Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ Союзу ЖӨБ органдарынын 400 өкүлүнө Президенттин “КРнын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгы тийгизчү таасири жана колдонулушу жөнүндө суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берди

2022-09-19 / ЖӨБ Союзунун жана БАЖБА жаңылыктары

2022-жылдын 12-августунда ЖӨБ Союзунун демилгеси боюнча Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (МКЖӨБМА) менен биргеликте ЖӨБ органдары менен онлайн-жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын жогорулатуу маселелерин талкуулоого арналды.

Иш-чаранын видео жазуусун бул жерден көрө аласыз: 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр ЖАПАРОВ “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Бул чечимдин негизги максаты – өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу болуп саналат. Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 1-августунан тарта муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы эки эседен ашык көбөйөт.

Ар бир муниципалдык кызматчы үчүн бул маанилүү окуяны онлайн-талкуулоо Zoom сервисинин жардамы менен уюштурулуп, ага 400дөн ашуун адам, анын ичинде ЖӨБ органдарынын жетекчилери, ЖӨБдүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, бухгалтерлер жана муниципалдык кызматчылар катышты. Финансы министринин орун басары Жибек ДҮЙШЕЕВА жана МКЖӨБМАнын директорунун орун басары Рамис АЛЫКУЛОВ саламдашуу сөзүн айтып, ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ модератордун ролун аткарды.

Финансы министрлигинин санды жана эмгек акыны талдоо бөлүмүнүн башчысы БАКИРОВ Жарлыктын таасири жөнүндө кыскача маалымат берди, атап айтканда базалык ставка; кызматына жараша коэффициент; эмгек акынын кепилденген бөлүгү жөнүндө айтып берип, ошондой эле кызматкерлерге эмгек акысын эсептөө оңой болуп калгандыгын түшүндүрдү. ЖӨБ органдары 100дөн ашык суроо узатышты, анын ичинде: август айында өргүүгө кеткен кызматкерлердин эмгек акысы кандайча эсептелет; тамактанууга жана жолго кеткен чыгымдарды компенсациялоонун суммасы жалпы курамына киргизилеби; эмгек акынын өлчөмү кандайча эсептелет; жаракат алган учурда төлөмдөр каралганбы; техникалык персоналдын эмгек акысы кандай болот жана башкалар. 

Катышуучулар бардык суроолоруна толук жооп алышты. Айрым маселелер боюнча ЖӨБ Союзунун эксперттери WhatsApp-тайпалары аркылуу тиешелүү маалымат берери да айтылды. 

Окшош материалы: