп, комиссия инклюзивдүү өнүктүрүү боюнча 19 чараны ишке ашырууну колдоду. ЖӨБ органдары үчүн байге фондун ЖДКЖ Долбоору бөлүп, бир АӨ үчүн гранттык жабдуулардын орточо суммасы болжол менен 185 000 сомду түздү. Бул 19 демилге калктын аярлуу топторунун спорттук инфраструктурага, сергек жашоо образына, эс алуу жана маданий жабдууларга, ишке орноштурууга, эрте куракта өнүктүрүүгө, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана коргоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган бир катар инклюзивдүү чараларды же кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт. Көптөгөн идеялар учурдагы инфраструктуранын негизинде иштелип чыккан жана алынган гранттык жабдуулар азыркы кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүүгө (Бакай-Атадагы фитнес-клуб) же кеңейтүүгө (Аксыдагы эс алуу паркына же Кочкор-Ата шаарындагы майыптыгы бар балдар борборуна кошумча жабдууларды орнотуу) мүмкүндүк берет.
2025-жылдын ноябрында конкурстун жыйынтыгын чыгарууга арналган иш-чарада КР Министрлер Кабинетине караштуу МКЖӨБМАнын ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктар бөлүмүнүн, донордун, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын 19 пилоттук муниципалитетинин кызматкерлери – СЭӨПда кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы инклюзивдүү чаралар боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү (бардыгы 58 адам, анын ичинен 35 аял) катышты. Тегерек столдун катышуучулары “Эч кимди унутта калтырбоо” ТӨМ принцибине ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө комплекстүү, инклюзивдүү жана гендердик өңүткө басым жасаган мамиленин маанилүүлүгү жөнүндө билимди бекемдөөгө көмөктөшкөн теманын актуалдуулугун жана аткарылган иштерди белгилешти. Алар мындай долбоорлор элет жергесинде социалдык ынтымакты бекемдеп, коомдогу чыңалууну азайтарын кошумчалашты.
Катышуучулардын пикирлери алардын долбоорлору ЖӨБ органдарынын натыйжалуу жана ачык-айкын ишине көмөктөшөрүн көрсөтүп турат.
“Биз Ак-Жол айылындагы маданият жана эс алуу сейил багында балдар аянтчасын уюштуруу менен бардык майыптыгы бар балдар үчүн да, дени сак балдар үчүн да жеткиликтүү, коопсуз жана биргелешкен оюн чөйрөсүн түзгүбүз келет. Ошондой эле өнөктөштөр аркылуу кызмат көрсөтүүнү улантып, жергиликтүү бюджеттен жана башка булактардан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз”. ЮСУПОВА Жайнагүл, Ак-Жол айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси, Аксы району, Жалал-Абад облусу.
“Биздин өтүнмө үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш-чараларды өткөрүүгө багытталган, себеби көпчүлүк адамдар зомбулук тууралуу эч кимге айтышпайт жана милицияга же прокуратурага кайрылышпайт. Жабдууларды алгандан кийин биз кеңештин депутаттары, аксакалдар соту, айыл өкмөтүнүн юристи жана социалдык адистер аркылуу үй-бүлөлөргө билим берүү иш-чараларын жана консультацияларды өткөрөбүз. Ошондой эле Токмок шаарынын эмгек жана социалдык коргоо райондор аралык бөлүмдөрү, Токмок реабилитациялык борборунун психологдору менен тыгыз байланышта түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт”. ИСАЕВ Нурбек, Он-Бир Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы, Чүй облусу, Чүй району.
Андан соң катышуучулар КР Министрлер Кабинетине караштуу МКЖӨБМАнын өкүлдөрүнөн жана аймактар үчүн социалдык коргоо программаларын иштеп чыгууда долбоорунан колдоону суранышты. Бул да жергиликтүү өнүгүү программаларына социалдык жана гендердик инклюзия маселелерин илгерилетүүгө алардын кызыкдарлыгын билдирет.
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Өнүктүрүү саясат институту КР Экономика жана коммерция министрлигине комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын өзгөчөлүктөрүн жана милдеттерин жеринде түшүндүрүүгө жардам берди
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Ош облусунун Ноокат району: туризм – өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерине карабастан пландалган өсүш
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району: туризмге инвестиция тартуу туристтердин санынын көбөйүшүнө жана бул тармактагы жумуш орундарынын өсүшүнө алып келет
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кантип жардам бере алат?
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кеминде жайкы туристтик сезонду салтанаттуу түрдө ачышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 Ат-Башы: өнүккөн келечекке карай өкмөттүн, бизнестин жана коомдун тандеми
-
№6 (164) / 2025-07-14 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району: туризмдин өсүшүнөн улам пайда болгон экологиялык тобокелдиктер азайтылып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Чүй облусунун Кемин району: өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына кайтуу жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүү
















