Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пресс-сессия: “Сүткорлук тууралуу мыйзам долбоорундагы суу түбүндөгү таштар”

2013-03-29 / ӨСИ жаңылыктары

2013-жылдын 5-февралында Өнүктүрүү саясат институтунда сүткорлук тууралуу мыйзам долбоорундагы акыркы өзгөрүүлөргө арналган пресс-сессия өттү.

2013-жылдын 5-февралында Өнүктүрүү саясат институтунда сүткорлук тууралуу мыйзам долбоорундагы акыркы өзгөрүүлөргө арналган пресс-сессия өттү. Анда “Компаньон финансы тобу” ЖАК МКК башкаруу төрагасы Улан ТЕРМЕЧИКОВ, көз карандысыз эксперт Мунара МЫРЗАБАЕВА, ошондой эле Эл аралык ишкер кеңешинин юристи Чыңгыз ЖУМАГАЗИЕВ сөз сүйлөдү.

Бул мыйзам долбоору КР УБ лицензия берген жана жөнгө салган каржы-насыя мекемелерин ишмердүүлүгүн эч ким жөнгө салбаган сүткорлорго теңейт. Микрокаржы уюмдарга тиешелүү өзгөрүүлөр микрокаржы уюмдардын өкүлдөрүн гана эмес, жалпысынан бизнес жамаатты да түйшөлттү. Алардын айтымында, мыйзам долбоорундагы идеянын жана анын максаты жакшы, бирок ошол максатка жетүүнүн жолу күмөндүү. “Микро насыя берүүчү уюмдардын тегерегиндеги ызы-чууну насыя алгандардын 3-4% эле уюштурууда жан бул багытта бир кыйла ийгиликке жетише алышты. Кардарлардын 97% - келишимде көрсөтүлгөн бардык шарттарды сактаган ак ниеттүү насыячылар. Пайыздык ставканы түзүүдө чектөө орнотуу аракети негизсиз, анткени базар баасы – бул мунаса жолу менен орнотулган акыйкат баа”, - дейт көз карандысыз эксперт Мунара МЫРЗАБАЕВА. 

“Бул мыйзам долбоорундагы маселе саясий мейкиндикке да чыкты жана айрым саясатчылар ушул жол менен көңүлдү өзүнө бурдуртуп, упай топтоодо. Эгерде эртең микрокаржылоо кыскартылса, бул социалдык чыңалууну жаратып, жаңы өзгөрүүлөр жеке сүткорлордун ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырат. Андыктан өлкө экономикасынын тагдырына кайдыгер карабагандарды түзүлгөн жагдайды дагы бир жолу ойлонуп көрүүгө чакырабыз. Болбосо бир топ көйгөй пайда болот”, - деп түшүндүрөт “Компаньон финансы тобу” ЖАК МКК башкаруу төрагасы.

Пресс-сессиянын жүрүшүндө катышуучулар аларды кызыктырган суроолорду узата алышты. Аны менен катар мыйзам долбоорунун экономикалык жактан негиздүүлүгү, жана аны юридикалык жактан кантип кабыл алуу керек деген суроолор кызыктырды. Мындан тышкары журналисттер натыйжалуу пайыздык ставка кантип түзүлөөрүн, ошондой эле мыйзам долбоору канчалык деңгээлде күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизээрин сурашты. 

Күрөөканалардын өкүлү өз кезегинде алардын ишмердүүлүгүн салык инспекциясы, Социалдык фонд жана статистикалык органдар көзөмөлдөөрүн, аларды сүткорлор менен бир катарга койбош керектигин айтышты. Анын айтымында, ак ниет иштеген жана бардык зарыл болгон нормаларды карманган көпчүлүк күрөөканалар кайрадан Улуттук банктын көзөмөлүндө болууга каршы эмес. Анткени муну менен алар МКК жана өлкө калкы тарабынан айтылып келген негизсиз айыптоолордон жана сындардан кутулмак.