Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ӨСИ БГУнун журналистика факультетинин студенттери үчүн мастер-класс өткөрдү

2013-01-31 / ӨСИ жаңылыктары

2012-жылдын 11-декабрында Бишкек гуманитардык университетинде Кыргызстандагы экономикалык журналистиканы өнүктүрүү боюнча CIPE долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту уюштурган мастер-класс өттү.

 

2012-жылдын 11-декабрында Бишкек гуманитардык университетинде Кыргызстандагы экономикалык журналистиканы өнүктүрүү боюнча CIPE долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту уюштурган мастер-класс өттү. Бул иш-чара журналистика факультетинин студенттерине “экономикалык журналистика” түшүнүгүн чечмелеп берүү максатында факультеттин окуу планынын бөлүгү катары уюштурулду.
 
Мастер-классты журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова ачып, бул курстун маанисине жана олуттуулугуна токтолду. “ӨСИ менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында бардык 10 семинар-практикум дал ушул биздин факультеттин базасында өткөрүлөт деген макулдашууга жетиштик. Бул болочок журналисттер катары силер үчүн өтө жакшы мүмкүнчүлүк. Кесиптеги акыркы тенденциялар көрсөткөндөй, журналисттер универсалдуу болуп, бардык тармактарда билимге ээ болуш керек. Ал эми бул тизмеде экономика акыркы орунда турбайт. Биз ӨСИ өз долбоорунун алкагында дал ушул бизде мастер-класс өткөрүүгө макулдук бергени үчүн терең ыраазычылык билдиребиз”, - деди факультеттин деканы.
 
Долбоордун башкы консультанты Лариса Ли курстун мазмуну жөнүндө айтып берип, биринчи күндүн “Оңой эмес акча” аттуу темасын тартуулады. Лектор катары Кыргызстандын Микрокаржылык уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Наргиза Жолдошева чакырылды. Өз дарсында ал студенттерге “кредиттөө”, “каржылоо”, “микрокаржылоо”, “лизинг”, “көмүскө экономика”, “сүткор” ж.б түшүнүктөрдүн тарыхын айтып берди. “Микрокаржылоо тууралуу эмне билесиңер” деген суроого студенттер жалпысынан туура жоопторду берип жатышты: адамдар насыя алып жатып анын кесепеттери тууралуу ойлонбойт; адамдар акчаны белгилүү бир максаттарга алат; кээде тойго же үлпөт тоюнча акча карызга алып, бирок карыздын сазына баткан учурлар да кездешет. Анткени бизнес-план жок – карыздан кутулуу үчүн киреше жана негизги сумма жок болгондуктан акча кумга сиңген суудай жоголот.
 
Семинардын экинчи күнү “Миграция жана Кыргызстанда акча которуулар” темасына арналды. Ага спикер катары КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын алдындагы Экономика жана каржы институтунун улук окутуучусу Тамара Пак катышты.
 
Катышуучулар үчүн тема жаңы эмес, бирок кызыктуу. Анткени семинар эң акыркы статистикалык сандар, түрдүү кошумча маалыматтар жана жашоодон алынган мисалдар менен коштолду. Насыя алуу, карызды кайтара албай калып, чет өлкөгө иш издеп кетүүгө мажбур болуу темасы да козголду. Катышуучулар которулган акча каражатынын үлүшү жана алардын өлкөнүн экономикасына кошкон салымы тууралуу маалыматка ээ болушту.
 
Эки күндүк мастер-класстын практикалык бөлүгү учурунда катышуучулар 6 топко бөлүндү. Ар бир топко эки күндөн берки бет ачарлардын негизинде жаңылык же материал даярдоо тапшырмасы берилди. Өз алдынча иштердин натыйжалары кийинки семинар-практикумда каралат жана талкууланат.