Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

COVID-19 пандемиясы коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөбөй коюуга себеп болобу? Эгерде жарандар көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөбөсө, анда тейлөө кызматтары кантип ишин улантышат?

2021-04-30 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
COVID-19 пандемиясы коммуналдык   кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөбөй коюуга себеп болобу? Эгерде жарандар көрсөтүлгөн кызматтар үчүн   акы төлөбөсө, анда тейлөө кызматтары   кантип ишин улантышат?

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын ЖӨБ органдары тарабынан жүргүзүлгөн жарандар үчүн маалыматтык өнөктүктөрүнүн жыйынтыктарына сереп

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгаргандан кийин “өлкө экономикасы акыркы 25 жылдын ичиндеги эң терең рецессияны баштан кечирип жаткандыгы” айдан ачык болуп калды. Пандемиядан улам келип чыккан кризистин узак мөөнөттүү кесепеттери жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүү секторуна дагы терс таасирин тийгизди. Төлөмдөрдү чогултуунун бир кыйла кыскаруусу жана негизги кызмат көрсөтүүчүлөрдүн иш түйшүгүнүн көбөйүшү алардын каржылык туруктуулугун коркунучка кептеди. 

Максаттуу муниципалитеттерде кызмат көрсөтүүчүлөрдүн банкрот болушуна жол бербөө үчүн Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (мындан ары – ЖДККЖ Долбоору) Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 26 муниципалитетине материалдык жана дем берүүчү жардам көрсөтүү үчүн кризиске каршы план иштеп чыккан. Материалдык жардам көрсөтүү менен катар, бул планга кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ролу жана мааниси жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле көрсөтүлгөн кызмат үчүн өз убагында төлөө үчүн жарандык жоопкерчиликти жогорулатуу максатында жергиликтүү калк арасында маалыматтык өнөктүк кошулду.

Демилге эки негизги фазадан турду. Биринчи этапта катышуучу-муниципалитеттер өз калкынын арасында маалымат өнөктүктөрүн уюштурушу керек болчу. Бул үчүн ар бир муниципалитетке 45 000 сомдон акча бөлүнүп берилген, анын 10 000 сому маалыматтык материалдарды даярдоого жана аларды үч айдын ичинде (2020-жылдын июлунан сентябрына чейин) жигердүү түрдө жайылтууга бөлүнгөн. Материалдарда ошондой эле төлөмдөрдү жигердүү чогултуу үчүн жергиликтүү тургундар арасында сынак жарыяланган. Калган сумма (35 000 сом) эң жигердүү төлөөчүлөргө  сыйлык катары бөлүнгөн. Конкурстун шарттарына ылайык, утуп алынган сыйлыктар белгилүү бир калктуу конуш же жеңүүчү муниципалитеттин көчөсү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерин жакшыртуу максатында жумшалууга тийиш. Ар бир муниципалитетте түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү конкурстун жүрүшүн байкап турушту. Комиссиялардын курамына ошондой эле аялдар, жаштар өкүлдөрү жана жергиликтүү жарандык активисттер кирди.

Экинчи этапта ЖДККЖ Долбоору муниципалитеттердин ишин көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык баалап, алардын мыктыларына кошумча сыйлыктарды тапшырды. Эки облустун жети муниципалитети конкурстун жеңүүчүлөрү болушту, калган катышуучулар, ошондой эле кызмат көрсөтүүчүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Жеңүүчү муниципалитеттерге бөлүнгөн сыйлыктардын жалпы суммасы 1 494 000 сомду түздү, аны тапшыруу аземи 2020-жылдын декабрь айында өттү.

  • 1-орун: Бешик-Жон АӨ, Теплоключенка АӨ;
  • 2- орун: Достук АӨ, Б. Мамбетов АӨ;
  • 3-орун: Масы АӨ, Токтогул ш. мэриясы, Оргочор АӨ.

Өнөктүк үчүн көптөгөн муниципалитеттер кызмат көрсөтүүчүлөр, алардын иши жана акыны өз убагында төлөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтарды камтыган баракчаларды, баннерлерди жана брошюраларды колдонушту. Бир нече муниципалитеттер кызмат көрсөтүүнү улантуунун маанилүүлүгүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү менен байланыштырып, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн оорунун андан ары жайылышына жол бербөөдө кошкон салымын белгилешти. Бир катар маалыматтык материалдарда ар кандай турмуш-тиричилик калдыктарынын сүрөттөрү тартылган, бул таштандынын чирүү убактысы көрсөтүлгөн, ошону менен тургундардын көңүлүн айылдагы экологиялык жана эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына бурушкан. Долбоордун өкүлдөрү айрыкча вируска каршы профилактикалык чараларды гана эмес, ошондой эле жаштарды тобокелдик тобуна кирген адамдарга жардам берүүгө үндөгөн (мисалы, карыларга квитанцияны төлөп берүүгө же керектүү азык-түлүктү сатып алууга чакырган) буклеттерди да өзгөчө белгилешти. Мындай маалыматтын мазмуну муниципалитеттер көргөн чараларга гендердик жана социалдык сезимтал аспектилерин киргизүү катары бааланган. Суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүлөрүн камсыздоо кызматтарын жакшыртканга ЧЕЙИН жана АНДАН КИЙИН муниципалитеттердин турмуш шартын чагылдырган маалыматтык материалдар белгиленди. Бул материалдарда кызмат көрсөтүүнүн пандемияда бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке гигиенасын сактоо үчүн мааниси баса белгиленген.

Айрым муниципалитеттер кызмат көрсөтүүчүлөр менен тыгыз кызматташтыкта түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алсак, таштанды чогултуучу машинелер атайын үн күчөткүчтөр менен жабдылып, алардын жардамы менен айдоочулар калкка төлөмдөрдү өз убагында төлөөнүн маанилүүлүгү жана айылдар же көчөлөр ортосунда өткөрүлүп жаткан конкурс жөнүндө маалымат беришкен.

Бир катар муниципалитеттер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чыгармачыл мамиле жасап, элди кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны өз убагында төлөөгө үндөгөн кыска видеотасмаларды тартышты. Видеолор социалдык тармактар, мессенджерлер жана жергиликтүү байланыш каналдары аркылуу таркатылды. Бул видеотасмалар көп кишиге жетип, калкты кыска убакыттын ичинде мобилизациялоого жардам берди. Ошондой эле маалыматтык өнөктүгүн ишембилик өткөрүү менен баштап, өзүнүн аймагына аяр мамиленин жана тазалыкты камсыз кылуунун маанисин иш жүзүндө көрсөткөн муниципалитет да көзгө илинди.

Көптөгөн муниципалитеттерде маалыматтык өнөктүктөр мындай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнгө чейинкиге салыштырмалуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны көбөйтүүгө жардам берди. Бул жыйынтыктар муниципалитеттерди да, кызмат көрсөтүүчүлөрдү да кубандырбай койбойт.

Конкурстун жеңүүчүлөрү жергиликтүү маанидеги маселелердин кайсынысы артыкчылыктуу экендигин жана байге каражатынын эсебинен чечилерин өздөрү аныкташты. Сыйлыктын багытын аныктоо үчүн муниципалитеттер жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү жеңүүчү болгон көчөлөрдүн жана айылдардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүштү. Ушундай жолугушуулардын жыйынтыгы менен айрым айылдардын тургундары түнкүсүн жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көчө жарыктарын жакшыртууну чечишти. Башка тургундар байгенин акчасын желим бөтөлкөлөрдү чогултуу үчүн таштанды челектерин орнотуп, айлана-чөйрөнү коргоого салым кошуу үчүн сурашкан. Жеңүүчүлөрдүн арасында жергиликтүү бийликтен айылдагы аялдамаларга отургучтарды орнотуп берүүнү сурангандар же акчалай сыйлыкка өз айылынын аймагында тазалыкты сактоо үчүн керектүү күрөктөрдү, чакаларды жана башка тиричилик буюмдарын сатып алууну каалагандар болду. Жашоочулар тандап алган чөйрөнү жакшыртуу үчүн акчалай сыйлыктар жетишсиз болгон учурда, ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттен жетишпей жаткан каражаттарды кошуп турушту.

Долбоордун колдоосу менен муниципалитеттердин жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жүргүзгөн маалыматтык өнөктүгү көзгө илинерлик оң натыйжаларды көрсөттү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн чогулушу көбөйдү, ошондой эле жарандардын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ролу жөнүндө маалымдуулугу жогорулады.

 

Окшош материалы: