Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу (ЖӨБ Союзу) улуттук деңгээлде ЖӨБдүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрдү күчөттү

2022-07-04 / ЖӨБ Союзунун жана БАЖБА жаңылыктары
КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу (ЖӨБ Союзу) улуттук деңгээлде ЖӨБдүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрдү күчөттү

КР ЖӨБ Союзу USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоордун негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат, себеби координацияланган негизде ЖӨБ органдарына жете алат, улуттук деңгээлде адвокация боюнча өнөктөш жана Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө тиешелүү маселелерди талкуулоодо ЖӨБ органдарынын мамлекет тарабынан таанылган өкүлү болуп саналат.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору улуттук деңгээлде жарандарга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоп, илгерилетүүгө ЖӨБ Союзуна жардам берет.

ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча миссиясын аткарып, адвокациялык функцияларды аткарууда Союздун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун өнөктөшү болгон “Жарандык катышуу” коомдук фонду 2022-жылдын март жана апрель айларында КР ЖӨБ Союзунун 12 өкүлү үчүн тренингдерди өткөрдү.

Бул тренингдерде катышуучулар ЖӨБдүн жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн адвокацияда заманбап технологияларды колдонуп, коалицияларды түзүп, коммуникациялык планды даярдаганды үйрөнүштү.

Ошондой эле окутуучу иш-чаралардын алкагында эксперттер КР ЖӨБ Союзунун күчтүү жана чабал жактарына кылдат талдоо жүргүзүүгө жардам берип, контент үчүн идеяларды сунуштап, адвокациялык билдирүүлөрдү даярдашты.

Тренингдердин жыйынтыгында КР ЖӨБ Союзу уюмдун коммуникациялык жана адвокациялык стратегиясын кабыл алып, ыктымал өнөктөштөр менен коалиция түзүү боюнча иш-чаралардын планын даярдашты.

“Биз үчүн ЖӨБ Союзунун учурдагы абалына сырттан баа берип, эксперттик корутунду алуу маанилүү болду. Биз көптөгөн майда-чүйдө факторлор жалпы жана иштин чыныгы абалына таасирин тийгизерин түшүндүк. Мисалы, мени коммуникация маселелеринде канчалык көп деталдар бар болгону, алар ийгилик үчүн канчалык маанилүү экени таң калтырды. Бизге баалуу сын-пикирлер жана сунуштар берилди, ошонун негизинде биз Союздун ишин бир кыйла жакшырта алабыз”, - деди КР ЖӨБ Союзунун директору Бектур ОРОЗБАЕВ.__

 

Окшош материалы: