Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) төрт облустун райондук мамлекеттик администрациялары менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

2022-05-09 / ЖӨБ Союзунун жана БАЖБА жаңылыктары
Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) төрт облустун райондук мамлекеттик администрациялары менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

2022-жылдын 1-апрелинен 6-апрелине чейин Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында кызматташуу маселелерин талкуулап, меморандумдарга кол коюу максатын көздөгөн жолугушуулар өттү.

Жолугушуулардын жыйынтыгында төмөндөгүлөр менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду:

  • Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы,
  • Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы;
  • Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы;
  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы менен.

Тараптар Меморандумду “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) үчүн “тең-теңге” окутуу платформасын уюштуруу” долбоорун ишке ашыруу максатында түзүштү. Платформа USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылат. 

“Биздин кызматташуубуздун алкагында  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын натыйжалуу жана жашоого жөндөмдүү аймактык түзүмдөр катары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган бир катар иш-чаралар каралган. Тактап айтканда, ЖӨБ органдарынын катышуусунда Платформанын жыйындарын (семинарларды, тегерек столдорду, конференцияларды, форумдарды ж.б.) өткөрүү, маалымат алмашуу, Платформанын ишмердүүлүгүнө байланыштуу консультацияларды берүү пландаштырылууда. Буга кошумча БАЖБА Платформага техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүп, Платформанын маалымат материалдарын, методологиясын, продуктыларын жана практикасын даярдап, жайылтат”, - деди БАЖБАнын директорунун милдетин аткаруучу Айнура ЧАНДЫБАЕВА.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Тең-теңге” платформасынын координатору АСТАРОВ Данияр жакынкы мезгилге кызматташуу пландарын талкууга коюп, кадрдык ротацияларды эске алуу менен муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким АБДЫКАДЫРОВ Эмилбек кадрлар улам жаңыланып жаткандыктан, муниципалдык кызматкерлерди окутуу темасы бүгүнкү күндө абдан актуалдуу деген жүйөгө кошулат. “Жергиликтүү, райондук, облустук же республикалык деңгээлдеги ЖӨБ органдарынын ортосунда жүргүзүлүп жаткан тажрыйба алмашуу сыяктуу механизмдин пайдалуулугун белгилегим келет. Адатта мындай алмашуу турлары жергиликтүү маселелерди чечүү темасында өткөрүлөт. Себеби, негизинен бизде бардык жерде болгон көйгөйлөр окшош, бирок чечүү жолдору ар башка болушу мүмкүн. Ошондуктан тажрыйба алмашуу иш-чарасынын жүрүшүндө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн үлгүсүн – алдыңкы тажрыйбаны көрсөтсө болот”.

Ошондой эле райондук администрациялардын башчылары айыл өкмөттөрүнүн жана башка мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн программаларын эске алуу менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууда кызматташууну, анын ичинде ЖӨБдү жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын берди.

Ошондой эле Кара-Суу районунун акими ЖӨБ системасын жана жалпысынан регионду өнүктүрүүдө кызматташууга ачык экенин кошумчалап, пландуу текшерүүлөр маалында ЖӨБ органдарына кеңеш берүү аркылуу көмөк көрсөтүүнү сунуштады. Аким Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алууда жана ЖӨБ органдары тарабынан мүмкүн болуучу мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн башка ЖӨБ органдарынын арасында алдын алуу механизмдерин жайылтууну сунуш кылды. Мисалы, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө райондун башчысы ЖӨБ Союзунун, Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) жана БАЖБАнын өкүлдөрү менен биргеликте юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүнү сунуштады.

 

Окшош материалы: