Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Борбордун макамы тууралуу” мыйзам долбоору жана жергиликтүү бюджеттердин жаңылыктары боюнча Ошто кеңейтилген пресс-сессия

2013-03-29 / ӨСИ жаңылыктары
“Борбордун макамы тууралуу” мыйзам долбоору жана жергиликтүү бюджеттердин жаңылыктары боюнча Ошто кеңейтилген пресс-сессия

2013-жылдын 8-февралында Ошто Өнүктүрүү саясат институту Швейцария өкмөтү жана “Сорос-Кыргызстан” фонду колдогон долбоорлордун алкагында пресс-сессия өткөрдү.

2013-жылдын 8-февралында Ошто Өнүктүрүү саясат институту Швейцария өкмөтү жана “Сорос-Кыргызстан” фонду колдогон долбоорлордун алкагында пресс-сессия өткөрдү. Талкуунун темасы борбордун макамы тууралуу чуулгандуу мыйзам долбоору болду. Бишкекте бул теманы талкуулоо кеңири кулачын жайып, коом жаңычылыкты колдогондор жана ага каршы болгондорго бөлүнүп калды. Бирок түзөтүүлөр түштүк борборуна канчалык таасирин тийгизди? 

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Бишкектин мэриясы мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде кадр саясатынын үстүнөн бир топ бийликке, ошондой эле бюджеттен финансы каражаттарынын кыйла көлөмүнө ээ болот. Бирок Ош мэриясынын абалы бир кыйла жупуну, ал эми көрсөткүчтөр реалдуу сандарга жакын.

Өнүктүрүү саясат институтунун бюджеттер аралык мамилелер боюнча адиси Асылбек ЧЕКИРОВ борбордун макамы тууралуу мыйзам долбоорунун маңызын түшүндүрүп берип, Кыргызстандын эки борборунун жашоосун чагылдырган конкреттүү көрсөткүчтөрдү келтирди. “Ош эрежелер боюнча жашайт. Түштүк борбору үчүн ТЧК (ЖКХ) биринчи орунда турат, анын артынан билим берүү, саламаттык сактоо жана тартипти сактоо турат. Б.а., Ош шаары үчүн көрктөндүрүү артыкчылыктуу маселе болуп эсептелет. Бишкек болсо биринчи орунга билим берүүнү, экинчиге саламаттык сактоону коет, үчүнчүдө гана ТКЧ турат”, - дейт А. ЧЕКИРОВ. Эксперт сандык маалыматтарды графикада көрсөтүп, салыштыруу үчүн Бишкек шаары боюнча сандарды келтирди. Ошону менен катар борбор тууралуу эки мыйзам долбоору окшош деп ырастаган айрым депутаттардын айткандарын четке кагып, алардын ортосундагы айырманы кеңири түшүндүрүп берди.

Бет ачардын соңунда журналисттер эксперттерге суроо узата алышты. “Ошто мугалимдердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн төлөп берүүнү пландаштырууда. Бул мэрия тарабынан туурабы?” – деп сурады облустук гезиттердин биринде иштеген журналист. “Ооба, эгерде зарыл болгон каражаттары бар болсо, шаардын ушундай укугу бар”, – деп жооп кайтарды эксперт.

“Ош менен Бишкек шаарларынын мэрлеринин ортосундагы ыйгарым укуктарда айырма барбы?”, - деп кызыкты кабарчы. “Албетте азыркы мыйзам боюнча эч кандай айырма жок. Бирок жаңы мыйзам долбоору кабыл алынаар замат кырдаал кескин өзгөрөт, өзгөчө Бишкек мэринин абалы өзгөрөт”, - деп жооп кайтарды ӨСИ эксперти.

Борбордун макамына тиешелүү маалыматтан тышкары катышуучуларга жергиликтүү бюджетке киргизилген жаңы нерселер тууралуу дагы бир бет ачар сунушталды. Муниципалдык каржы боюнча адис Азамат МАМЫТОВ 2013-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүдө эмне өзгөргөнүн жана ал айылдагы турмушка кандай таасир тийгизээрин айтып берди. Адис жергиликтүү жана республикалык бюджеттерге түшүп жаткан кирешелерди бөлүштүрүүдө пайыздык ара катыш кантип өзгөргөнүн көрсөтүп берди. Ошондой эле эксперт дотациялык менен дотациялык эмес элеттик муниципалитеттер ортосундагы айырманы чечмелеп берип, теңдөөчү гранттардын маанисин түшүндүрүп берди.

Мындан тышкары А. МАМЫТОВ кирешелердин өсүшү менен жоопкерчилик да, милдеттемелер да көбөйөөрүн белгиледи. Андыктан ЖӨБнын аткаруу органдары муниципалитеттин тургундарынын алдындагы отчеттуулук зарылчылыгын унутпашы керек.