Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“2022-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсу

2021-04-30 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
“2022-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсу

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Негизги маалымат аянтчасы: ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak.gov.kg).

Конкурстун негизги максаттары:

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти дагы да масштабдуу сакталышына көмөктөшүү (КР Конституциясынын 52-беренеси, 3-п.);
  • калктын реалдуу керектөөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү бюджетти пландоодо, түзүүдө жана жергиликтүү бюджеттин ресурстарын натыйжалуу башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жөндөмдөрүн колдоо;
  • шаарлардын/айыл өкмөтүнүн өз бюджет долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүү тажрыйбасын жана каалоосун колдоо;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдында айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуусуна көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө чындап катышкан КР жарандарынын санын арттырууга көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди пландоодо жана түзүүдө ЖӨБ органдарынын гендерик-сезимтал иш-аракеттерин түзүүгө көмөктөшүү;
  • IT технологияларын колдонуу аркылуу ЖӨБ органдары тарабынан калкты маалымдоо үчүн инновациялык инструменттерди колдонууга үндөө|чакыруу.

Тапшырык берүүчүлөр

Кыргыз Республикасынын бардык облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Конкурстун катышуучулары болуп саналат. Алар 2021-жылдын июнь жана июль айларынын аралыгында 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

Тандоо критерийлери

Тапшырыктар анын сапатынын негизине жана тиркелген материалдардын мазмунуна жараша бааланмакчы (таблица).

Угуулар алдында маалымат өнөктүгүн өткөрүүнүн сапаты. Боло турган угуулар тууралуу жарандарды маалымдоодо колдонулган механизмдердин санына жана түрүнө бөлүнөт. Баарынан көп механизмдерди колдонгон ЖӨБ органдарына жогору баллдар берилет. Жарандар бюджет долбоору тууралуу маалыматты алдын ала гана эмес, ошол финансы маалыматын түшүнүп, ага карата өз пикирин калыптандырганы да өтө маанилүү. Жарандар бюджетке карата өз мамилесин калыптандыра алдыбы же жокпу – муну бюджет долбооруна өзгөртүү боюнча жарандардан түшкөн сын пикирлердин жана сунуштардын санынан улам билсе болот. 

Коомдук угууларга катышкан адамдардын саны жана жер-жерлерде өткөрүлгөн угуулардын саны. Көпчүлүк убакта муниципалитеттер угууларды шаардын борборунда же айыл аймактардын борбордук айылдарында гана өткөрүшөт, шаардын башка бөлүгү жана алыскы айылдардын жашоочулары көңүлгө алынбай келет. Угууну уюштуруучулар бюджеттик процесске шаардын бардык бөлүгүн жана аймактын бардык айылдарынын өкүлдөрүн тартууга жана коомдук угуунун катышуучуларынын санына көңүл буруусу зарыл. Мындан улам калктын бардык социалдык катмарын процесске тартуу жана гендердик балансты эске алуу ЖӨБ органдарынын тапшырмасы болуп саналат. Конкурстук комиссия табыштамаларды баалоодо ушул баланстарды эске алгандарга артыкчылык берет.

Эки жыныстагы өкүлдөрдүн (бир жыныстагы өкүлдөрдүн кеминде 30%) угууларга катышуусун камсыз кылуу үчүн ЖӨБ органы көргөн чаралар. ЖӨБгө жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуусунун мыйзамдык кепилдиктери жана формалары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандардын катышуусун камсыз кылууда ЖӨБ органдары катышуучулардын курамында гендердик балансты сактоого милдеттүү. Гендердик өңүттөрүн эсепке алуу менен жергиликтүү калктын катышуусу, б.а. коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир белгиси жана жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүүсү анын натыйжаларына көз каранды болот.

Коомдук угууларды даярдоодо жана өткөрүүдө ЖӨБ органдары төмөнкү принциптерди сакташы керек:

  • чакырылгандардын гендердик салмактуу тизмесин түзүү;
  • үй тиричилик маселелерин эске алуу менен угуунун ордун жана убактысын тандоо;
  • иш-чарада аялдарга да, эркектерге да сүйлөөгө шарт түзүп берүү;
  • кеңири маалымат өнөктүгү жана эркектер үчүн да, аялдар үчүн да маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

Бюджеттин долбоору боюнча Жарандык бюджеттин сапаты (анын ичинде инновациялык IT технологияларды колдонуу – КРнын Экономика жана финансы министрлигинин веб-багытындагы Жарандык бюджет тиркемеси). Конкурстун катышуучулары бюджеттин долбоору боюнча жергиликтүү жамааттын Жарандык бюджетин түзүшү керек. Жергиликтүү бюджеттин (ЖБ) долбоору боюнча жергиликтүү жамааттын Жарандык бюджетин http://gb.minfin.kg веб-сайтында жайгашкан WEB-тиркеменин жардамы менен түзсө болот. ЖБ киреше жана чыгаша бөлүгү канчалык деңгээлде толук жана туура көрсөткөндүгүнө жараша бааланат. Жарандык бюджетти ЖӨБ органынын расмий сайтына жайгаштыргандарга артыкчылык берилет.

2022-жылдын бюджетинин долбоору боюнча ЖБ өзүнө төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтышы керек:

  • ушул жылга шаар/айыл аймак боюнча жалпы маалымат;
  • ушул жылга шаардын/айыл аймактын калкынын саны;
  • келээрки жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизги артыкчылыктары;
  • инфографика түрүндө келээрки (2022) жылга кирешесинин долбоору жана ушул жылга (2021) бекитилген кирешеси;
  • инфографика түрүндө келээрки жылга бюджеттин долбоору негизги кирешелери, алар салык кирешелери (жергиликтүү жана жалпы мамлекеттик), салык эмес кирешелер жана трансферттер;
  • инфографика түрүндө келээрки жылдын (2022) функционалдык жана экономикалык беренелер боюнча чыгашалардын долбоору;
  • келээрки жылга бюджеттен тышкаркы инвестиция.

Ийне-жибине чейин чечмеленген маалыматтык материалдардын сапаты жана деңгээли (презентациялар, таратып берме материалдар ж.б.) Беренелердин тилкесинде пландалып жаткан кирешелер жана чыгашалар тууралуу маалыматтын ийне-жибине чейин чечмеленген деңгээли жамаат үчүн өзгөчө маанилүү. Бул – атайын даярдыгы жок адамдардын түшүнүүсү үчүн бюджет тууралуу маалыматтын көрсөтмөлүүлүгү жана жеткиликтүүлүгү.

Муниципалитеттин презентациясында бюджет тууралуу маалымат канчалык жеткиликтүү жана түшүнүктүү болсо, бюджет тууралуу коомдук угуулардын темасына тиешеси жок суроолор да, муниципалитеттин дарегине шектенүүлөр да ошончолук азыраак болот. Бул болсо калктын ЖӨБОгө карата ишениминин артышына көмөктөшөт. Эгер бюджеттин кандайдыр бир беренесинде 10% ашык өсүш (төмөндөө) болсо,  анда презентацияда ага түшүндүрмө берүү керек.

Бюджеттин долбоорунда калктын кеңири катмарынын артыкчылыктарынын чагылдырылышы. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш жүзүндө калкка коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчү болуп эсептелет. Бюджет – бул кызмат көрсөтүүлөрдүн планы эмес. Пландоодо коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн пикирлери жана чыныгы муктаждыктары эсепке алынганы маанилүү. Калктын артыкчылыктарын изилдөө мүмкүнчүлүктөрдүн, биринчи кезекте каражаттын чектелүү болгонунан улам актуалдуу болуп турат. Буга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин каражатын өзгөчө ири инвестицияларга натыйжалуу бөлүштүрүү үчүн калктын керектөөлөрүн билип алуу сунушталат (мисалы, кийинки жылы эмне кылыш керек деген чечим кабыл алууда: клубдун имаратын ремонттош керекпи, же акчаны таштанды тазалоо үчүн техника сатып алууга жумшаган туура болобу? Бул жылы кайсы көчөгө, ал эми кийинки жылы кайсы көчөгө жарык бериш керек?). Артыкчылыктар чогулуш, курултай, депутаттар менен жолугушуу, ЖМБА, сурамжылоо, жарандардын кайрылуусун жана даттанууларын анализдөө ж.б. учурларда аныкталышы мүмкүн.

Аялдардын муктаждыктарын эске алуу үчүн ЖӨБО көргөн чаралар. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүүдө ЖӨБ органдары гендердик баланска көңүл бурушу керек. Конкурстун тапшырыктарын баалоодо ЖӨБ органдарынын аялдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын муктаждыктарын аныктоо үчүн жасаган иш-чараларына көңүл бурулат. Алардын муктаждыктарын чечүү үчүн ЖӨБ органдары мүмкүнчүлүккө жараша финансы ресурстарын бюджеттин долбоорунда караганы маанилүү.

Бюджет долбоорунда стратегиялык, программалык жана башка документтердин чагылдырылышы. Ар бир ЖӨБ органында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу максатында өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик жана жергиликтүү программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча өз функциялары, ыйгарым укуктары жана милдеттенмелери бар. Мындай документтер аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программалары, ошондой эле биргелешкен аракеттер пландары же жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууга калкты тартуу боюнча ЖӨБ органдарынын ишинин пландарын мүнөздөөчү башка документтер болуп саналат. Бул пландар жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип чыгат. Бир нече жылдан бери Кыргыз Республикасында көптөгөн муниципалитеттер өнүгүү пландарынын максаттарын жана милдеттерин жамааттардын чыныгы муктаждыктарына шайкеш келтирүү үчүн ЖМБАларды, фокус-топторду, чогулуштарды, анкеталарды ж.б. уюштуруп келишет. Калктын муктаждыктары аныкталганын тастыктаган документтерди тапшырууңузду өтүнөбүз (чогулуштарга катышкандардын тизмелеринин көчүрмөлөрү, ЖМБА ж.б., протоколдор же отчеттор).

Жарандардын бюджеттин долбоорунда эсепке алынган пикирлеринин/сунуштарынын долбоорго тийгизген таасиринин даражасы. Сынактын катышуучулары калктын пикирлеринин/сунуштарынын негизинде бюджет долбооруна киргизилген өзгөртүүлөрдү көрсөтүү мүмкүнчүлүгү боюнча да бааланат. ЖӨБО бюджет долбоору пикирлерге/сунуштарга ылайык кантип өзгөргөнүн көрсөтүп, бюджеттик каражаттардын кайра бөлүштүрүлүшүн, көбөйүшүн же азайышын белгилеши керек. Эгерде бюджет долбоору калктын пикирлерине/сунуштарына ылайык өзгөрсө, бөлүп көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрү менен кайра каралган бюджеттин көчүрмөсү кошо берилиши керек. Өзгөртүүлөр кайсы бир нерсеге кошумча каражат бөлүүдө чагылдырылбайт. Бул максаттуу пайдалануунун детализациясы (мисалы, бул жылы кайсы көчөгө, ал эми кийинки жылы кайсы көчөгө жарык бериш керектигин көрсөтүү), же күтүлгөн үнөмдөөнүн эсебинен кайра бөлүштүрүү болушу мүмкүн. Ошондой эле бюджет долбоорундагы өзгөрүүлөр боюнча жарандардын канча жана кандай пикирлери/сунуштары талкууланганын жана кайсылары кабыл алынганын көрсөтүү үчүн угуулардын протоколунун көчүрмөсүн берүүңүздү өтүнөбүз. Ошону менен бирге аялдардан канча жана кандай сунуштар түшүп, алардын кайсылары бюджетте чагылдырылганын көрсөтүңүз.

ЖӨБ органынын калк менен кайтарым байланышынын сапаты. Угууларда айтылган бардык эле пикирлер жана сунуштар бюджетке киргизиле бербей турганын Долбоор мойнуна алат. Анткен менен калк эмне үчүн алардын сунуштары эсепке алынбаганын билиши керек. Кайтарым байланыштын сапаты эмне үчүн алардын сунуштары киргизилип-киргизилбегени тууралуу жарандарга канча түшүндүрмө, кантип берилгенинин негизинде бааланат. Колдонулган механизмдердин санына жана түрүнө көңүл бурулат. Баарынан көп механизмдерди колдонгон ЖӨБ органдарына жогору баллдар берилет.

Байгелер. Конкурстун жалпы байге фонду – 3 200 000 сомдун тегереги. Байге фонду Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу каржыланат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун – 300 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • II орун – 250 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге;
  • III орун – 200 000 сомго чейинки өлчөмдөгү байге.
  • Гендердик сезимталдуулукка өзгөчө мамиле жасагандыгы үчүн атайын байге – 270 000 сомго чейин;
  • Ошондой эле 55 000 сом өлчөмүнө чейин шыктандыруучу байгелер.

Байге фонддору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун камсыз кылууга колдоно турган товарларды жана жабдууларды сатып алуу үчүн жумшалса болот. Бул жабдууларга төмөнкүлөр кириши мүмкүн:

  • ЖӨБ органдарынын ишине керектүү жабдуулар, компьютерлер, принтерлер, USB модемдери, санарип фотоаппараттар, проекторлор, проекторлор үчүн экрандар;
  • коомчулук менен маалымат алмашууну жакшыртуучу жабдуулар, үн күчөткүчтөр (колонкалар), микрофондор жана ушул өңдүү товарлар, коомчулукту маалымдоо системалары;
  • муниципалдык имараттарда коомдук иш-чараларды өткөрүүгө эмеректер (мисалы: отургучтар, маалымат такталары, стенддер);
  • муниципалдык мекемелерге жабдуулар жана эмеректер (мектептер, бала бакчалар, музыкалык жана спорт мектептери);
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн, анын ичинде суу менен камсыздоо, таштандыларды чогултуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу жаатында иш алып барган муниципалдык ишканалар үчүн жабдуулар;
  • жергиликтүү чечимдерди кабыл алууга аялдардын катышуусун жогорулатуу үчүн шаймандар жана жабдуулар;
  • калктын аялуу катмарынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуусуна катышуусун жогорулатуу үчүн жабдуулар жана шаймандар;
  • калкты COVID-19дан коргоону күчөтүүчү материалдар, жабдуулар, каражаттар.

Байге фондун колдонууда Долбоор курулуш жана ремонт, эмгек акы же саякатка чыгуудан башканы тандоо жолдорун караштыра алат.

Милдеттүү шарт – алынган байгелерди колдонуп жасалган иш же өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө байге алгандан кийин бир (1) айдын ичинде отчет берилет.

Долбоор конкурстун байге фондун толук колдонуу-колдонбоо укугун өзүндө калтырды.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байге фондун жергиликтүү маселелерди чечүүдө жарандардын катышуу механизмдерин өркүндөтүү жана муниципалитет тургундарынын жашоо шартынын деңгээлин жогорулатуу максатында Долбоор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү берилет. Сатып алуулар Долбоор тарабынан жүргүзүлүп, бул процесс Долбоорду аткаруучу уюмдун сатып алуу эрежелерине шайкеш ишке ашырылат. Сатып алынган мүлк жеңүүчүгө пайдалануу үчүн берилет.

Конкурстук комиссия

Жеңүүчүлөрдү Конкурстук комиссия аныктайт. Комиссия төмөнкүлөрдүн өкүлдөрүнөн турат:

  • КР Экономика жана финансы министрлигинен – 1 адам;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдан - 1 адам;
  • КР ЖӨБ Союзунан – 1 адам;
  • Өнүктүрүү саясат институтунан – 1 адам;
  • “Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги” Долбоорунан – 1 адам.

Комиссия түшкөн материалдарды карап чыгат жана табыштамаларды берген акыркы мөөнөттөн кийин бир айдын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Комиссия өз чечимин каржылоочу уюм менен макулдашууга тийиш.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү

Табыштамаларды Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2021-жылдын 15-августунан 1-сентябрына чейинки мезгилде бериш керек. Табыштамаларды Долбоордун адиси Азамат Мамытовго төмөнкү дарек боюнча берүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек ш., Шевченко көч., 114, III кабат, Тел. (0312) 97-65-30 (31, 32), (770) 771114. Факс: 97-65-29 же эл. дарекке кат жазыңыз: AMamytov@dpi.kg 

Конкурска катышуунун тартиби

15-30-апрель айынын аралыгында Конкурстун маалымат аянтчасы болгон ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында (www.myktyaimak.gov.kg) сынакка катышууга табыштамаларды толтуруу, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча онлайн семинарлар өтөт.

Семинарларды уюштуруучулар – Долбоордун колдоосу менен ЖӨБ Союзу.

Семинарлардын ырааттамасы жөнүндө маалымат күн мурунтадан жарыяланат жана ошондой эле ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында жайгаштырылат: http://myktyaimak.gov.kg/trainings Порталдагы жаңылыктар менен таанышып туруңуз: www.myktyaimak.gov.kg

 

Окшош материалы: