Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пресс-сессия: Кыргызстандагы тоо-кен казып алуу тармагынын учурдагы жана келечектеги абалы кандай?

2013-01-31 / ӨСИ жаңылыктары

2012-жылдын 21-декабрында Өнүктүрүү саясат институтунда Экономикалык журналистика мектебинин пресс-сессиясы өттү.

 

2012-жылдын 21-декабрында Өнүктүрүү саясат институтунда Экономикалык журналистика мектебинин пресс-сессиясы өттү. “ММК – бюджеттин айкындуулугунун механизми” долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чара “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Бюджеттик айкындуулук жана отчеттуулук” программасынын колдоосу алдында өттү. Тоо-кен казып алуу тармагындагы көйгөйлөр жана перспективалар талкуунун темасы болду. Талкууда КР Өкмөтүнө караштуу ИПДО катчылыгынын башчысы Карыбек Ибраев жана Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев сөз сүйлөдү.
 
Өз бет ачарында Катчылыктын башчысы өзгөчө ири тоо-кен казуучу компаниялар, бул тармактагы артыкчылыктар жана кемчиликтер, ошондой эле экономиканын бул секторунан мамлекеттик казынага түшүп жаткан салык чегерүүлөрү тууралуу айтып берди.
 
Орозбек Дүйшеев тоо-кен казуу тармагынын өнүгүүсүнө мамлекеттик бийлик органдарынын тийгизген таасири тууралуу өзүнүн байкоолору жана жеке пикири менен бөлүштү. “Кыргызстан тоо-кен казуу тармагысыз өнүгө албайт. Бул багытта мамлекеттик саясат начар иштейт, анткен менен оң өзгөрүүлөр да байкалат. Мисалы, тоо-кен казуу тармагына тиешелүү кызматтарга жетекчилерди дайындоодо кадр саясаты жөнгө салына баштады”, - деп белгиледи Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын жетекчиси.
 
Бет ачардын соңунда талкуу жүрдү. Журналисттерди тоо-кен казып алуучу компаниялар жетиштүү деңгээлде ачык-айкын иштеп жатабы, стабилдештирүү фондун түзүү зарылчылыгы барбы деген суроолор кызыктырды. Ошондой эле экологиялык тобокелчиликке кабылган аймактарда инфраструктураны өнүктүрүүгө салык түрүндө мамлекеттик бюджетке түшүп жаткан каражаттарды кантип бөлүштүрүү керек деген суроо болду.