Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пресс-сессия: Борборго кандай бюджеттик саясат керек?

2013-01-31 / ӨСИ жаңылыктары

2012-жылдын 7-декабрында Өнүктүрүү саясат институту “Борборго кандай бюджеттик саясат керек?” деген темага пресс-сессия өткөрдү.

 

2012-жылдын 7-декабрында Өнүктүрүү саясат институту “Борборго кандай бюджеттик саясат керек?” деген темага пресс-сессия өткөрдү.
 
Иш-чарага Бишкектеги журналисттер катышты. Спикер катары Бишкектин биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов жана ӨСИ эксперти, изилдөөнүн автору Асылбек Чекиров катышты.
 
Борбордун биринчи вице-мэри айтып бергендей, жыл сайын республика жаңы жылга сураган сумманы кыскартууда. Мисал катары ал айрым сандарды келтирди. Аларга ылайык, Бишкек 8,6 миллиард сомду сураганына карабастан, 2013-жылы борбордун бюджети 6 миллиард 883 миллион сомду түзмөкчү. “2011-жылы суралган 7,9 миллиарддан болгону 5 миллиард 217 миллион сомду алдык. 2012-жылы суралган 8,8 миллиард сомдон биз болгону 6,123 миллиардды алдык. Бирок жыл ичинде бизге кирешелердин түшкөнүнүн ордуна берилген каражаттарды берип турушту, андыктан иш жүзүндө бюджет өзүнө 6,6 миллиард сомду камтыды”, - деди Мурат Исмаилов.
 
Бирок жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде өз маалыматтарын ӨСИ көз карандысыз эксперти Асылбек Чекиров келтирди. Борбордун бюджетине түшүп жаткан, Бишкек шаарынын аймагында чогултулган салыктардан үлүш 11,1% түзөт. Республикалык бюджетке түшүп жаткан, шаар боюнча чогултулган салыктардан жалпы үлүш 88,9% түздү. Бул болсо өткөн жылкы көрсөткүчтөн бир нече проценттик пункттарга жогору. 2011-жылы республикалык бюджетке 86,4% туура келчү, ошонун өзүндө борбордун бюджетинин үлүшү 3,5% азайды, өткөн жылы көрсөткүч 14,6% деңгээлинде турган (бул тууралуу кененирээк “Муниципалитет” журналынын ушул санындагы “Күндүн темасы” рубрикасынан окуңуз).
 
Бул пресс-сессия талкуулардын толкунуна себепкер болуп, Бишкектин макамы тууралуу мыйзам долбооруна коомдук кызыгууну күчөткөнүн белгилей кетүү зарыл. ӨСИ анализинин негизинде КР Каржы министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин жыйыны өтүп, ага министр О.Лаврова катышты. Андан ары талкууга өлкөнүн жарандык коомунун алдыңкы уюмдары кошулуп, бир катар сыналгы берүүлөр жана ММК үчүн башка иш-чаралар өттү. Жарандык активисттер борбордун макамы тууралуу мыйзамды талкуулоо үчүн Жогорку Кеңеште коомдук угууларды өткөрүүнү талап кылууда. Өнүктүрүү саясат институту дагы бир жолу өз миссиясын тастыктады – бул ЖӨБ өнүктүрүүгө карата анализ жана сунуштар. Биз окуянын өнүгүшүнө көз салып турабыз жана буга байланыштуу кандай чечим кабыл алынганы тууралуу “Муниципалитет” журналынын окурмандарын маалымдамакчыбыз.