Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары СЭӨПны кантип иштеп чыгууда? КР Экономика жана коммерция министрлиги үчүн мониторингдин жыйынтыктары

2025-09-21 / Аймактарды өнүктүрүү

Надежда ДОБРЕЦОВА, ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (мындан ары – ЖМА) 2024-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары (мындан ары – СЭӨП) расмий бекитилген методологиялардын негизинде иштелип чыккан1. Бул көптөгөн ЖӨБ органдары үчүн чакырык болуп калды, себеби жаңы методологиялар жаңы каражаттарды колдонууну жана жаңы билимдерди талап кылып, ЖӨБ органдарын жаңы суроолорго жооп издөөгө аргасыз кылды: 

  • “инклюзивдүүлүк” деген эмне жана калктын аярлуу топторунун өнүгүүсүн кантип камсыз кылуу керек? 
  • климаттын өзгөрүүсүнө кантип ыңгайлашса болот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мындай мүмкүнчүлүктөрү барбы? 
  • кантип мейкиндикти башкарса болот жана негизи эле бул мүмкүнбү?

Ошол эле маалда СЭӨПны иштеп чыгуунун жаңы методологиялары аймактардын өнүгүүсүн башкаруунун болочок системасынын маанилүү мазмундук бөлүгү болуп калды. Бул болсо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы №134 токтому менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасында белгиленген. 
КР Экономика жана коммерция министрлигинин тапшырмасы менен Өнүктүрүү саясат институту  (ӨСИ) жаңы методологияларды колдонуу менен жергиликтүү СЭӨПнын өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүп чыкты. Жыйынтык төмөнкүдөй болду.

СЭӨПга мониторинг жүргүзүү процесси жана анын предмети

Маалыматтарды чогултуу (СЭӨПнын өзү жана аларды бекиткен документтер) КР Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактардын саясаты башкармалыгы чогултуп чыккан, андан кийин чогултулган СЭӨПлар электрондук түрдө ӨСИнин дарегине берилген. Бул баскычта төмөнкү параметрлер мониторингдин предмети болуп саналат:

  • өнүктүрүү программаларынын болушу;
  • методология бөлүмдөрүнүн алкагынан ал-ганда дайындардын болушу жана толуктугу;
  • методологиялардын бөлүмдөрүнүн алкагынан алганда өнүктүрүү чараларынын болушу жана толуктугу;
  • инклюзивдүү өнүктүрүү чараларынын жана айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу чараларынын сапатын баалоо.

Бардык түшкөн СЭӨП боюнча дайындар Excel форматындагы таблицага киргизилди, бул болсо чыпкаларды колдонуу менен пландаштыруу жана болжолдоо үчүн дайындардын болушуна жана толуктугуна, бекитилген методологиялардын бөлүмдөрүнүн алкагында өнүктүрүү чараларынын болушуна жана толуктугуна карата жыйынды көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгууга мүмкүндүк берди. ӨСИнин эксперттери сунушталган СЭӨПларга беш баллдык шкала боюнча баа берип чыгышты. Чаралардын сапатына дагы кыйла тереңирээк талдоо эки бөлүмгө карата жасалган: инклюзивдүү өнүктүрүү жана айлана-чөйрө.

СЭӨПны иштеп чыгууга көмөктөшүү

2024-жылы КР Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги астында Дүйнөлүк банк жана ӨСИ аркылуу “Экономикалык өнүктүрүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын2 колдоосу менен окутуу жана СЭӨПны иштеп чыгуу боюнча борборлоштурулган өнөктүк өткөрүлдү.

Методикалардын инновациялык мүнөзү аларды өнүктүрүүнү пландаштыруунун кызыкдар тараптары жана катышуучулары үчүн окутуу жана консультациялар жолу менен жеринде киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү талап кылды. Тренингдер бириктирилген бюджеттин алкагында жана бирдиктүү окутуу программасы боюнча кызмат көрсөтүүнү бирдиктүү жеткирүүчү аркылуу өткөрүлдү. Мында Дүйнөлүк банк мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну, ал эми ӨСИ жарандык коомду, бизнести жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын окутууну каржылады. Окутуу үчүн топтор аймактык негизде түзүлүп, аралаш мүнөздө болду (бир топко бир аймактан бийликтин, бизнестин жана коомдун өкүлдөрү кирди, бул өнүктүрүү программасынын ачык жана көп тараптуу мүнөзүн камсыз кылды). Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткирүүчүсү болуп калды. БАЖБАнын муниципалдык жана мамлекеттик кызматчыларды окутууга лицензиясы бар жана жергиликтүү тилдерде зарыл болгон тренердик ресурстарга ээ. Айрым аймактарда сыноо режимин эсепке алуу менен методикалардын авторлору иштеп чыккан модулга 30 тренер окутулду.

Өнөктүк 2024-жылдын августунан 2025-жылдын январына чейин созулду. Жалпысынан өнөктүк 100% элеттик ЖӨБ органдарын, айрым шаарларды жана 100% жергиликтүү мамлекеттик администрацияны камтыды; 2119 адам окууга катышты, алардын ичинен 953ү – аял (43%).

Окутуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын колдорунда тигил же бул даярдыктагы СЭӨПнын долбоору болду, бирок алар дайындарды чогултуу, артыкчылыктарды тактоо жана СЭӨПны жеринде бекитүү процессин өз алдынча бүтүрүүгө тийиш эле.

СЭӨПны иштеп чыгуу процессинин алгоритмдик мүнөзү ЖӨБ органдары үчүн андан ары кон-сультацияларды өткөрүүнү талап кылды, аларды КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу суроолорго жооптордун жыйнагы түрүндө берди.

2025-жылдын ичинде ӨСИ өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр жана БАЖБА менен биргеликте жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелерин СЭӨПга интеграциялоого көмөк көрсөттү.

Бирок окутуу боюнча өнөктүк камтыбай калган шаарлар колдоого алынбаган бойдон калууда.

СЭӨПнын болушу

Жалпысынан ӨСИ 2025-жылга 130 СЭӨПны алды, анын ичинде ЖӨБ органдарынан 111 СЭӨП келди, бул ЖӨБ органдарынын жалпы санынын 42 пайызын (бардыгы болуп 264) түзөт жана жергиликтүү мамлекеттик администрациядан 19 СЭӨП түштү, бул ЖМАнын жалпы санынын 47 пайызын (бардыгы болуп 40) түзөт. Ошентип, 2025-жылдын июлуна карата башкаруунун аймактык органдарында СЭӨПнын бар болушунун деңгээли жетишсиз жана жалпысынан бардык ЖӨБ органдары жана ЖМА боюнча 43 пайызды гана түзөт. ЖӨБ органдарынын СЭӨПсына карата бул КР Бюджеттик кодексинин талаптарын бузат, ага ылайык ЖӨБ органдарында жергиликтүү бюджеттерди түзүү үчүн негиз катары СЭӨПнын бар болушу талап кылынат.

СЭӨПда дайындардын болушу жана толуктугу

Түшкөн СЭӨПлар бөлүмдөр боюнча дайындардын болушуна жана толуктугуна бекитилген методологияга ылайык текшерилди (1-сүрөт).

1-сүрөт. СЭӨПнын бөлүмдөрү жана түрлөрү (райондук жана шаардык) боюнча маалыматтардын болушун жана толуктугун салыштыруу

Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, дайындардын жеткиликтүүлүгү жана толуктугу боюнча “Калк” жана “Инфраструктура жана кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмдөрүндө кырдаал кыйла жагымдуу  (4 баллдан жогору). Ошол эле маалда ЖӨБ органдары бул бөлүмдөрдөгү дайындарды жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караганда бир аз начарыраак толтурушат экен. “Айлана-чөйрө” жана “Мейкиндик” бөлүмдөрүндө башкаруу органдары 3 менен 4 баллдын ортосунда топтоп, өз программаларын керектүү дайындар менен начарыраак толтурушкан.

“Экономика” жана “Инклюзивдүү өнүгүү” бөлүмдөрүнө карата кырдаал башкача түзүлдү. Экономика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар дайындарды киргизүү ишин жакшыраак аткарышты. Бирок инклюзивдүү өнүгүүгө байланыштуу бөлүмдө ЖӨБ органдары кыйла жакшы көрсөткүчкө ээ болуп, дээрлик  4 балл алышты, ал эми райондук башкаруу органдары 1 баллдан бир аз көбүрөөк алышты.

2-сүрөт. СЭӨПнын бөлүмдөрүнүн жана түрлөрүнүн (райондук жана шаардык) чараларынын болушун жана толуктугун салыштыруу

Өнүктүрүү боюнча чаралардын болушу жана толуктугу

Түшкөн СЭӨП бекитилген методологияга ылайык, бөлүмдөр боюнча өнүктүрүү чараларынын болушуна жана толуктугуна текшерилди.

Бөлүмдөр боюнча дайындардын толуктугун жана болушун эске алуу менен өнүктүрүү чараларынын болушу жана толуктугу ушул өңдүү кырдаалды чагылдырды, бул логикага шайкеш келет: эгерде дайындар жетишсиз болсо, анда чараларды иштеп чыгуу артта калат.

Анткен менен, айырмачылыктар дагы эле бар. Калктын санына карата башкаруу органдарынын эки түрүндөгү дайындардын толуктугунун жана бар болушунун деңгээли болжол менен бирдей, бирок райондук СЭӨПларда чаралар көбүрөөк толук болду.

Өнүктүрүүнүн инклюзивдүү чаралары

Инклюзивдүү өнүктүрүү бөлүмү боюнча программалардын сапаты артта калганын эске алуу менен эксперттер программаларга киргизилген өнүктүрүү чараларына кошумча баа беришти.

Бардыгы болуп текшерилген 130 жергиликтүү өнүктүрүү программасына (муниципалдык жана райондук) калктын аярлуу топторунун абалын жакшыртууга жана инклюзивдүүлүккө багытталган 1904 чара кирди. Орточо алганда, бул 3-5 жылдык мөөнөткө болжол менен 15 иш-чара дегенди билдирет. Негизги максаттуу топтор: аялдар, жакырлар, оор турмуштук кырдаалда жашаган үй-бүлөлөр жана балдар, жумушсуздар, жаштар, мигранттар жана мигранттардын үй-бүлөлөрү, этностук азчылыктар (кээде). Ошол эле учурда ӨСИден консультациялык колдоо алган пилоттук программаларда (райондук жана муниципалдык) мындай чаралар пилоттук эмес программаларга караганда 12 пайызга көп: 1 программага 17,5 чара менен 1 программага 15,4 чара.

Жергиликтүү өнүктүрүү программаларына кошулган чараларды шарттуу түрдө 3 чоң топко бөлүүгө болот:

  • салттуу чаралар (“бюрократиялык”, узак убакыт бою колдонулган);
  • тар топтун көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган даректүү чаралар;
  • инновациялык (“жаңы”) чаралар, анын ичинде мурда колдонулбаган жаңы механизмдер. 

3-сүрөт. Чаралардын категориясы жана башкаруу органдарынын категориялары боюнча инклюзивдик өнүктүрүү чаралары (орточо эсеп менен, өнүгүү программасы боюнча)

 
3-сүрөттө ар кандай типтердеги программалар үчүн бул категориялардын колдонуу пропорциялары берилди. Белгилей кетсек, жергиликтүү өнүктүрүү программаларына баарынан да көп конкреттүү тар топторду жакшыртууга багытталган максаттуу, даректүү чаралар киргизилет. Бул жергиликтүү деңгээлде ар кандай социалдык жардам даректүү мүнөзгө ээ болот деген ырастоонун жарактуулугун тастыктайт.

Ошол эле учурда райондор менен муниципалитеттердин ортосунда байкаларлык ажырым бар: райондордо жергиликтүү өз алдынча башкарууга караганда кыйла инклюзивдүү чаралар көбүрөөк. Бул социалдык өнүгүү жана калктын аярлуу топторун колдоо ЖӨБгө караганда мамлекеттин ыйгарым укуктарында көбүрөөк даражада экенинен кабар берет. Пилоттук жана пилоттук эмес райондордун ортосунда да байкаларлык ажырым бар: пилоттук райондордо жеке, даректүү чаралар эки эсе көп. Бул башкаруу органдары: 1) конкреттүү топтордун керектөөлөрүн жана көйгөйлөрүн жакшы түшүнөөрүнөн, 2) аларды чечүү үчүн даректүү, максаттуу чараларды колдонгонунан кабар берет.

Инклюзивдүү өнүктүрүү чараларынын санында жана сапатында чоң ажырым байкалат. Алсак, программада 1-3 чара болушу мүмкүн, же 20дан ашык өнүктүрүү чарасы болушу ыктымал.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу чөйрөсүндөгү чаралар

130 жергиликтүү программанын (ЖӨБ жана ЖМА) жыйынды талдоосуна ылайык, “Айлана-чөйрө/ климат” бөлүмүндөгү дайындардын сапаты жана толуктугу орточо эсеп менен 5тен 3,61ди түздү. Ошол эле учурда райондордо ЖӨБ органдарына караганда көрсөткүчтөр жакшыраак (3,83 жана 3,58). Толтуруу деңгээли “жогору” (≥4 балл) болгон программалардын үлүшү – 51,5%, “орточо” (3–<4) – 28,5%, “төмөн” (<3) – 13,8%, дайындар жок – 6,2%. Аймактык айырмачылыктар байкаларлык болду: Чүй (“жогору” болгондордун үлүшү – 91,7%) жана Жалал-Абад (77,3%) облустары алдыда; Талас (16,7%) жана Баткен (30,8%) артта калууда. Пилоттук аймактарда “жогору” маанилердин үлүшү пилоттук эмес аймактарга (48,2%) салыштырмалуу жогору (57,4%).

Орточо алганда, бир СЭӨПга айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча 15ке жакын чара туура келет. Ошол эле учурда райондорду өнүктүрүү программаларында чаралардын саны көбүрөөк – бир программага болжол менен 19 чара, ал эми ЖӨБ органынын бир СЭӨПсына 14кө жакын чара туура келет. Алсак, максималдуу жана минималдуу маанилери олуттуу айырмаланат. Ошентип, Жети-Өгүздүн муниципалдык СЭӨПсында бул бөлүмдө 40 чара камтылган, бирок мындай эки эле чараны камтыган эки гана программа бар.

1-таблица. Өнүктүрүү боюнча инклюзивдүү чаралардын мисалдары

Дайындардын толуктугу менен климаттын өзгөрүүсү боюнча чаралардын сапаты ортосунда күчтүү позитивдүү байланыш байкалды: дайындар базасы жакшыраак чогултулган жана структураланган жерде чаралар мазмундуу жана тагыраак туюндурулган. Мисалы, Базар-Коргон районунун жана Аксы районунун Ак-Жол ААнын СЭӨПсында дайындар толугу менен толтурулуп, жетиштүү сандагы жакшы иштелип чыккан чаралар программага киргизилген.

Чараларга жүргүзүлгөн талдоо айлана-чөйрөнү коргоо чаралары “экономикалык” климаттык чараларга караганда көбүрөөк кездешерин көрсөтүүдө (54 позицияга каршы 78). Чаралардын 61 пайызга жакыны бир эле убакта экологиялык жана экономикалык компоненттерди бириктирет. Типтүү багыттар:

  • калдыктарды иштетүү: туура жок кылуу/кайра иштетүү боюнча агартуу жана уюшту-руу (“таштанды”, “полигон” деген сөздөр көп айтылды);
  • суу жана геодинамикалык тобокелдиктерден коргоо: дарыялардын жээктерин бе-кемдөө, селге жана жер көчкүлөргө каршы чаралар;
  • экосистеманы калыбына келтирүү: жашылдандыруу, бак-дарактарды отургузуу,  жайыттардын деградациясын алдын алуу;
  • АПКда сууну үнөмдөө практикасы: сугат каналдарын оңдоо/модернизациялоо, там-чылатып сугаруу ыкмасын киргизүү;
  • өзгөчө кырдаалдар боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана машыктыруу: маалы-мат өнөктүктөрү, суу ташкындары/селдер боюнча машыгуулар.

Программалардан мисалдар: дарыя жээктерин бекемдөө; жайыттардын бузулушун болтурбоо боюнча иш-чаралар; катуу таштанды полигондорун рекультивациялоо; таштандыны өз-өзүнчө чогултуу боюнча эко-жарманкелер жана агартуу өнөктүктөрү; тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизүү жана ресурсту үнөмдөөчү агротехнологияларга окутуу.

Райондук деңгээлде жергиликтүү өнүктүрүү программаларынын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү

Бардык райондордо бизнестин жана жарандык коомдун активдүүлүгүнүн, Координациялык кеңештин ишине (райондук деңгээлде) тартылуусунун жогорку деңгээли байкалды. Көптөгөн райондордо жергиликтүү өнүктүрүү программаларын талкуулоо үчүн жапырт консультациялар жана коомдук угуулар (100, 200 катышуучу) өттү, кээ бир райондордо жергиликтүү өнүктүрүү программаларынын аткарылышына биргелешкен мониторинг жигердүү жүргүзүлүп жатат. Координациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жөндөмүн күчөтүү үчүн ӨСИ окууларды өткөрдү, анын натыйжасында бардык пилоттук райондордун Координациялык кеңештери мониторинг пландарын иштеп чыгып, ишке ашырышты; ӨСИ мониторингдин ыкчам маселелери боюнча Координациялык кеңештерге онлайн-консультация берүүнү улантууда.

Мисалы, Базар-Коргон районунда ишенимди жогорулатуу максатында коомдук угуулар (2025-жылдын 20-январында 223 адамдын, анын ичинен 97си аялдын катышуусунда) өткөрүлүп, жарандарга жазуу жүзүндө сунуштарын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Ошондой эле Кадамжай районунда 2025-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн долбоору боюнча коомдук угуулар өттү. Иш-чарага 111 катышуучу, анын ичинде 27 аял катышты. Угууларга мамлекеттик мекемелердин, Координациялык кеңештин, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Жарандардын жана бизнестин сунуштары (мисалы, ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү күчөтүү, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүү жана бизнести колдоо программаларын жигердүү өнүктүрүү) программасын толуктап иштеп чыгууда эске алынып, андан соң аны райондук коллегия бекитти. 

Программанын элдик талкуусу Кемин районунда өттү – райондун 200дөн ашык тургуну, мамлекеттик түзүмдөрдүн, Координациялык кеңештин өкүлдөрү жана жергиликтүү активисттер 2025-2027-жылдарга карата өнүктүрүү программасында аныкталган райондун келечегин талкуулашты. Угуулардын катышуучулары СЭӨП бардык тармактарды камтып, райондун экономикалык дараметин 50%га көтөрө аларын белгилешти.

Коомдук мониторинг чөйрөсүндө Координациялык кеңештердин ролу негизги ролду ойнойт. Координациялык кеңештер бардык секторлорду – бийликти, бизнести жана коомду бириктирүү менен, программанын жүрүшүнө таасир этип, көйгөйлөрдү өз убагында аныктап, пландарды өзгөртө алат. Мисалы, Ат-Башы районунда мониторингдин жүрүшүндө программаны аткарууга тоскоол болгон маданият чөйрөсүндөгү кызматкерлердин дарамети төмөн болгону аныкталды, мониторингдин жыйынтыгы боюнча кызматкерлер квалификациясын жогорулатуу курстарына жиберилди; Координациялык кеңештин мүчөлөрү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча коомдо түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ноокат районунда Координациялык кеңештин мүчөлөрү Зулпиев айылдык аймагындагы спорт аянтчасынын курулушун тыкыр көзөмөлгө алууда. Кемин районунда Координациялык кеңештин өзүнчө жыйыны мониторингдин жыйынтыктарын жана пландарын талкуулоого арналды.

ТЫЯНАКТАР ЖАНА СУНУШТАМАЛАР

“Инклюзивдүү өнүктүрүү” бөлүмү боюнча сунуштамалар

  • Чараларды өлчөнүүчү жыйынтыктар менен байланыштыруу: ишке орноштуруу, аяктаган окутуу программалары, аярлуу топторду камтуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү (пандустары, навигациясы бар объектилердин саны), бенефициарлардын арасында аялдардын/жаштардын үлүшү.
  • Фокусту “салттуу” чаралардан “жеке” жана “инновациялык” чараларга которуу: максаттуу мисалдардын (насаатчылык, шакирттик, чакан жана орто бизнес-инкубаторлор) масштабын кеңейтүү, ошол эле учурда кайталануучу “жалпы” иш-чараларды жоюу.
  • Пилоттук тажрыйбаларды көбөйтүү (алар чаралардын сапаты боюнча жогору): “пилоттук – пилоттук эмес” деп бөлүшүү, чараларды даярдоо үчүн текшерүү баракчалары, KPI менен долбоорлордун типтүү паспорттору.
  • “Чабал” облустарды даректүү түрдө күчөтүү: Талас үчүн – иш менен камсыз кылуу жана санариптик көндүмдөр боюнча пакет; Баткен үчүн – социалдык колдоо + эмгек рыногуна байланган ишкердик программалар.
  • Майыптык боюнча “сокур зоналарды” жабуу: жеткиликтүүлүктүн милдеттүү индикаторлору жана майыптарды ар бир СЭӨПга киргизүү (жана инфраструктураны ыңгайлаштыруу үчүн реалдуу бюджеттик саптар).
  • Экономикалык блокко инклюзияны интеграциялоо: кадрларга болгон жергиликтүү суроо-талап менен байлоо, стажировкалар, биринчи жалдоого/квалификациядан кайрадан өтүүгө субсидиялар, аялдардын жана жаштардын бизнес демилгелерин колдоо.

“Климат жана айлана-чөйрө” бөлүмү боюнча тыянактар

  • СЭӨПнын климаттык модулун стандартташтыруу: тобокелдик профилинин бирдиктүү структурасы (селдер/кургакчылык/жер көчкүлөр), көйгөйлүү аймактардын картасы, экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана жергилик-түү KPI менен “чаралардын каталогу”.
  • Дарыяларда жана жайыттарда инженердик-жаратылыш чараларын күчөтүү жана ошону менен бирге тиричиликке тиешелүү тажрыйбалардын масштабын кеңейтүү (таштандыларды кайра иштетүү, компосттоо, жашылдандыруу) – мына ушулар тез социалдык натыйжаны бере алат.
  • Сууну үнөмдөөнү экономикалык блокко интеграциялоо: сугаруу тармактарын толугу менен оңдоо/санариптештирүү, тамчылатып сугарууга жана сууну эсепке алууга шыктандыруу.
  • Пилоттук форматтарды кеңейтүү (алар азыртадан эле мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө) жана “район жана ЖӨБ” тажрыйбалары менен алмашууну уюштуруу, анын ичинде долбоордук өтүнмөлөрдү жана типтүү чаралардын паспортун даярдоо боюнча текшерүү баракчалары.

Жалпы сунуштамалар

Жергиликтүү СЭӨПнын болушунун деңгээли жетишсиз жана жалпысынан бардык ЖӨБ органдары жана ЖМА үчүн 43 пайызды гана түзөт. ЖӨБ органдарынын СЭӨПсына карата алганда бул КР Бюджеттик кодексинин талаптарын бузат, ага ылайык ЖӨБ органдарында жергиликтүү бюджеттер үчүн негиз катары СЭӨПнын болушу талап кылынат. ЖӨБ органдары менен ишти күчөтүү сунушталат, өзгөчө КР Финансы министрлиги ЖӨБ органдарынын жарымынан көбү жергиликтүү бюджеттерди бекитилген СЭӨП жок болгон шартта аткарып жатканына көңүл бурууга тийиш. Тиешелүү катты КР Финансы министрлигинин атынан ЖӨБ органдарына, КР Министрлер Кабинетинин же Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жөнөтүү сунушталат.

Жергиликтүү деңгээлде өнүгүүнү пландоо жана болжолдоо үчүн зарыл болгон дайындарды башкарууну автоматташтыруу процесстерин тездетиш керек. Дайындарды башкаруунун санариптик каражаттарын киргизүү боюнча чаралардын системасын караштыруу зарыл. Ошондой эле санариптик чөйрөдө башкаруу органдарынын мейкиндик маалыматтарына жетүүсүн камсыз кылышы керек.

Административдик күч-аракеттерди көрүп, ар кандай максаттарда колдонулган жергиликтүү өнүгүү боюнча ар кандай дайындардын топтомдорун тартипке жана шайкештикке келтирүү зарыл. Ушул тапта КР Министрлер Кабинетинин бир нече токтомдору бар, алардын алкагында ар кандай органдар жана тапшырмалар үчүн түрдүү дайындардын пакеттерин түзүү жана башкаруу каралган. Бирок, дайындарды башкарууну санариптештирүүнүн уланып жаткан процесси бир эле дайындар эки жолу чогултулуп, киргизилбеши керек деген принциптин негизинде бири-бирин кайталаган күч-аракеттерди жокко чыгаруу менен борборлоштурууну талап кылат. Мындан тышкары, дайындарды чогултууга жана башкарууга жумшалган, натыйжа бербеген мамлекеттин чыгымдарынан оолак болуу үчүн башкаруунун ар кандай максаттарына колдонулган дайындардын топтомдору шайкеш келтирилиши керек. Өнүктүрүү процесстерин пландоо, болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү, анын ичинде жетекчилерди баалоо жана башкаруунун жогорку органдарына отчет түзүү максатында колдонулуучу токтомдорго жана дайындардын топтомуна инвентаризация жүргүзүү сунушталат.

Жеринде экономикалык өнүгүүнү натыйжалуу башкаруу үчүн статистика системасында райондук деңгээлге бөлүнбөгөн түз инвестициялар тууралуу дайындарды башкарууну системалаштыруу зарыл, бул жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнү натыйжалуу пландоого тоскоол болуп жатат.

Өнүктүрүүнүн мамлекеттик эмес акторлору, анын ичинде ӨСИ, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу артта калып жаткан бөлүмдөргө (инклюзивдүү өнүгүү, мейкиндик, экономика, айлана-чөйрө) карата Кыргыз Республикасынын башкаруу органдарынын практикасында колдонулуучу өнүктүрүүнүн натыйжалуу чараларынын коллекцияларын түзүүдө мамлекетти жана ЖӨБ органдарын колдоону күчөтүүсү керек; тажрыйба жана мыкты практика менен алмашууну уюштуруу, пландоо методологияларынын бөлүмдөрү боюнча аларды даярдоо чараларынын жана колдонмолорунун толук тизмесин иштеп чыгып, жайылтуу зарыл. Аймактарды өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасында каралган башка чараларды (атап айтканда, укуктук зоналаштырууну) эске алуу менен “мейкиндик” бөлүмү боюнча билимди тереңдетүүгө жана жайылтууга өзгөчө көңүл буруу керек.

Жергиликтүү өнүктүрүү программаларын түзүүгө жана аткарууга жарандардын катышуу процесстерин, анын ичинде мониторинг жүргүзүү аркылуу колдоону күчөтүү зарыл. Райондордун Координациялык кеңештеринин мониторинг жүргүзүү жана районду өнүктүрүүгө жарандарды жана бизнести тартуу жаатындагы тажрыйбасын системалаштыруу зарылдыгын карап чыгыш керек.

Климаттын өзгөрүүсүнө, жаратылыш ресурста-рын туруктуу пайдаланууга, ресурстарды, энерги-яны үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө ж.б. басым жасоо менен жашыл экономиканын прин-циптерин жана каражаттарын интеграциялоого багытталган иш-чараларды СЭӨПга киргизүү абзел.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын ички аналитикалык жана долбоордук дара-метин системалуу түрдө өнүктүрүү, анын ичинде долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоо, долбоорду башкаруу жана тышкы каржылоону, анын ичинде гранттарды тартуу боюнча кызматкерлердин ква-лификациясын жогорулатуу зарыл.

Жергиликтүү бюджеттерди натыйжалуу пайдалануунун, мамлекеттик программалардан ресурстарды, эл аралык техникалык жардамды тартуу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмдерин киргизүү аркылуу СЭӨПнын артыкчылыктуу иш-чараларына туруктуу жана диверсификацияланган каржылоону камсыз кылыш керек. 

_____________ 

1 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 19-февралындагы №01 буйругу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 9-апрелиндеги №32 жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 9-апрелиндеги №01-25/114 биргелешкен буйругу.

2 Улуу Британиянын Өкмөтү каржылайт.

3 Инклюзивдик өнүктүрүү чараларынын кеңири мисалдарын "Муниципалитет" журналынын ушул санынын 9-13-беттеринен караңыз.

Окшош материалы: