Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин 100 депутаты квалификациясын жогорулатышты

2022-07-04 / ЖӨБ Союзунун жана БАЖБА жаңылыктары
Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин 100 депутаты квалификациясын жогорулатышты

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Токтогул райондорунун жергиликтүү кеңешинин 100гө жакын депутаты “Айыл аймагын өнүктүрүү үчүн диалог курууда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ролу” деген темада окутуудан өтүштү.

Тренингдер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) уюштуруучулук-укуктук негиздери боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын жогорулатууга, айыл аймактарын инклюзивдүү экономикалык өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жеке диалогду курууга, ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүн пландаштырууга жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Токтогул райондору “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн практикалык диалог” Долбоорунун максаттуу райондору болуп саналат. Бул долбоорду ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтунун тренингдерине аталган райондордун  жергиликтүү кеңештеринин депутаттары катыша алышты.

2021-жылы жаңы шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын басымдуу бөлүгү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштин жаңы чөйрөсү болуп жатат, мындан улам аларга өз ыйгарым укуктарын талаптагыдай ишке ашырып, өз ишинде жарандардын алдында ачык-айкын жана отчеттуу болуу үчүн билим керек. Депутаттар укуктарын да, ошол эле маалда бюджеттик процессте өз милдеттерин, ролун жана жоопкерчилигин да билип, калктын, анын ичинде аялуу катмардын муктаждыктарын эске алып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандарды тартуу канчалык маанилүү болгонун түшүнүшү керек. Практика көрсөткөндөй, депутаттар билимдүү болсо, ЖӨБ органдары үчүн жергиликтүү жамаат, жеке жана бизнес секторлор менен жемиштүү диалог жүргүзүүгө, анын ичинде жергиликтүү чөйрөнү жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоо оңой болот.

Окутуунун алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүдөгү ролу, жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары, анын регламенти, жергиликтүү бюджеттерди кароо жана бекитүү, жергиликтүү кеңештин тарифтик саясаты (ичүүчү суу менен камсыздоо жана таштандыларды чыгаруу чөйрөсүндө) жөнүндө темалар чагылдырылды, мындан тышкары социалдык маселелер, аял депутаттардын иши, аялдардын жана жаштардын лидерлиги талкууланды.

Ошондой эле жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү конкреттүү мисалдар талкууланды, алар боюнча чечимдин натыйжалуулугун жергиликтүү кеңештердин, ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулуктун кызматташтыгынын аркасында жогорулатууга болот, бул жалпысынан аймактын биргелешкен ишине жана өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын билим деңгээли чечимдерди кабыл алуу процессинде маанилүү ролду ойнойт, ошондуктан депутаттарды дайыма окутуп туруу зарыл.

Депутаттар жергиликтүү калктын кызыкчылыгын көздөп, айыл өкмөтүнүн ишине контролдук функцияларды жүзөгө ашыруу менен, ошондой эле элеттиктердин маалыматка жетүүсүн, жергиликтүү деңгээлде башкаруунун ачыктыгын камсыз кылышат. Бүгүнкү күндө ЖӨБ органдары окутууну өз каражаттарынан тең каржылоого даяр болгону кубандырат. Мисалы, аталган тренингдин катышуучулары транспорттук чыгымдарын, ал эми алыскы айылдарда жашагандар жашоого байланышкан чыгымдарды өздөрү төлөшкөн.

Алган билимдерин жана көндүмдөрүн пайдалануу менен депутаттар жер-жерлердеги маанилүү маселелер боюнча коомдук угууларды демилгелешет, жергиликтүү жамааттар менен дайыма практикалык диалог жүргүзүшөт жана калк менен бийлик органдарынын ортосунда маалымат алмашуу системасын жөнгө салышат, бул жергиликтүү деңгээлде башкаруунун ачыктыгын камсыз кылуунун кепилдиги болуп саналат.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар өз айыл аймактарында жигердүү депутат болгонуна карабастан, терең билимди өз убагында алууга үлгүрбөй калышканын белгилешти. Айталы, Тогуз-Торо районунун Каргалык айылдык кеңешинин депутаты Каныш МАМЫРОВА тренингдин уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, буларды белгиледи: “Мен биринчи жолу депутат болгондо бизди буга эч ким окуткан эмес эле, депутаттардын иши жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жөнүндө билимибиз жетишсиз болчу. Биз депутат болуп иштей баштаганда гана окууларга катышып, мыйзамдар менен өз алдыбызча таанышып чыгаар элек. Ушул багыттагы билимдин жоктугу ийгиликтүү ишиме бут тосуп келди. Бирок бүгүнкү күндө тренингге катышуунун жыйынтыгы менен байланышты натыйжалуу түзүү жана калк менен диалог куруу жөнүндө билим алдым, ошондой эле жергиликтүү бюджетти түзүү процесси, депутаттын статусу жана ыйгарым укуктары мен үчүн өтө маанилүү темалар болду деп айта алам”.

Тренинг катышуучуларга билимди жана көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берди, өзүнүн пландарын пландоодон баштап, кеңештин пландарына чейин логикалык чынжырды түзүүгө жардам берди. Ар бир катышуучунун кандайдыр бир деңгээлде билими бар болгону талашсыз, бирок мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдү мынчалык ийне-жибине чейин билишкен эмес, муну катышуучулардын өздөрү да белгилешти.

Ошондой эле кеңештин жана депутаттын компетенциялары өз-өзүнчө талданып чыкты, бул болсо маалыматты берүүнүн формасын жана каналдарын, жергиликтүү тургундар менен болгон мамилелерди жана милдеттүү түрдө ачык талкууланууга тийиш болгон маселелердин тизмесин түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Мындай тренингдерди өлкөнүн башка муниципалитеттеринде да өткөрүү зарыл.

Тренингдер ЖӨБ органдарынын суроо-талабы боюнча Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) жана “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог” Долбоору биргелешип өткөрүштү. Аталган Долбоорду “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” Программасынын финансылык колдоосу менен нүктүрүү саясат институту ишке ашырып келет. Бул Программаны Евробиримдик менен Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлиги чогуу каржылап, ага Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH колдоо көрсөтөт.

Тренингдерди уюштуруу маселелери боюнча БАЖБАнын кардарлар базасынын администратору Гуляим Шамшидиновага кайрылсаңыз болот, электрондук дареги: gshamshidinova@dpi.kg

 

Окшош материалы: