Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (173-174) 13 Май 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кадамжай району инвесторлор менен конкреттүү долбоорлордун тилинде сүйлөшүүдө

2026-05-13 / Аймактарды өнүктүрүү
Кадамжай району инвесторлор менен конкреттүү долбоорлордун тилинде сүйлөшүүдө

Айнура БАЛАКУНОВА, Нургуль ИСАКОВА, Өнүктүрүү саясат институту

2026-жылдын 13-мартында Баткен облусунун Кадамжай шаарында “Кадамжай – инвестициялардын жана туруктуу өнүгүүнүн аймагы” аттуу инвестициялык форуму өттү. Форумду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана Кадамжай райондук координациялык кеңеши уюштурду. Форумга 121 катышуучу келди: 67 эркек жана 54 аял. Форумга бизнестин жана потенциалдуу инвесторлордун, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, банктар менен финансы институттарынын, донордук жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле жаштар кеңештеринин өкүлдөрү катышты.
Район өзүнүн инвестициялык дараметин көрсөтүп, азыр эле ишке киргизүүгө боло турган долбоорлор менен тааныштыргысы келди. Бизнести, инвесторлорду жана бийликти бир аянтчага чогултуп, ошондой эле ишкерлерге мамлекеттик колдоо жана финансылык аспаптар тууралуу практикалык маалымат менен камсыз кылуу өзүнчө бир тапшырма болду. Башкача айтканда, форум “отчеттордун майрамы” катары эмес, адамдар бири-бирин угуп, мындан ары жасалчу кадамдар тууралуу макулдаша турган жумушчу жолугушуу катары уюштурулду.
Иш-чара Улуу Британия Өкмөтүнүн каржылык колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан «Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу» (EGED) программасынын техникалык жана консультациялык колдоосу менен өткөрүлдү.

ФОРУМДУН АЧЫЛЫШЫ: РАЙОНДУН КАНДАЙ АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ БАР?

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, райондун акими БАЯКЕ уулу Болоткан катышуучулар менен учурашып, сөз сүйлөдү. Ал инвестицияларды тартуу жана ишкерликти колдоо райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары экенин баса белгиледи. Аким ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, мамлекеттик программалардын жана райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында инвестициялык климатты жакшыртуу иштери системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Инвестициялар үчүн негизги деп эсептелген багыттар сунушталды. Алар: агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризмди өнүктүрүү, логистикалык инфраструктураны түзүү жана энергетиканы өнүктүрүү, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлор.

Акыркы бир жылда райондо беш логистикалык борбор курулганы өзүнчө белгиленди. Бул борборлор айыл чарба продукциясын сактоо ишин жолго салып, ички жана тышкы рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жого-рулатууга тийиш. Аким ошондой эле форумдун маанилүү социалдык багытын белгиледи. Ал мындай аянтчалар аялдардын ишкердигине, жаңыдан ишин ачып жаткандарга жана жаштарга, анын ичинде тажрыйбалуу ишкерлерден насаатчылык аркылуу колдоо көрсөтө аларын баса белгиледи.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ПРОДУКЦИЯНЫН КӨРГӨЗМӨСҮ: РАЙОН ӨЗ КҮЧҮ МЕНЕН ЭМНЕЛЕРДИ ЧЫГАРЫП ЖАТАТ?

Форумдун негизги программасынын алдында уюштуруучулар Кадамжай районунун ишкерлеринин продукцияларынын көргөзмөсүн өткөрүштү. Көргөзмө практикалык максатты көздөдү: район “инвестицияларды сурай бербейт”, анын иштеп жаткан өндүрүшү, кооперативдери жана кол өнөрчүлүк бирикмелери бар.

Көргөзмөгө айыл чарба чийки затын кайра иштетүүдөн алынган өнүмдөр, тамак-аш өндүрүшү, кол өнөрчүлүк жана ишкердиктин башка түрлөрү коюлган. Табигый алманын ширесин жана малинанын концентратын чыгарган “Охна Фрутс” кооперативи, жемиштерди кургатууга адистешкен “ALPELDEN” ишканасы, пастиланы жана кургатылган жемиштерди чыгарган “Giza Fruits” компаниясы, өрүк жана балдан жасалган продукция менен ишкер Зайнабхан ИСМАИЛОВА, “Жаннат таттуулары” кондитердик цехи, “Аруузат Айымдар” коомдук бирикмесинин кол өнөрчүлөрү өз продукциялары менен тааныштырышты. Ошондой эле “ADAL SOAP” табигый косметикалык продукциясы, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан минералдык суу, “Kanayim Flowers KDM” гүл бизнеси, ошондой эле бут кийим жана себет буюмдарын өндүрүү боюнча муниципалдык ишканалар да тааныштырылды.

Уюштуруучулардын айтканына караганда, көргөзмө чоң кызыгууну жаратты. Бул ар бир район үчүн маанилүү учур. Өндүрүштө тажрыйбасы бар жана жыйынтыгы менен тааныштырууга даяр аймак менен сүйлөшүү инвестор үчүн оңой болот.

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЛИМАТ: БИЗНЕСТИ КОРГОО ЖАНА ТОСКООЛДУКТАРДЫ АЗАЙТУУ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕР ЖАСАЛЫП ЖАТАТ?

Форумдун катышуучуларына район ишкерлер үчүн административдик тобокелдиктерди кантип азайтып жаткандыгы тууралуу маалымат берилди. Кадамжай районунун прокурорунун орун басары К. АТАМБЕКОВ сөз сүйлөп, ишкерлердин укуктарын коргоо жана административдик тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча чаралар тууралуу айтып берди. Форумда “Мобилдик прокурор” мобилдик тиркемеси тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Бул тиркеме аркылуу ишкерлер прокуратура органдарына кайрылууларын, сунуштарын жана даттанууларды ыкчам жөнөтө алышат.

Ошондой эле форумда бизнес үчүн маанилүү болгон конкреттүү маалыматтар жаңырды. Негизсиз текшерүүлөрдү азайтуу үчүн көзөмөл органдары текшерүүлөрдү прокуратура органдары менен макулдашууга тийиш экендиги белгиленди. Мындан тышкары, текшерүү жүргүзүүнүн алдында салык органдары атайын каттоо кодун алышы керек. Мунун баары көзөмөл ишинин ачык-айкындуулугу жана мыйзамдуулугу үчүн жасалууда.

Райондук салык кызматынын башчысы Русланбек ЗУЛПУЕВ ишкерлер үчүн “Бирдиктүү терезе” системасынын иши жана 2022-жылдан бери иштеп келе жаткан салык карыздарын жөнгө салуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Ал салык кызматы бизнес менен өз ара аракеттенүүнү жана салыктык тескөөнүн шарттарын жакшыртууну улантып жатканын баса белгиледи.

Муниципалдык жетекчилер үчүн бул жерде жөнөкөй тыянак бар. Инвестициялык климат ураандардан жана презентациялардан гана турбайт. Ал ишкер үчүн түшүнүктүү болгон жол-жоболордон жана көйгөй жаралса, иш жүзүндө колдонууга боло турган коргоо механизмдеринен түзүлөт.

ИНВЕСТОРЛОРГО ТАРТУУЛАНГАН ДОЛБООРЛОР

Кадамжай районундагы инвестициялык долбоорлордун бет ачары форумдун негизги элементи болуп калды. Форумдун коноктору ар кандай масштабдарды жана түрдүү тармактарды көрө алышты, бирок жалпы максатты жөнөкөй сөздөр менен туюндурууга болот: жаңы жумуш орундары, жеринде кайра иштетүү, экспорт жана туруктуу кызмат көрсөтүүлөр.

“KCE Group” компаниясынын өкүлү Эстебес ЧОТБАЕВ ири күн электр станциясын куруу долбоору менен тааныштырды. Долбоордун аянты 761 гектарды түзөт. Станциянын пландалып жаткан кубаттуулугу саатына 200 мегаватт кубаттуулуктагы энергияны сактоо системасын интеграциялоо менен 500 мегаватт деңгээлинде белгиленген. Долбоор 300 миллион АКШ доллары деп бааланууда. Курулуш жүрүп жаткан мезгилде 700дөн 900гө чейин, ал эми ишке берилгенден кийин 50гө жакын туруктуу жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда. Долбоор энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга жана райондун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө багытталганы баяндамада баса белгиленди.

Ишкер Актөрө САТАРОВ мөмө-жемиштерди, биринчи кезекте, малина менен алчаны тоңдуруп, андан ары тышкы рынокко экспорттоо боюнча долбоору менен тааныштырды. Долбоордун сүрөттөмөсүндө жергиликтүү дыйкандардын кызыкчылыгына басым жасоо маанилүү. Долбоор туруктуу сатуу рыногун түзүүгө жана айыл чарба продукциясынын кошумча наркын жогорулатууга багытталган. Талкуу маалында райондун ишкерлери жана дыйкандары мөмө-жемиштерди, анын ичинде карагаттарды сатып алууну кеңейтүүнү сунуш кылышты.

Ишкер Венера НУСУРАТИЛЛАЕВА Ак-Суу дарыясынын жээгинде экотуризмди өнүктүрүү долбоору менен тааныштырды. Долбоор туристтерди жайгаштыруу үчүн модулдук үйлөр менен жыл бою иштеген туристтик зонаны, улуттук тамак-аш менен тамактанууну уюштурууну, экскурсиялык кызматтарды көрсөтүүнү жана элеттик туризмдин элементтерин камтыйт. Долбоор боюнча инвестициялардын жалпы көлөмү 2 345 000 сом өлчөмүндө көрсөтүлгөн.

Долбоорлордун ар кандай деңгээлде болушу маанилүү. Бул район бир эле “ири долбоорго” таянбастан, демилгелердин жыйнагын түзүп жатканын көрсөтүүдө, мында кээ бир долбоорлор чоң инфраструктураны түзсө, айрымдары чакан жана орто бизнеске жардам берүүдө.

ТАЛКУУ ЖАНА СУРООЛОР: ИШКЕРЛЕР МЫНДАН АРЫ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕКТИГИН АЙТЫШТЫ?

Форумдун алкагында бизнестин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү ишкерликти өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Туризм чөйрөсүндө тейлөөнүн стандарттарын жогорулатуу үчүн окуу программаларын, айыл чарба кооперативдерин түзүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана фермердик чарбаларды колдоо зарылдыгы тууралуу сунуштар жаңырды.

Баткен облусунун Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү продукциянын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле эл аралык рынокторго продукцияны таанытууда жана эл аралык көргөзмөлөргө катышууда ишкерлерге колдоо көрсөтүү тууралуу маалымат берди.

Бул суроолор жана сунуштар райондо бизнес “эптеп бүгүн аман калуу” жөнүндө гана эмес, ошондой эле райондун жана өлкөнүн тышында таанылган эрежелер боюнча рынокко кантип чыкса болору тууралуу ойлонуп жатканын да көрсөтүүдө.

АКЧАНЫ КАЙДАН АЛСА БОЛОТ: БАНКТАР ЖАНА ФОНДДОР ЭМНЕЛЕР МЕНЕН БӨЛҮШТҮ?

Форумда бизнести каржылоо мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө талкууланды. Айыл Банктын, Ишкердикти өнүктүрүү фондунун жана райондук финансы бөлүмүнүн өкүлдөрү учурдагы финансылык колдоонун аспаптары тууралуу айтып беришти. Ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды, гранттарды жана мамлекеттик колдоонун башка түрлөрүн алуунун шарттары түшүндүрүлдү. Форумда чакан жана орто бизнес-долбоорлорун каржылоого көңүл бурулду.

Ишкер үчүн бул кээде эң маанилүү блок болуп саналат. Эгерде адам банкта жана фонддо кандай өнүмдөр бар экенин, долбоорго кандай талаптар коюлуп, эмнелерди даярдаш керектигин түшүнүп турса, идеядан ишке ашырууга чейинки жол кыскарат.

МЕМОРАНДУМДАР ЖАНА КОНКРЕТТҮҮ МАКУЛДАШУУЛАР: ФОРУМДА ЭМНЕЛЕР ТАРИЗДЕЛДИ?

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы менен бир катар инвестициялык компаниялардын  кызматташуу ортосунда жөнүндө меморандумдарга кол коюу форумдун маанилүү бөлүгү болуп калды. Ак-Суу дарыясында кубаттуулугу 20 мегаватт болгон чакан ГЭСти куруу долбоорун ишке ашырып жаткан “Охна ГЭС” компаниясы менен меморандумга кол коюлду. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы аянты эки гектардан ашык жер тилкелери бөлүнүп берилген. Станция ишке берилгенден кийин беш миңден ашык кожолукка электр энергиясы жетет жана он бешке жакын туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

Ошондой эле “KCE Group” компаниясы менен Ак-Турпак айылдык аймагында күн электр станциясын куруу долбоору боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Форумда жаш ишкерлерди колдоо жана насаатчылык маселелери өзүнчө талкууланды. Тажрыйбалуу ишкер Кундуз ИСАКОВА жаш ишкер Венера НУСУРАТИЛЛАЕВАга насаатчылык колдоо көрсөтүп, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча консультация берери макулдашылды. Ошондой эле жаштардын өкүлү Атабек АРИПОВдун инновациялык борбор түзүү боюнча демилгеси да талкууланды. Талкуунун алкагында “Академия Роста” окуу борборунун директору Нургүл ЫСАКОВА долбоорду өнүктүрүүдө ментор болуп, методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүгө макул болду.

КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ПИКИРЛЕРИ: ФОРУМГА БЕРИЛГЕН БАА 

Форум иш жүзүндө кандай кабыл алынганын катышуучулардын цитаталары мыкты чагылдырып турат.

“KCE Group” компаниясынын өкүлү Эстебес ЧОТБАЕВ уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, түз диалогдун баалуулугун баса белгиледи: “Мындай иш-чаралар инвесторлорго бизнестин өкүлдөрү, бийлик органдары жана райондун жигердүү жашоочулары менен түз баарлашууга мүмкүндүк берет. Бул абдан маанилүү формат, себеби аймактын муктаждыктарын жакшыраак түшүнүүгө, ишенимди калыптандырууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен чечимдерди издөөгө көмөктөшөт”.

Исхак-Болоткан айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Алчагүл БАКИРОВА бул форум бийлик менен бизнестин ортосундагы диалогду өнүктүрүүдө маанилүү кадам болгонун айтып, көбүрөөк ишкерлерди тартуу үчүн мындай жолугушууларды айылдык аймактардын деңгээлинде да өткөрүү пайдалуу болорун баса белгиледи.

Мөмө-жемиштерди кайра иштетип, кургатуу менен алектенген жеке ишкер Азада АРЗЫБАЕВА жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн өз продукциясын таанытып, өз ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алуу маанилүү болгонун айтты. Ал уюштуруучуларга өзгөчө ыраазычылыгын билдирип, мындай жолугушуулар мындан ары да улана берерине ишеним билдирди, себеби бул жолугушуулар бизнести өнүктүрүүгө жардам берип, кызматташтыкты бекемдейт.

Ишин жаңыдан баштап келаткан Наргиза БАХАРОВАНЫН айтымында, форум маанилүү окуя болуп калды, себеби мындай иш-чаралар райондо биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана бизнес-жамааты менен байланышуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берди. Наргиза форумда пайда болгон таанышуулар жана байланыштар жаңы ишкердик демилгелерди өнүктүрүү үчүн негиз боло аларын баса белгиледи.

ЖЫЙЫНТЫКТАР: ФОРУМ ЖӨБ ОРГАНДАРЫ ЖАНА БИЗНЕС ҮЧҮН ЭМНЕСИ МЕНЕН ПАЙДАЛУУ БОЛДУ?

Форумдун жыйынтыгы боюнча уюштуруучулар иш-чара районду өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо жана инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды деген тыянакка келишти. Форумда энергетика, айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана туризм тармагындагы долбоорлор сунушталды. Катышуучулар бизнести өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулап, ишкердикти колдоонун финансылык аспаптары менен тааныша алышты.

Уюштуруучулар жана катышуучулар белгилегендей, форум Кадамжай районун өнүктүрүүгө ишкерлер менен инвесторлордун кызыгуусу жогору болгонун көрсөттү. Форумда келечек үчүн сунуштар берилди. Алардын айрымдары: инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча ишти улантуу, ишкердикти колдоо механизмдерин кеңейтүү, инфраструктураны өнүктүрүү, ишкерлер үчүн окуу иш-чараларын үзгүлтүксүз уюштуруу жана ушул сыяктуу форумдарды туруктуу негизде, анын ичинде айылдык аймактардын деңгээлинде өткөрүү.

“Муниципалитет” журналынын окурманы үчүн бул жерде практикалык бир ой бар. Инвестициялык форум бир эле учурда үч нерсени жасаганда мааниге ээ болот. Форум район эмнелерди өндүргөндү жана сатканды өздөштүрүп калганын көрсөтө алат. Ал ишкерге коргоонун жана колдоонун эрежелерин түшүндүрөт. Буга кошумча форум ири демилгелер менен чакан бизнес-долбоорлору бири-бирине тоскоол болбостон, райондун экономикасын толуктай алган долбоорлордун портфелин түзөт.

 

Окшош материалы: