Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2022-жылы ЖӨБ мыкты тажрыйбасы үчүн биринчи онлайн добуш берүү аяктады!

2022-05-09 / ЖӨБ Союзунун жана БАЖБА жаңылыктары

2022-жылдын 16-мартынан 31-мартына чейин ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын аянтчасында (www.myktyaimak. gov.kg) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун практикасынын мыкты үлгүсүнө онлайн добуш берүү өткөрүлдү.

Бул 2022-жылы “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы” конкурсунун1 алкагындагы биринчи добуш берүү болду. Конкурс “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржыйлат жана Кыргыз Республикасындагы Хельветас Ассоциациясы менен Өнүктүрүү саясат институтунун консорциуму аткарат.

Добуш берген колдонуучулардын жалпы саны 284 адамды түздү.

Конкурстун жобосуна ылайык, добуш берүүгө Порталдын катталган колдонуучулары гана катыша алышмак (1 катталган колдонуучу 1 мисал үчүн 1 жолу добуш бере алат). Добуш берүүгө белгиленген тартипте каттоодон өткөндөр катышты. Кардарлар базасынын администратору колдонуучу анык болгонун текшерүү үчүн анын WhatsApp номерине билдирүү жөнөтүп турду.

“ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы – 2022” конкурсунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жети мыкты тажрыйбасы добуш берүүгө коюлган.

Онлайн добуш берүүнүн натыйжасы боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар чыкты:

Абды Сүйөркулов атындагы АА, Жалал-Абад облусу: “Балык чарбасын өнүктүрүү – практикалык диалог куруу аркылуу экономикалык өнүгүүгө олуттуу салым кошуу” – 18.

  • Ак-Жар АА, Ош облусу: “Маданият үйү жана көчөлөрдүн жарыктандырылышы айылда жаңы маанайды жаратты” – 14.
  • Багыш АА, Жалал-Абад облусу: “Кичи коомдук кеңеш – мигранттардын маалымат жардамчысы” – 13.
  • Болот Мамбетов атындагы АА, Ысык-Көл облусу: “Ак-Сай айылындагы жаңы конуштун жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу” – 12.
  • Каргалык АА, Жалал-Абад облусу: “Тогуз-Торо районунда таштанды чыгаруу көйгөйүн чечүү үчүн муниципалитеттер аралык кызматташуунун ийгиликтүү практикасын ишке ашыруу” – 144.
  • Кызыл-Суу АА, Ош облусу: “Коомдук бюджеттик угуулар – бул ЖӨБ органдарынын калк алдында ачык-айкындыгы жана отчеттуулугу” – 79.
  • Теплоключенка АА, Ысык-Көл облусу: “«Кайрымдуулук» социалдык дүкөнүн ачуу менен аялуу топторго жардам берүү” – 4.

Ошентип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын төмөнкү 2 мыкты тажрыйбасы сынактын жарым финалисттери болушту:

  • Каргалык АА, Жалал-Абад облусу: “Тогуз-Торо районунда таштанды чыгаруу көйгөйүн чечүү үчүн муниципалитеттер аралык кызматташуунун ийгиликтүү практикасын ишке ашыруу” – 144,
  • Кызыл-Суу АА, Ош облусу: “Коомдук бюджеттик угуулар – бул ЖӨБ органдарынын калк алдында ачык-айкындыгы жана отчеттуулугу” – 79.

Кийинки онлайн добуш берүү 2022-жылдын июнь айында өтөт. Анда да жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты 7 тажрыйбасы ат салышат.

  • facebook
  • twitter
  • v-kontakte
  • li-icon
  • odnolassniki
  • lj
  • shit
  • Окшош материалы: