Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“ЖӨБдүн мыкты практикасы 2022” конкурсунун жеңүүчүсүн куттуктайбыз!

2022-12-28 / ЖӨБ Союзунун жана БАЖБА жаңылыктары
“ЖӨБдүн мыкты практикасы 2022” конкурсунун жеңүүчүсүн куттуктайбыз!

2022-жылдын 5-декабрынан 14-декабрына чейин “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы – 2022” конкурсуна ФИНАЛДЫК онлайн-добуш берүү өткөн. Башкы байге үчүн 2022-жылы конкурстун жеңүүчүсү болгон ЖӨБдүн 8 мыкты практикасы ат салышты (ар бир кварталда 2ден практика).

Финалисттердин тизмеси – 2022-жылдын мыкты жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбасынын мисалдары

  • Каргалык АА, Жалал-Абад облусу: “Тогуз-Торо районунда таштанды чыгаруу көйгөйүн чечүү үчүн муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын ийгиликтүү практикасын киргизүү”.
  • Кызыл-Суу АА, Ош облусу: “Коомдук бюджеттик угуулар – бул ЖӨБ органдарынын калк алдындагы ачык-айкындыгы жана отчеттуулугу”.
  • Баетов АА, Нарын облусу: “Баетов муниципалитетинде жалпы пайдалануудагы жерлерде жарыктандырууну уюштуруу”.
  • Ак-Жар АА, Ош облусу: “Көчөнү жарыктандыруу Ак-Жар айылынын коопсуздугун жогорулатуунун таасирдүү ыкмасы катары”.
  • Көк-Жар АӨ, Нарын облусу: “Спорт жана сергек жашоо образы – жаштардын тандоосу”.
  • Чоң-Сары-Ой АӨ, Ысык-Көл облусу: “Жашоочулардын саламаттыгы – аймактын байлыгы”.
  • Тогуз-Торо АА, Жалал-Абад облусу: “Тогуз-Торо айыл аймагындагы насостук станциянын техникалык базасын жакшыртуу аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү”.
  • Кош-Дөбө АА, Жалал-Абад облусу: “Аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн сугат суу менен камсыз кылуу”.

Бардыгы болуп финалдык онлайн добуш берүүгө 1635 адам катышты. Добуш берүү ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын аянтчасында (www.myktyaimak.gov.kg) да өттү. 

Нарын облусунун Көк-Жар муниципалитетинин практикасы 284 добуш менен 3-орунду ээледи. Бул практикада ЖӨБ органдары жаштардын сергек жашоо образын жүргүзүү каалоосун колдоп беришкен.  

2-орунду Тогуз-Торо айылдык аймагынын мыкты практикасы ээлеп, 540 добуш алды. Бул практика айыл аймагындагы насостук станциянын техникалык базасын жакшыртуу аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүүгө багытталган практикасы 577 добуш алып, жеңүүчү деп табылды. Жеңүүчү болгон мыкты практиканын сүрөттөлүшү менен таанышуу үчүн QR-кодду басып кирсе болот.

Белгилей кетсек, 2022-жылы “ЖӨБдүн мыкты практикасы” конкурсу Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту консорциумда аткарган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (ЖДКЖ долбоору) колдоосу менен өтүүдө. Конкурстун жалпы байге фонду 450 миң сомду түздү. 

Конкурс жөнүндө жобону QR-кодду басып таба аласыз:

Куттуктоолорго жана сыйлыктарды тапшырууга арналган салтанаттуу азем 2022-жылдын 20-декабрында Бишкекте өттү.

 

Окшош материалы: