Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Айыл демилгеси” КБ менен кызматташтык тууралуу меморандум

2013-01-31 / ӨСИ жаңылыктары

“Өнүктүрүү саясат институту” мекемеси жана “Айыл демилгеси” КБ Кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.

 

“Өнүктүрүү саясат институту” мекемеси жана “Айыл демилгеси” КБ Кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. “Айыл демилгеси” КБ директору Айнура Мадраимова айткандай, эки тараптын аракеттерин консолидациялап, дараметтерин жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктиргенде гана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында реформаларды ишке ашырууда ийгиликке жетсе болот.
 
Кызматташтыктын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатууга жана өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашыруу каралган. Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда Добрецова эки уюм өнүктүрүүнүн биргелешкен долбоорлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында концепциялардын, стратегиялардын, программалардын долбоорлорун, ЧУА долбоорлорун жана башка документтерди ийгиликтүү ишке ашыра алаарын белгиледи.
 
Меморандумга кол коюуга төм. негизги өбөлгө болду:
 
• ЖӨБ жаатында реформаларды ишке ашыруу “Айыл демилгеси” КБ менен кызматташтык тууралуу меморандум Өнүктүрүү саясат институтунун жаңылыктарыга көмөктөшүү ниети,
 
• ЖӨБ органдарынын дараметин арттырууга көмөк көрсөтүүгө аракет,
 
• ЖӨБ жаатында буга чейинки биргелешкен иш тажрыйбасы.
 
Мындан ары ӨСИ өзүнүн башка өнөктөштөрү менен да кызматташтык тууралуу меморандум түзүүнү пландоодо.