Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын Клубун тартуулайт

2022-09-19 / ЖӨБ Союзунун жана БАЖБА жаңылыктары
Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын Клубун тартуулайт

2022-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубунун иш концепциясынын кеңири талкуусу өттү. Талкууну уюштуруу демилгесин USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоорунун колдоосу менен Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) көтөргөн.

Талкууга эл аралык уюмдардын, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, БАЖБАнын эксперттери жана өнөктөштөрү, жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары катышты.

Талкуунун катышуучулары менен учурашып жатып, БАЖБАнын директорунун милдетин аткаруучу Асель КУРМАНАЛИЕВА Академиянын миссиясы жана ишиндеги артыкчылыктары, 2022-жылы өнөктөштөр менен кызматташуу жөнүндө кыскача маалымат берди. Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубунун ментору Салия АКУЛОВА Клубдун концепциясынын долбоору менен тааныштырып, аны түзүү максаттарына жана милдеттерине басым жасады.

Клубду түзүү идеясына эмне себепчи болду?

2019-жылдын август айында аялдардын жергиликтүү кеңештердеги өкүлчүлүгүнүн 30% жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бирок, квота аялдардын саясий укуктары ошол замат кеңейип кетет дегенди камсыз кылбайт. 2021-жылдагы шайлоого жүргүзүлгөн байкоо көрсөткөндөй, шайлоодо жеңишке жеткен аялдардын болжол менен үчтөн бири жамаатта кадыр-баркка ээ болушкан, алар жетекчилик кызматтарда, өкмөттүк эмес уюмдарда иштешкен жана буга чейин эле депутат болушкан. Бул аялдар квотанын эпкини менен депутат болушкан эмес, алар жамааттагы кадыр-баркы менен талапкерлердин рейтингинде алдыңкы орундарды ээлешкен. Үчтөн экиси – “квотаны толтуруу үчүн” жергиликтүү элита сүрөп чыгарган, “үн катпаган” аял депутаттар, алар депутаттын ролуна дайыма эле толук даяр болбойт, өз позициясын коргоого билими, ал эми кээде саясий дымагы да жетпей калууда. Аял депутаттардын дагы үчтөн бири кеңешке квотаны өз алдынча колдонуп, натыйжалуу жана жигердүү үгүт иштин натыйжасында келишкен, бирок аларга да кээде саясий иште тажрыйба, билим, көндүмдөр жетпей калып жатат. Бул үч категория тең элеттик жамааттарда үстөмдүк кылган жыныстык ролдордун азыркы моделдери менен шартталган саясий процесстерге катышуусунун өзгөчө көйгөйлөрүн көрсөтүп турат. 

Ошол эле учурда аял депутаттардын көйгөйлөрү өзүнчө айырмалуу саясий көйгөйлөр болуп саналбайт, алар айылдык жергиликтүү жамааттардын жалпы жыныстык-ролдук контекстин чагылдырып турат. Жалпысынан аялдардын абалы билим берүүнүн сапатынын төмөндүгүнүн, жакырчылыктын, исламдын радикалдуу агымдарынын улам күчөп жаткан таасиринин, баалуулуктар өзгөргөндүн, жергиликтүү жана улуттук саясатта социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана инклюзия көп жакшы өнүкпөгөнүнүн натыйжасында начарлайт. Аялдар чечимдерди кабыл алуу процесстерине көп жакшы тартылбайт, жетекчиликте дээрлик жок (менчик формасына карабастан), кызмат көрсөтүүлөргө, ресурстарга, окутуунун жаңы технологияларына жана маалыматка жетүүдө чектөөлөрдү сезишет. Аялдарда эркектердей эле билими жана квалификациясы бар болсо да, эмгек акысы салыштырмалуу аз болот, акы төлөнбөгөн иштерди көбүрөөк жасашат. Мунун баары аялдардын өзүнүн саясий, социалдык жана экономикалык укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизет. 

Дагы бир маанилүү фактор – калыптанып калган көз караш боюнча эркектерден өтө көп нерсени күтүп, барган сайын аларга көбүрөөк социалдык жана экономикалык жүктү оодаруу, бул болсо аларда өзүнө ишенбестикти, өз көйгөйлөрү жөнүндө ачык сүйлөшүүдөн коркуу сезимин, башка жыныс менен коммуникацияда кыйынчылыктарды жаратат. Ошону менен бирге, эркектер коалицияларды, чакан топторду оңой эле түзө алышат, буга жүрүм-турумдун калыптанып калган социалдык нормалары көмөктөшүүдө, ошондой эле алардын убакытты чогуу өткөргөнү, коомдук мейкиндиктердин болушу бул иштерге өбөлгө түзүп жатат.

Белгилүү болгондой, реалдуу саясат жергиликтүү кеңештин жыйналыштар залында гана эмес, ошону менен катар чакан топтордун жана депутаттардын бейформалдуу түрдө байланышынын деңгээлинде да калыптанат. Бул жагынан алганда, биргелешкен чечимдерди даярдап, коалицияларды түзүү үчүн эркектерде убакыт жана мейкиндик көбүрөөк болот. Ал эми үй-бүлөсү, акы төлөнбөгөн эмгек, жумуш менен алектенген аялдар коомдук мейкиндиктин жана бош убакытты өткөрүп, саясий ишти жүргүзүү үчүн жерлердин жетишсиздигин сезишет. Мындай аялдар жергиликтүү кеңешке келгенде адатта демилгелерин жана чечимдерин колдоп берген санаалаштарды таба албай кыйналышат.

Жогоруда саналган жагдайлар аял депутаттарга кесипкөй билим алуу, саясий ишти жүргүзүү жана инсан катары калыптануу көндүмдөрүн өнүктүрүү, пикирлеш адамдарды издөө, коалицияларды түзүү жана пикир алмашуу үчүн мейкиндик керек деген тыянакка жетелейт. Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу мындай ушундай виртуалдык жана физикалык мейкиндик болуп бериши керек.

Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарынын клубу - бул кесипкөй билим алуу, саясий ишти жүргүзүү жана инсан катары калыптануу көндүмдөрүн өнүктүрүү, пикирлеш адамдарды издөө, коалицияларды түзүү жана пикир алмашуу максатын көздөгөн виртуалдык жана реалдуу мейкиндик1.

_____________
1
 Бул аныктама “клуб” деген сөздүн жалпы тарабынан кабыл алынган түшүнүгүнө шайкеш келет, ага ылайык, клуб (англис тилинен clob же club, немис тилинен club) — кызыкчылыктары бирдей болгон адамдар жолугушчу жер, мында негизги сөздөр – “жер” жана “бирдей кызыкчылыктар”.

Клубдун максаты - аял депутаттар, депутаттыкка талапкер аялдар, жергиликтүү жамааттардын активисттери өздөрүнүн саясий укуктарын колдоно алышы үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү. Бул иштер аялдардын кесипкөй компетенцияларын, жеке көндүмдөрүн өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын айылдык жергиликтүү жамааттарында жагымдуу жана тең салмактуу жыныстык-ролдук контекстти  түзүүгө көмөктөшүү жолу менен жасалат.

Клубдун уюштуруучусу БАЖБА – Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы . Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын потенциалын жогорулатуу БАЖБАнын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. 

Орто мөөнөттүү мезгилде Клуб аял депутаттарга, ошондой эле депутаттыкка талапкер аялдарга жамааттарда беделин көтөрүүгө, колдоо топторун түзүүгө, жеке депутаттык пландарды, долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга, жергиликтүү кеңештерге шайланууга жардам берет (жергиликтүү кеңештерге талапкерлигин көрсөтүүнү пландап жаткан Клубдун катышуучулары үчүн).

Клуб аялдар үчүн гана эмес, эркектер үчүн да түзүлгөн 

Клуб биринчи кезекте аялдардын муктаждыктарына жооп катары түзүлгөнүнө карабастан, клубдун максаттуу аудиториясы болуп эркектер да саналат. Алар: жергиликтүү кеңештердин депутаттары, муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилери. Булардын баары жамааттарды гармониялуу жана туруктуу өнүктүрүүгө кызыкдар болуп, клубдун баалуулуктарын жана принциптерин тең бөлүшөт, үй-бүлөгө жана коомго тиешелүү, аялдарды тынчсыздандырган көйгөйлөр жөнүндө конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр адамдар. 

Гендердик теңчиликти натыйжалуу жайылтып, аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн Клуб эркектерди өз ишине жигердүү түрдө тартууга ниеттенип жатат. Клубдун катышуучулары өздөрүнүн жергиликтүү кеңештеринде эркек депутаттардын керектөөлөрүнө баа беришет, бул баалоонун жыйынтыгы боюнча эркек депутаттар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын потенциалын жогорулатууга багытталган окутуу программасына тартылышат. Бул жалпысынан жергиликтүү кеңештин дараметин жогорулатууга жана бир жергиликтүү кеңештин чегинде аял депутаттар менен эркек депутаттардын ортосунда жакшы байланыштарды жана конструктивдүү кызматташтыкты жолго салууга мүмкүндүк берет. 

Клубдун катышуучулары клубдун ишине гендердик теңчиликтин баалуулуктарын сыйлаган, муну жүрүм-туруму менен да тастыктаган эркектерди (эркек балдарды, жаштарды, улгайган адамдарды) - позитивдүү каармандарды тартышат. Бул аспап жамааттагы адамдардын кеңири чөйрөсүнө (эркектерге да, аялдарга да) мүмкүн болушунча көбүрөөк жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат, гендердик теңчиликке, чектөөчү социалдык эрежелерге жана аялдарга карата зомбулукка байланыштуу жамааттын мүчөлөрүнүн мамилесин жана жүрүм-турумун өзгөртүү дараметин күчөтөт. 

Клуб кимдер менен кызматташат?

Ишин баштап жатып, Клуб коммерциялык жана коммерциялык эмес, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес, ата мекендик, эл аралык жана чет өлкөлүк, клубдун иштөө принциптерине макул болгон жана аларды сактоого милдеттенген бардык уюмдарды кызматташууга чакырат. 

Клубду колдогондордун арасында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу бар, анын максаты – жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү, борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын көздөп, коргоо, ошондой эле Союздун мүчөлөрүн натыйжалуу жана жашоого жөндөмдүү аймактык түзүмдөр катары өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Клубдун өнөктөштөрүнүн арасында “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмеси (ӨСИ) да бар. ӨСИнин вазыйпасы – жергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына адамдын татыктуу жашоого болгон укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

Клуб мамлекеттик органдарды да өз өнөктөштөрүнүн катарында көрөт. Мисалы, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде гендердик саясатты ишке ашырууда Клубдун ишине таянып, гендердик теңдикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планын, “Кыргыз жараны” Концепциясын ишке ашыруу, Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу комитеттер институтун (ҮЗАК) натыйжалуу ишке киргизүү боюнча биргелешкен чараларды аткара алат.

Клуб гендердик теңдикке жетишүү боюнча Иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруу, ҮЗАК институтун киргизүү жана жалпысынан эле Кыргыз Республикасында гендердик саясатты ишке ашыруу процессинде КР Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине колдоо көрсөтө алат. Субулуттук (жергиликтүү) социалдык саясатты иштеп чыгуу (аялуу топторду, аялдарды, балдарды, улгайган адамдарды, майыптыгы бар адамдарды колдоо) боюнча күч-аракеттер биргелешип жасай турган иштин майданы болуп берүүгө тийиш. Жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик-социалдык заказдарды колдонуу практикасын кеңейтүүнү ҮЗАКтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кызматташтыкты биргелешип жасаган ишмердүүлүктүн багыттарынын катарында белгилей кетүү керек. 

Клуб Борбордук шайлоо комиссиясын да стратегиялык өнөктөш катары көрөт. Клуб жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квотаны камсыз кылуу жана аял шайлоочуларды шайлоого кеңири катыштыруу маселелеринде ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Бул максатта биргелешкен маалыматтык жана билим берүү өнөктүктөрүн жүргүзүп, ошондой эле Жарандык билим берүү борборлору менен иштөө пландаштырылууда. 

Албетте, Клуб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өзгөчө жергиликтүү кеңештер менен талыкпай жана жемиштүү кызматташып, депутаттарга – аялдарга да, эркектерге да – өз депутаттык вазыйпасын аткарып, мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө жардам берет.

Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын потенциалын жогорулатууга кызыкдар болгон, элеттик жамааттарда жыныстардын теңдиги чөйрөсүндө байланыштарды жана аналитикалык ресурстарды кеңейтүүгө муктаж жарандык коом уюмдары жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр да Клуб менен кызматташуудан пайда ала алышат.

Жогоруда айтылгандай, клубдун негизги максаттуу аудиториясы – жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын вазыйпасын аткарган аялдар жана эркектер. Бирок, алардын бардыгы айылдык жамааттардын ичиндеги көптөгөн жана ар кандай расмий, бейрасмий топтор менен өнөктөштүктө иштешет. Ошондуктан Клуб диаспоралар, демилгечи топтор, медиада жүзү таанылган адамдар, бизнес-топтор, уруулар жамааттары, спорттук жана чыгармачыл жамааттар ж. б. сыяктуу формалдуу жана бейформал топтордун ар кандай категорияларын өнөктөштүккө тартат. Жергиликтүү деңгээлде ар кандай топтор менен иштөөдө Клуб сөзсүз түрдө эки тараптуу кызыкчылыкты эске алат. Клуб үчүн мындай формалдуу жана бейформал топтор менен кызматташуу – бул кызыкчылыктар боюнча жамааттар аркылуу Клубдун демилгелерин жайылтуу, Клубдун катышуучулары үчүн жамааттын турмушун терең билүү, жергиликтүү кеңеште бул топтордун кызыкчылыктарын жакшыраак көздөө үчүн жамааттагы ар кандай топтордун муктаждыктары менен керектөөлөрүн аныктоо мүмкүнчүлүгү. 

Жергиликтүү деңгээлдеги айрым формалдуу жана бейформал топтор менен, мисалы аксакалдар соттору жана кеңештери менен кызматташуу; диний топтор, уруулар жамааттары, шеринелер менен мамиле ыктымалдуу тобокелдиктерди эске алуу менен, “зыян келтирбе” принцибин сактап түзүлүшү керек.

Клубдун бардык кызыкдар тараптары үзгүлтүксүз маалыматка ээ болуп, Клубдун иш процессине тартылышат. Өзгөчө, жергиликтүү деңгээлде формалдуу жана бейформал топтордун өкүлдөрү “иш маалында окутуу” принциби боюнча Клубдун каттышуучуларынын “практикалык тапшырмаларын” аткаруу аркылуу тартылышат. 

Клубдун өнөктөштөрү мезгил-мезгили менен уюштурулган жолугушууларга чакырылып, ийгиликтерди, көйгөйлөрдү жана пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап, ошондой эле Клубдун мындан аркы ишин аныктоо/кайра карап чыгуу үчүн орто мөөнөттүү серепке катышат. БАЖБА Клубдун максатына жетишүүдө пайда алып келчү жана өз салымын кошо ала турган өнөктөштөр менен өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташууга көмөк көрсөтүп, ошондой эле Клубдун ишинин масштабын жана мультипликациясын кеңейтүүнү камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Клубдун принциптери

Клуб төмөнкүдөй жөнөкөй критерийлерге жана принциптерге шайкеш келген ар кандай идеяны жана аракетти кубаттаган ачык аянтча.

  • БИЗ “ЗЫЯН КЕЛТИРБЕ” ПРИНЦИБИН КАРМАНАБЫЗ!
    Клубдун бир дагы иш-чарасы кандайдыр бир топко же адамга билип же билбей зыян келтирүү максатын көздөбөйт. Клубдун бардык катышуучулары бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга, теңчилик, сабырдуулук, өз ара урматтоо, адам укуктарын жана эркиндиктерин таануу принциптерин колдоого милдеттенишет.
  • БИЗ КЛУБДУН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨЗ САЛЫМЫБЫЗДЫ КОШОБУЗ!
    Клуб киргизген ар кандай демилге же идея демилгечинин ар кандай түрдөгү жеке салымын билдирет. Аял-эркек дебестен, Клубдун бардык катышуучулары өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө, Клубдун иш-чараларына жигердүү катышууга макул болушат.
  • БИЗ ӨЗҮБҮЗДҮН ЖАНА БАШКАЛАРДЫН УБАКТЫСЫН СЫЙЛАЙБЫЗ!
    Иш маалында окутуу окутуунун усулдарынын жыйындысы дегенди билдирет, мында катышуучулар алган базалык билимдерге жана жеке тажрыйбаларга таянуу менен тапшырманы аткаруу же кайсы бир маселени чечүү процессинде түз билим алышат. Иш-аракеттерди аткаргандан кийин аларды баамдап чыгып (рефлексия), кабыл алынган бардык чечимдерди талдап, эмнени мындан да жакшы жасаса болоорун, эмнеси жакшы болуп калганын талкуулашат.
  • БИЗ ӨНҮГҮП, ӨЗГӨРҮП ТУРАБЫЗ!
    Клуб – “жандуу” мейкиндик, ал катышуучулардын каалоолорунун жана керектөөлөрүнүн таасири астында өзгөрүлүп, тенденцияларга, окуяларга, кубулуштарга ийкемдүү түрдө, ошол замат жооп кайтаруу менен, тышкы чөйрөнүн өзгөрүшүнө тыкыр көз салып турат. Клубдун ар кандай планы жана иш-чарасы көз ирмемге жана аудиторияга ылайыктуу түрдө өзгөрүшү мүмкүн. Клуб стандарттуу эмес, жаңы, инновациялык ой жүгүртүүлөргө ачык, ошол эле маалда жогоруда сөз болгон принциптер да эске алынууга тийиш. 
  • БИЗ ЖАҢЫ НЕРСЕНИ ҮЙРӨНҮП, БИЛИМИБИЗ МЕНЕН БӨЛҮШҮП, АНЫ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОНОБУЗ!
    Клуб катышуучулар алган билимдерин жана көндүмдөрүн иш жүзүндө колдоно алуусуна, аудиториянын реалдуу иш-аракеттерине ыкчам киргизүүгө, ошондой эле катышуучулар алган билимдерин жана көндүмдөрүн кесиптештери, өнөктөштөрү, достору, туугандары, кошуналары, үй-бүлө мүчөлөрү менен бөлүшүүгө багытталган! Ошондуктан, клубдун ишине кошулуу менен, катышуучулар бардык жеткиликтүү маалымат каналдарын, анын ичинде социалдык тармактарды колдонуп, алган маалыматтарын, көндүмдөрүн жана билимин мүмкүн болушунча кеңири бөлүшүүгө милдеттенишет. Клуб “Муниципалитет” журналын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбалар порталын (www. myktyaimak.gov.kg) кошо алганда, БАЖБАнын жана өнөктөштөрдүн байланыш каналдарын жана аянтчаларын жигердүү түрдө пайдаланып келет. 

Клубдун иштөө формасы

Клубдун иши онлайн жана офлайн форматта, иш-чаралардын ар кандай формаларын колдонуу менен уюштурулган. Офлайн иш-чаралар жылына 1-3 жолу; онлайн иш-чаралар айына 1-4 жолу өткөрүлөт. Өнөктөштүктү жана коалицияларды куруу, практикалык тапшырмаларды аткаруу боюнча практикалык иш-чаралар офлайн жана онлайн окутуу иш-чараларынын ортосунда туруктуу уюштурулат.

  • Практикалык семинарларда окутуу.  
    Окутуунун жүрүшүндө практикалык тапшырмаларды аткаруу үчүн 60 пайыздан кем эмес убакыт каралган, бул тапшырмаларды катышуучулардын реалдуу ишинде жана жашоосунда колдонуу үчүн “камылга” болот. Иш жүзүндө мындай болот: бардык окутуу иш-чаралары алган билимдерин кийинкиге калтырбастан колдонуу дегенди билдирет, ар бир жолугушуудан кийин Клубдун катышуучулары жолугушуунун темасын же маселесин өнүктүрүүдө “практикалык тапшырмаларды” алып турушат. “Практикалык тапшырмаларды” аткаруунун жүрүшүндө катышуучулар өз ара горизонталдуу тармакты курушат. Катышуучулар үйрөнүшү керек болгон нерселерди жасай турган жагдайга туш болгондо, алар үчүн бул нерселерди эстеп калуу оңой болот. “Иш маалында окутуу” процессин Клубдун насаатчысы же сырттан тартылган тажрыйбалуу тренер жүргүзөт, алар катышуучуларды жигердүү өз алдынча иштөөгө үндөп турушат. 
  • Чай үстүндө баарлашуу. 
    Клубдун катышуучулары үчүн актуалдуу маселелер боюнча онлайн форматындагы сааттык консультациялар/талкуулар. Сааттык консультациялардын форматы ошол убакыттын ичинде ачыла турган темаларды талкуулоо дегенди билдирет же чоң тема бөлүктөргө/этаптарга бөлүнүшү мүмкүн. Бул аптасына 1 жолу, ошол күнү жана ошол саатта өткөрүлүүчү мезгилдүү иш-чаралар. Сааттык консультацияларды өткөрүү күнүн жана убактысын телеграмм-топто добуш берүү жолу менен Клубдун катышуучулары аныкташат. Консультациялардын темалары муктаждыктарды баштапкы баалоонун негизинде аныкталат, кошумча, Клубдун насаатчысы квартал сайын катышуучулардан сунуштарды чогултуп турат. Консультациялар үчүн темалардын тизмеси макулдашылгандан кийин, БАЖБА тиешелүү экспертти/адисти чакырат. Клубдун насаатчысы катышуучуларга консультациянын темасы боюнча актуалдуу суроолорду алдын-ала сурайт жана эксперт алдын-ала чогултулган суроолорго жооп берүүдөн баштайт, андан кийин консультация учурунда онлайн келип түшкөн суроолорго жооп берет. Онлайн консультацияларды өткөрүү үчүн ZOOM – онлайн конференция платформасы же Инстаграмда жана Youtube каналында түз эфирлер колдонулат. 
  • Атаандаштык ыкмасы. 
    Бардык окутуу иш-чараларына атаандаштык элементтери киргизилет. Мисалы, тажрыйба алмашуу иш-чараларына, анын ичинде практикалык тапшырмаларды аткаруу боюнча иш-чараларга мыкты, көбүрөөк жаккан (алгылыктуу, колдонууга боло турган) тажрыйбаны тандоо боюнча добуш берүү киргизилет. Катышуучулар добуш берүү жолу менен БАЖБА тарабынан сыйлана турган жеңүүчүнү (же бир нечесин) тандашат. Байгелер материалдык жана материалдык эмес түрүндө болот.
  • #ЧоңОй. 
    Бул (офлайн жана онлайн) конференциялар, анын аянтчасында Клубдун катышуучулары өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө, баарлашууга түрткү берүүгө жана өз идеяларын башка жамааттарга жайылтууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул конференциялар жыл сайын болжол менен жылдын аягында 80-100 катышуучу менен уюштурулат. Баяндамачылардын тизмеси бир жылдын ичинде баарынан көп “жылдызчаларды” топтогон Клубдун катышуучуларынын ичинен түзүлөт. 
  • Шерине (бал/кече/кечки тамак). 
    Аял катышуучулар таанылууга жана өзүнө болгон ишенимди жогорулатууга муктаж болгондуктан, офлайн иш-чаралардын алкагында кечинде бейформал “отуруштарды” өткөрүү пайдалуу болот, бул отуруштар чыгармачылык конкурстар менен (мисалы, ырлар) өтө алат, ошондой эле кечки тамактын алкагында командалар менен өткөрүлүшү ыктымал. Бул масштабы кенен жана “баары жакшы кийимин кийип келген” иш-чаралар болушу мүмкүн, ошондой эле “депутаттык кечки шерине” болушу ыктымал. Мындай иш-чараларга жеке өнүгүү темаларындагы практикалык жана кызыктуу оюндар/көнүгүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Клубга мүчөлүк

Клуб бейформал ачык аянтча болгондуктан, Клубга адам өз ыктыярчы менен мүчө боло алат. Клубдун максаттуу тобуна кирген аялдар клубдун иш-чараларына эркин катышып, ошондой эле каалаган убакта клубдан чыгып кете алышат. Буга чейин жетиштүү потенциалга жана депутаттык тажрыйбага ээ болгон же клубга мүчө болгон мезгилде потенциалын жетиштүү жогорулаткан клубдун катышуучулары насаатчы катары билими жана ийгиликтүү тажрыйбасы менен бөлүшө алышат. 

Клубдун 2022-жылга иш багыты

1-багыт. Бюджет жана инклюзивдүү пландаштыруу жана башкаруу боюнча билимди кошо алганда, депутаттардын (эркектер менен аялдардын) кесиптик билиминин деңгээлин жогорулатуу 

Окутуу иш-чараларынын бардык темалары муктаждыктарды баалоонун жыйынтыктарына негизделет. Сурамжылоого катышкан аял депутаттардын көпчүлүгү жергиликтүү кеңештин депутаттарына керектүү билимди алууну күтүшөт, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча негизги мыйзамдар, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын пландаштыруу, инвестицияларды тартуу ж.б. темалар бар. Бардык окутуучу материалдарды БАЖБАнын квалификациялуу тренерлери даярдашат, бул адистер конкурстун негизинде ишке тартылат, же БАЖБАнын консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү консультанттардын/жабдуучулардын реестринен/тармагынан тандалып алынат. Тренерлерге жана консультанттарга коюлган милдеттүү талаптар: ЖӨБ органдары менен практикалык иш тажрыйбасы; кошумча маалымат булактарына ээ болуу; талкууланып жаткан көйгөйлөрдү чечүү мисалдарына ээ болуу; аудиториянын көңүлүн “кармай алуу” жөндөмү, оратордук жана презентация жасоо көндүмдөрү.

2-багыт. Окутуунун инновациялык ыкмаларын кошо алганда, аял депутаттардын жеке көндүмдөрүн (soft skills) өнүктүрүү

Бул тапшырма бир катар көндүмдөрдү жакшыртуу зарылчылыгынан улам келип чыккан, алардын арасында баарлашуу жана чыр-чатактарды башкаруу көндүмдөрү алдыда турат. Аял депутаттардын баарлашуу жана ынандыруу көндүмдөрүн өнүктүрүүнү депутаттык чөйрөдө ийгиликке жетүү үчүн аныктоочу фактор деп эсептешет. Дал ушул баарлашуу көндүмү аял саясатчылардын 40% негизги көйгөй деп эсептеген, чөйрөнүн каршылыгын жеңүүгө жардам берет. Ички факторлор да аял депутаттын ийгиликке жетүү жолун аныктайт. Ошентип, аялдардын 36% ички коркуу сезими жана өзүнө ишенбестик жаңы жана масштабдуу иштерди баштоого тоскоол болуп жатат деп даттанышат, кас мамилеге, акыйкатсыздыкка күбө болсо аялдардын 34% үчүн өз эмоцияларын башкаруу кыйын болот, ал эми аялдардын 25% активдүүлүгүн көрсөтүүдө адамдардын күтүлбөгөн жана жагымсыз реакцияларына туш болушат. Ар бир бешинчи аял депутат чыр-чатактуу кырдаалды түшүнүү кыйын экендигин, адамдар анын абалын жана убактысын кыянаттык менен колдонуп жаткандыгын мойнуна алат, бирок алар кырдаалга таасир эте алышпайт. Эң негизгиси, жеке көндүмдөрдү өнүктүрүү Клубдун катышуучуларына үй-бүлөсүндө милдеттерди тең бөлүштүрө баштоого, күйөөсүнөн жана башка жакындарынан колдоо алууга жардам берет. 

3-багыт. Натыйжалуу өнөктөштүктү жана коалицияларды куруу көндүмдөрүн өнүктүрүү

Аял депутаттар үчүн өздөрүнүн идеяларын жана саясий демилгелерин ишке ашыруу максатында өнөктөштүктү жана коалицияларды түзүү көндүмдөрү зарыл, бул анын ичинде экономикалык маселелерди саясий талдоонун элементтери менен топтук кызыкчылыктарды так аныктоо аркылуу жасалат. Аял депутаттардын дээрлик үчтөн бири өз командасынын мүчөлөрүнүн же кол алдындагылардын натыйжасыздыгына, жаштар менен пикир табыша албаганына даттанышат. Аял депутаттардын жарымынан көбү Клубга катышуу менен биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди аткара турган санаалаштарды тапкысы келет. Окутуу жүргүзүлө турган конкреттүү маселелер Клубдун планын иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн жүрүшүндө аныкталып, иш-чараларга даярдануу процессинде такталат/толукталат.

Клубдун ишине катышуучу же өнөктөш катары кантип кошулса болот?

Клубдун ишине тиешелүү бардык маселелери боюнча Клубдун менеджери Салия АКУЛОВАга электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз болот: akulovasaliya@gmail.com, ошондой эле БАЖБАнын жетекчиси Асель КУРМАНАЛИЕВАнын электрондук дарегине кат жаза аласыз: askurmanalieva@mail.ru

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН АЯЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КЛУБУ 
ЖАҢЫ ДОСТОРДУ, МҮЧӨЛӨРДҮ ЖАНА ӨНӨКТӨШТӨРДҮ КҮТӨТ!

 

Окшош материалы: